Добавить новость
World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Май
2018

Новости за 21.05.2018

Azattyk.org 

"Кумарпоз күйөөдөн тажадым..."

Өткөн жумада Бишкекте иштеп жаткан 26 казино аныкталып, кылмыш иши козголду. Учурда Ички иштер министрлиги жашыруун иштеп жаткан оюн-зоок жайларын аныктоону улантып жатат.

Azattyk.org 

Казакстандан күйүүчү май алып өткөн жарандар кармалды

Кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" бекетинде үч кыргызстандык аткезчиликке байланыштуу шектүү катары кармалды. Алар «Фольксваген-пассат» жана «Форд транзит» автоунааларына кошумча орнотулган бензобактарга жана атайын идиштерге куюлган 2200 кг күйүүчү майды Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган деп шек саналууда.  Жарандар чек ара кызматкерлери тарабынан кармалып, мыйзамсыз жүгү менен кошо ИИМдин аймактык бөлүгүнө өткөрүлүп берилген. Казакстан бир нече жылдан бери... Читать дальше...

Azattyk.org 

22-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

22-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, нөшөр болот, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Күндүз өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28, Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28, Баткен облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 21...26, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5...10... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мадуро Венесуэланын президенти болуп кайра шайланды

Венесуэланын азыркы мамлекет башчысы Николас Мадуро дагы алты жылга президент болуп шайланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жекшембиде өткөн добуш берүүдө аны шайлоочулардын 68 пайызы колдогон. Мадуронун атаандашы, опппозициячы талапкер Энри Фалькон 21 пайыз добуш алган. Фалькон шайлоонун жыйынтыгы чыга электе эле аны тааныбай турганын жарыялаган. Ал добуш берүү көптөгөн мыйзам бузуу менен коштолгонун, 142 миң арыз түшкөнүн билдирүүдө.  Ал эми негизги оппозициялык партиялар шайлоого катышуудан баш тартып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте жерди трансформациялоо талабы менен митинг өтүп жатат

Өкмөт үйүнүн алдына чогулган элүүдөй киши Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы айдоо жерлерди турак-жай салыш үчүн трансформациялап берүүнү талап кылып жатышат. «Трансформация» коомдук бирикмесинин жетекчиси Бекназар Айталиевдин журналисттерге билдиргени боюнча, митингдин катышуучулары бийлик өкүлдөрү менен жолугушууну коздөп турушат. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш бул маселени өткөн жылдын аягында кароого тийиш болсо да, эмгиче каралбай келе жатат.  Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен өлкөдө айдоо аянттарына... Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткенде киши сатууга каршы кеңешме өтүп жатат

Баткенде киши сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме иш отурумун өткөрүүдө. Ага кеңешменин курамына кирген мамлекеттик ишканалар жана Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын мүчөлөрү катышууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы билдирди.  Отурумга чогулган адистер соңку эки жылда өлкөдө киши сатуу боюнча эки учур катталганы менен, мындай көрүнүш коңшулаш өлкөлөрдө күч алып келатканы коркунуч жаратып жатканын айтышты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркия: Жамилянын муңун ким угат?

Кесиби боюнча мугалим Жамиля Кубатбек кызы бир айдан бери Анталия шаарынын Акдениз университетинин ооруканасында дарыланып келет. Түркиялык догдурлар 26 жаштагы кыздын эки бөйрөгү начар иштерин аныктап, аны гемодиализге жаткырышкан. Жамилянын эмгек визасы жок болгондуктан медициналык камсыздандыруусу каралган эмес. Андыктан анын эки жылдан бери иштеп тапкан акчасы дарылануусуна жетпей жатат. Каражаттын жетишсиздигинен Жамиля Кыргызстанга барып, дарыланууну чечкен.

Azattyk.org 

Ноокенде селге агып кеткен айдоочунун сөөгү табылды

20-май күнү саат 04:00 чамасында Ноокен айыл аймагынын Ак-Жийде айылында сел «Дэу Матиз» унаасын агызып, Биринчи Сай дарыясына алып кеткен. Жергиликтүү элдин жардамы менен автоунаанын жүргүнчүсү 18 жаштагы Рустам Масудов куткарылган. Ал эми айдоочу агып кеткен. Кийинчерээк куткаруучулар анын сөөгүн табышты.  19-20-май күндөрү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда сел жүрүп, аймактагы Сары-Сыя айылынан алты үйдү каптады.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Батыровдун мүлкүнө байланыштуу “Элдик” ишканасынын жетекчисине иш козголду

Жалал-Абад шаарында жайгашкан Кадыржан Батыровдун мүлктөрүнүн сатылышына байланыштуу облустук прокуратура “Элдик” ишканасынын жетекчиси Нурлан Сулаймановго кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу укук коргоочу Анарбай Орозов “Азаттык” радиосуна билдирди. Орозовдун маалыматына ылайык, Сулайманов шаардын Москва жана Курулушчулар көчөсүндө жайгашкан Кадыржан Батыровго таандык мүлктөрдү жеке тараптарга келишим менен сатып, акчасын бюджетке түшүргөн эмес. Натыйжада мамлекетке жарым миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстан-Өзбекстан аралык "Достук" велосапары башталды

18-май күнү Ош облусунун тургуну, эмгек жана спорт ардагери Мамыт Таштанов Бишкек-Ош-Aнжиян-Кокон-Бухара-Самарканl-Жызак-Манас-Ташкент каттамы боюнча сапарга чыкты. Ал бул шаарларды велосипед менен кыдырып чыкмакчы.  Сапар Бишкектеги Ала-Тоо аянтынан башталып, Өзбекстандын борбору Ташкент шаарындагы нөлүнчү чакырым менен аяктайт. Бул тууралуу маалымдаган Маданият, маалымат жана туризм министрлиги "Достук" сапары эки өлкө ортосундагы мамилени бекемдейт деп белгилөөдө. Ошондой эле маалыматта айтылгандай... Читать дальше...

Azattyk.org 

Маршруткада комуз черткен жыгач уста

53 жаштагы Орозбек Пазылов 2002-жылы Лейлектен Бишкекке көчүп келген. Шаар четиндеги жаңы конуштардын биринде эки бөлмөлүү батирде жашайт. Жыгач уста азыр өзү сүйгөн комузду өрүк, жаңгак, кара жыгачтан чаап, сатып жаткан убагы. Базарга өзү жасаган эмгегин алып баратып сапарлаштарына ырдап берет.




Azattyk.org 

УКМК Кулматов камакка алынды деген маалыматты төгүндөдү (видео)

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов убактылуу камакка алынды деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" билдирди. - Кубанычбек Кулматов камакка алынды деген маалымат туура эмес. Кулматовго эч жакка чыкпоо боюнча баш коргоо чарасы каралган. Ошол эле калат. Баш коргоо чарасы каралгандан кийин башка чара көрүлбөсүн бардык эле юристтер билет. Кулматов "Альто Груп" ЖЧК жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүүлөргө барып... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК "Кулматов камакка алынды" деген маалыматты төгүндөдү (видео)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов убактылуу камакка алынды" деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" билдирди. - "Кубанычбек Кулматов камакка алынды" деген маалымат туура эмес. Кулматовго эч жакка чыкпоо боюнча бөгөт чарасы каралган. Ошол эле калат. Бөгөт чарасы каралгандан кийин башка чара көрүлбөсүн бардык эле юристтер билет. Кулматов "Альто Груп" ЖЧК жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүүлөргө барып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Парламент депутаттары Текебаевдин иши боюнча басма сөз жыйынын өткөрөт

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча жаңы жагдайларга соттун көңүл бурушун талап кылып, парламенттеги бир нече фракциянын өкүлдөрү 21-майда басма сөз жыйынын өткөрөт. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, мындай талап менен "Өнүгүү-Прогресс", "Республика - Ата Журт" жана "Ата Мекен" фракцияларынын өкүлдөрү, депутат Жанар Акаев чыгат: - Мурдагы соттор Өмүрбек Текебаевдин күнөөсүз экенин далилдеген бир катар жагдайларды эске албай койгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кулматов УКМКга суракка барды

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов журналисттерге сүйлөп жатып, анын үйүндөгү тинтүү эреже менен жүргөнүн, бирок өзү мындай аракетти "психологиялык басым" катары кабыл алганын айтты.

Azattyk.org 

Кулматов: Бажыдан бийликтин шартына макул болбогонум үчүн кеттим (видео)

Бүгүн Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов УКМКнын алдында "Азаттыктын" кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, Мамлекеттик бажы кызматынан кеткенин ага туура эмес шарт коюлганы менен түшүндүрдү. - Менин Бажы кызматынан кеткеним саясат менен байланыштуу болду. Себеби, акыркы төрт айда бажыга канча каражат түшкөнүн өзүңөр деле көрдүңөр да. Бирок мен бүгүнкү күнү эмне болуп жатканын түшүнбөй койдум. Мени "кызматтан кет" деп эч ким айткан жок. Болгону мага бир шарт коюшту. Мен ага макул болбой койдум. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кулматов тинтүүнү "психологиялык басым" деп сыпаттады

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов журналисттерге сүйлөп жатып, анын үйүндөгү тинтүү эреже менен жүргөнүн, бирок өзү мындай аракетти "психологиялык басым" катары кабыл алганын айтты. - Тинтүү жагымсыз көрүнүш. Бирок ал өз ирээти менен жүргүзүлдү. Менин үйүмөн эч нерсе табышкан жок. Үйдө балам, аялым бар болчу. Кошуналарды чакырышты. Муну мен психологиялык кысым деп кабыл алдым. Мени бир эле иш боюнча суракка алышууда. Бирок мага тагылган айып күлкүлүү себеби айып таккан соң, кандай зыян келтирилгенин кошо айтуу керек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кулматов тинтүүнү "психологиялык басым" деп сыпаттады (видео)

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов журналисттер менен сүйлөшүп жатып, анын үйүндөгү тинтүү эреже менен жүргөнүн, бирок өзү мындай аракетти "психологиялык басым" катары кабыл алганын айтты. - Тинтүү жагымсыз көрүнүш. Бирок ал өз ирети менен жүргүзүлдү. Менин үйүмдөн эч нерсе табышкан жок. Үйдө балам, аялым бар болчу. Кошуналарды чакырышты. Муну мен психологиялык кысым деп кабыл алдым. Мени бир эле иш боюнча суракка алышууда. Бирок мага тагылган айып күлкүлүү. Себеби айып таккан соң, кандай зыян келтирилгенин кошо айтыш керек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ошто диний ишмер радикализмге байланыштуу соттолду

2018-жылдын 4-май күнү Араван райондук соту 57 жаштагы жаранды Кылмыш-жаза кодексинин 299-2-беренесинин 1-бөлүгү ("Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, таратуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террорчулук уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап пайдалануу, анын ичинде көрсөтүү") боюнча айыптап, үч жылга эркинен ажыратты. Бирок Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесинин 1-бөлүгү ("Жалданмачыны террорчулук же экстремисттик кылмыштарды кылуу шыктарын жана жөндөмдөрүн берип даярдоо... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кулматов коррупцияга айыпталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айып такты.

Azattyk.org 

Кулматов коррупцияга айыпталды (видео)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айып такты.

Azattyk.org 

Эрдоган Сараеводо митинг өткөрдү

Жекшембиде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Босния-Герцеговинанын борбору Сараеводо митинг өткөрдү. Буга чейин бир катар европалык өлкөлөр андай иш-чараларга өз аймактарында уруксат бербей койгон.

Azattyk.org 

УКМК Кубанычбек Кулматовго айып такты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айып такты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган учурда “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорунун алкагында Кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан берилген 2 млн. АКШ доллар грантты мыйзамсыз иштеткени аныкталган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия Кыргызстанда өстүрүлгөн 61 тонна азык-түлүктү кайра кайтарды

Россельхознадзор мекемесинин Оренбург облусу боюнча башкармалыгы Кыргызстан менен Казакстандан бараткан 90 тоннадан ашык азык-түлүк, жашылча-жемиштерди Орусияга киргизүүгө уруксат берген жок. Мекеме тараткан маалыматта “Маштаково” көзөмөл бекетинде кармалган өндүрүм фитосанитардык жактан жогорку деңгээлдеги коркунучка ээ экени айтылат. Кыргызстандан бараткан 61 тонна азык-түлүктүн ичинде 19,3 тонна гилас, 0,55 тонна бадыраң, 21,42 тонна жемиш кагы, 20,5 тонна сабиз бар экени айтылат. Мындан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Коомдук уюм экс-президентти башка доолорунан баш тартууга чакырды

Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитети экс-президент Алмазбек Атамбаевдин журналисттер Нарын Айып менен Дина Масловага жана укук коргоочу Чолпон Жакуповага болгон материалдык доосунан баш тартуу аракетин кубаттады. Уюм президент Сооронбай Жээнбеков бир ай мурда журналист Кабай Карабековго каршы материалдык доосунан баш тартканын эске салып, бул Атамбаевге үлгү болгонун белгилейт.   Комитет ошондой эле экс-президентти журналист Дайыр Орунбековго карата 2 млн. сомдук жана адвокаттар Таалайгүл... Читать дальше...


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus