Бишкекте жерди трансформациялоо талабы менен митинг өтүп жатат
Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен өлкөдө айдоо аянттарына турак жай салууга уруксат берүүгө мораторий киргизилген. Буга Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарлардын чет-жакаларындагы райондордун айдоо жерлери турак-жай салыш үчүн мыйзамсыз берилип кеткени себеп болгону айтылган.
Башкы прокуратура былтыр жер мыйзамдарын бузууга байланыштуу 87 кылмыш ишин козгоп, жалпы аянты 629 гектар 156 жер тилкеси мамлекетке кайтарылган.
Кыргызстанда айрыкча Чүй облусунда турак жай салыш үчүн тилкелерди жең ичинен бөлүштүрүүнүн кесепетинен чыккан жер талаштын аягы азыркыга чейин басылбай келатат. (ZKo)