22-апрелде Биринчи Май райондук сотунда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин иши боюнча сот отуруму өттү. Бул тууралуу сотто күбө катары катышкан мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев “Азаттыкка” кабарлады.
- 6-апрелде Конгантиев массалык маалымат каражаттарына маалымат берип, ошондон улам эл толкуп кеткен деп жатышат. Мен барып айттым, аны баары калп деп. Сурагымды берип чыгып келе бердим. Конгантиев 7-апрель боюнча жабырлануучу болсо башка кеп, соттоп жатканын туура эмес деп ойлойм.
Экс-министр Конгантиевге козголгон иш “кылмыш аракети жок” деген жүйө менен кыскартылып кеткени былтыр ачыкка чыккан. Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган.
2018-жылдын 12-декабрында Башкы прокуратура мурдагы ички иштер министри УКМКнын Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскартылышы боюнча чечимин жокко чыгарган. Натыйжада иш кайра жанданган.
Конгантиевге 2005-жылы 24-марттан, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери ("Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык") менен кылмыш иши козголгон.
Милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев 2008-жылдын январынан 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашууга чейин Ички иштер министрлигин жетектеген. (TSh)