Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ошто диний ишмер радикализмге байланыштуу соттолду

2018-жылдын 4-май күнү Араван райондук соту 57 жаштагы жаранды Кылмыш-жаза кодексинин 299-2-беренесинин 1-бөлүгү ("Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, таратуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террорчулук уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап пайдалануу, анын ичинде көрсөтүү") боюнча айыптап, үч жылга эркинен ажыратты.


Бирок Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесинин 1-бөлүгү ("Жалданмачыны террорчулук же экстремисттик кылмыштарды кылуу шыктарын жана жөндөмдөрүн берип даярдоо, жалдоо, үйрөтүү, каржылоо же материалдык жагынан башкача камсыздоо, ошого тете аны куралдуу кагылышта же согуштук аракеттерде пайдалануу) боюнча айыптар далилденбегендиктен, С.С. жана аны менен кошо шек саналып жаткан М.М. аттуу жаран акталган. 


Бул тууралуу Ош облустук сотунун кеңсе кызматкери Бекзат Осмонкулов "Азаттыкка" маалымдады. Анын берген маалыматы боюнча, алар 2012-2017-жылдар аралыгында Ноокатта уландарды радикализмге тартып, Сириядагы согушка барууга үгүттөгөнү аныкталган. Алардын бири Араван райондук мечитинин имамы, экинчиси казысы болгон.


Соттук маалыматтар боюнча, С.С. аттуу жаран жергиликтүү бир тургунга Сирияга баруунун жол-жобосун үйрөтүп, Орусияга чейинки жол кире үчүн беш миң сом берген. Москвага баргандан кийин ал Сирияга баруу тууралуу оюнан айнып, мекенине кайтып келген.


Араван райондук сотунун чечимине нааразы болгон тараптар жогорку сот инстанциясына арызданышкан. Эми иш Ош облустук сотунун коллегиясында каралат. (MdN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus