Ооганстанда болгон жер титирөө Кыргызстанда да сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов: -Кыргызстанда жер титирөө чек арага жакын жайгашкан аймактарда: Алай, Чоң-Алайда 4 баллга, башка аймактарда 3 баллга чейин сезилди. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян тийген учур катталган жок. Ооганстандын түндүгүндө кечээ кечинде күчү 7 баллдан ашкан жер титирөө болду. Жердин силкиниши Тажикстанда жана Пакистанда да сезилди. Читать дальше...
Бишкек Жылуулук борборундагы кырсык жана аны оңдоого алынган каражатты иликтеген депутаттык комиссия корутундусун чыгарды. Анда Кытайдан алынган насыя боюнча документтерге кол койду делген бир катар жетекчилерге укуктук баа берүү сунушталды. Бирок мындай чечимге мурдагы жетекчилер нааразылыгын билдирүүдө. Үч айдан ашык иштеген депутаттык комиссиянын иликтөөсү канчалык калыс болду? Мурдагы жетекчилерди нааразы кылган жагдайлар кайсылар? Депутаттык комиссиянын корутундусу Жылуулук борборуна байланыштуу... Читать дальше...
Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун иликтеген депутаттык комиссия Кытайдын ТВЕА компаниясы менен сүйлөшүү жүргүзгөн, макулдашууну даярдоого жана чечимдерди кабыл алууга катышкан кызмат адамдарынын тизмесин түздү.
45 тысяч бишкекчан сегодня, 9 мая, приняли участие в шествии «Бессмертного полка» в столице Кыргызстана. Традиционный марш стартовал в парке имени Даира Асанова и закончился на площади Победы. Длина маршрута составила 6,6 километра. В шествии приняли участие десятки тысяч человек, процессия растянулась примерно на 3-4 км. Все участники шествия шли под песни военных лет — […]
АКШнын Геология кызматы шаршембиде болгон жер титирөөнүн күчү 5,7 баллга жеткенин билдирди. Зилзаланын очогу Гиндикуш тоолорунда Хорог шаарынан 53 чакырым жердеги Ооганстандын аймагында катталды. Баш калаа Дүйшөмбү шаарында да жер титирөөнүн толкуну бир мүнөтчө сезилип, тургундар үйлөрүнөн сыртка чыга качууга үлгүрүшкөнүн “Азаттыктын” тажик кызматы кабарлады. Жердин силкинүүсү Согди жана Хатлон облустарында да сезилди. Жабыркагандар жана кандайдыр зыян болгону тууралуу маалымат жок.
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун аякташынын 73 жылдыгы белгиленди.
Иран, Орусия жана Европа мамлекеттери АКШ президенти Дональд Трамптын чечимине карабай Тегеран менен түзүлгөн өзөктүк келишимди сактап калуу аракетин көрүшөт. Орусия жана мурдагы СССРдин башка бир катар өлкөлөрүндө бүгүн Жеңиш күнү белгиленип жатат. Франциянын түштүгүндөгү Канн шаарында 71-кинофестивал ишин баштады.
АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореяда сапарда жүргөн мамлекеттик катчы Майк Помпео Пхеньян туткундаган үч америкалык жаранды алып келатканын билдирди. “Мамлекеттик катчы Майк Помпео Түндүк Кореядан баарыбыз күтүп жаткан үч мыкты жигитти алып учуп келатканын кубаныч менен кабарлайм. Алардын саламаттыгы жакшы” - деп жазды "Твиттер" баракчасына. Помпео Пхеньянга АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жогорку даражадагы жолугушуусуна даярдык көрүш үчүн барган. Читать дальше...
Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында согуш күйгөн аймактардан адамдарды эвакуациялаган Борбор Азия республикаларынын арасында Кыргызстан да бар болчу. Согуш жылдары Кыргызстанга көчүрүлгөн улуттардын арасында жөөт үй-бүлөлөр да аз болгон эмес. Алардын далайы Кыргызстанды жердеп, өз мекенине айландырып калышты.
Бишкектеги Эне-баланы коргоо борборунда үч эм төрөлдү. Борбордун башчысы Камчыбек Узакбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, эки кыз, бир уулду жарык дүйнөгө алып келген 45 жаштагы Чынара Исманованын жана балдардын абалы жакшы. Ымыркайлардын бири, эркек баласы дарыланууда. 4-майда жарык дүйнөгө келген ымыркайлардын салмагы 2 кг 160 грамм, 2 кг 380 грамм жана 2,5 килограмм. Үч эм Чынаранын экинчи төрөтү. Улуу кызы 24 жашта. (КЕ)
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын астындагы "Эл ырчысы Эстебес" тобу жакында Кыргызстандын баардык аймактарын кыдырып концерт беришет. Гастрол алдында салттуу музыканы даңазалаган бул топ "Азаттыктын" студиясына келип жаңы репетуары менен тааныштырып, обон созуп беришти.
1942-жылы согуш майданында дайынсыз жоголгон Ноокен районунун тургуну Мамадали Ахунбаевдин сөөгү 73 жылдан кийин Германиянын Саксония аймагындагы мүрзөдөн табылды. Анын туугандары Интернет аркылуу маалымат алып, былтыр совет жоокерлери жаткан мемориалдык комплекске барып келишти.
Түркмөнстандын газын Кыргызстандын аймагы аркылуу Кытайга жеткирүүнү көздөгөн долбоордун мөөнөтү боюнча протоколго өзгөртүү киргизилип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөткө караштуу Энергетика, өнөр жай жана жер казынасы боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбеков билдирди. Жаңы протоколго ылайык¸ Кыргызстандын аймагында газ куурун салуу 2019-жылы башталып, 2022-жылы бүткөрүлөт. - Протоколго долбоорду куруу жана ишке ашыруу мөөнөтү боюнча өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Мурунку... Читать дальше...
Тажикстан менен чек арадагы Кулунду айылында футбол ойногон аялдардын тобу пайда болду. Үй кожойкелери жана кызматта иштеген кыз-келиндер чогула калып топ тепмейди салтка айландырып алган экен. Алар түйшүккө, ар кандай турмуштук кыйынчылыктарга тушалган кыз-келиндерди үйдөн чыгарып, маанайын көтөрүү, аз убакытка болсо да көйгөлөрүн унуттуруп, алаксытуу максатын көздөшөт.
Кыргызстанда 10-майда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 23...28; Таласта түнкүсүн 3...8, күндүз 21...26; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30; Баткенде түнкүсүн 9...14, күндүз 26...31; Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20; Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 16...21 градус ысык болот. Читать дальше...
Мамлекеттик катчы Майк Помпео Корей жарым аралына тынчтык орнотуш үчүн Кошмо Штаттар Түндүк Корея менен бирге иштешүүгө кызыгаарын айтты. Вашингтондун өкүлү бул тууралуу 9-майда Пхеньянда түндүк кореялык жетекчилер менен сүйлөшүп жатып билдирди. Помпео Пхеньянга АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жогорку даражадагы жолугушуусуна даярдык көрүш үчүн барган. Вашингтон администрациясынын өкүлдөрүнүн айтымында, мамкатчы Пхеньянда камакта жаткан үч америкалык... Читать дальше...
Иран АКШнын президенти Дональд Трамптын 2015-жылкы эл аралык макулдашуудан бир тараптуу чыгаарын жарыялаган чечимин “кыжырдануу менен” кабыл алды. Шаршембиде Ирандын мыйзам чыгаруучулары парламентте Кошмо Штаттардын желеги тартылган кагазды өрттөп, “Америкага өлүм!” деп кыйкырышты. Парламенттин төрагасы Али Ларижани макулдашууну сактап калуу Евробиримдиктин жана башка дүйнөлүк державалардын колунда экенин айтты. “Трамптын макулдашуудан чыкканы дилпоматиялык оюн болду. Мындай кырдаалда Иран өз милдеттенмелерин аткарбайт” ... Читать дальше...
Анна Кутанова - Ленинграддагы курчоодон аман калып, кийинки өмүрүн Кыргызстанда өткөргөн ардагер. Фашисттердин блокадасында калган шаардагы азаптуу күндөрдү башынан өткөргөн байбиче кан майданда калган жаштыгын эскерет.
Жер-жерлерде бүгүн Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы белгиленди. Бишкектеги Жеңиш аянтындагы митинг-реквиемге президент Сооронбай Жээнбеков баштаган өлкө жетекчилери катышты. Салтка айланып бараткан “Өлбөс полк” акциясы да өттү.
Ирактын Борбордук көз каранды эмес шайлоо комиссиясы 12-майдагы шайлоого даярдыктарды аяктап калды. Бул күнү добуш берүүгө укуктуу 24 миллиондой жаран жаңы парламентти шайлайт. Комиссиянын төрагасы Сафаа ал-Жабери билдиргендей, шайлоо бекеттеринде иштей турган кишилер атайын даярдыктан өтүп, жаңы шайлоо системасы менен таанышты. 2003-жылы Саддам Хуссейндин режими кулагандан кийин Ирак ушуну менен төртүнчү жолу шайлоо өткөрүп жатат. 37 миллион калктын ичинен эки жарым миллионго чукул киши "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунан качып... Читать дальше...
АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн келишимден чыкканына карабастан, Иран, Орусия жана Европа мамлекеттери аны сактап кала турганын билдирүүдө. Дональд Трамп АКШ өзөктүк келишимден чыгаарын, андан тышкары Иранга каршы катаал экономикалык санкцияларды кайрадан киргизерин 8-майда Вашингтондо жарыялаган.
Ооганстандын борбор шаарынын батышындагы полициянын баш кеңсесинде болгон жардыруудан кийин ок атылганын полициянын басма сөз катчысы Хашмат Станекзай билдирди. Ал дагы бир жардыруу башка полиция бекетинин жанында болгонун ырастады. Бирок канча киши жабыркаганын айткан жок. “Талибан” кыймылы менен “Ислам мамлекетти” террор тобу кийинки айларда Кабулда бир нече жолу кол салуу уюштурду. 30-апрелде Кабулда болгон эки жардыруу 25 кишинин өмүрүн алып кетти. Арасында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун ооган редакциясынын эки журналисти бар. Читать дальше...
Бишкекте салтка айланып бараткан “Өлбөс полк” акциясы өттү. Сүрөттөрдү Бектур Стамкулов тартты.
9-май - Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында өткөн көкбөрү турниринин финалында Оштун "Достук" командасы Таластын "Ынтымак" командасын утуп, жеңүүчү болду. Таймаштын биринчи айлампасында достуктун оюнчулары эки жолу улакты атаандаштарынын тайказанына салып, алдыга чыккан. Экинчи бөлүктө Оштун улакчылары дагы бир улак таштоого үлгүрдү. Үчүнчү айлампада "Ынтымак" командасынын оюнчулары эки улак салганга жетишти. Жыйынтыгында 3:2 эсебинде “Достук” командасынын оюнчулары жеңишке жетти. Оштун “Достук”... Читать дальше...