Батыровдун мүлкүнө байланыштуу “Элдик” ишканасынын жетекчисине иш козголду
Орозовдун маалыматына ылайык, Сулайманов шаардын Москва жана Курулушчулар көчөсүндө жайгашкан Кадыржан Батыровго таандык мүлктөрдү жеке тараптарга келишим менен сатып, акчасын бюджетке түшүргөн эмес. Натыйжада мамлекетке жарым миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 171 жана (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) 304 (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.
Бул маалыматты Жалал-Абад облустук прокуратурасы да ырастап, ишти УКМКнын облустук башкармалыгы териштирип жатканын билдирди.
Кадыржан Батыров 2010-жылы июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, сыртынан өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Андан соң 2011-жылы бардык мүлкү соттун чечими менен конфискация болгон. Анын негизинде Батыровго жана жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объект камакка алынып, кийин соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн. Андан соң Мамлекеттик мүлк фондунун алдында “Элдик” ишканасы уюштурулуп, мүлктөрдү башкаруу ошол ишканага берилген. (RsK)