Ички иштер министрлиги саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чыңгыз Айдарбековдун ишине байланыштуу эми расмий маалымат берди. Ага “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып тагып, өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. 14-мартта Айдарбековдун үйү тинтүүгө алынган. Ал коюлган айыптарды четке кагууда. Саясатчы 21-шайлоо округу боюнча ага мандат берилбей жатканын айтып келе жаткан. Айдарбековдун ишинде саясий мотив канчалык?