Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кулматов тинтүүнү "психологиялык басым" деп сыпаттады

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов журналисттерге сүйлөп жатып, анын үйүндөгү тинтүү эреже менен жүргөнүн, бирок өзү мындай аракетти "психологиялык басым" катары кабыл алганын айтты.


- Тинтүү жагымсыз көрүнүш. Бирок ал өз ирээти менен жүргүзүлдү. Менин үйүмөн эч нерсе табышкан жок. Үйдө балам, аялым бар болчу. Кошуналарды чакырышты. Муну мен психологиялык кысым деп кабыл алдым. Мени бир эле иш боюнча суракка алышууда. Бирок мага тагылган айып күлкүлүү себеби айып таккан соң, кандай зыян келтирилгенин кошо айтуу керек. Козголгон кылмыш иштин саясий өңүтү бар. TBEA мектепти өзү курган. Биз, мэрия, болгону ал мектепке коммуникация алып кирип бергенбиз, - деди Кубанычбек Кулматов.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айып такты. 


Билдирүүдө айтылгандай, Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган учурда “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорунун алкагында Кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан берилген 2 млн. АКШ доллар грантты мыйзамсыз иштеткени аныкталган. Ал Калыс-Ордо конушунда мектеп куруу шылтоосу менен көрсөтүлгөн акча каражатын өкмөттүн кароосунан мэриянын кароосуна өткөрүп алган.


Андан кийин Кубанычбек Кулматов “Альто Групп” ЖЧКсы менен сынактан сырткары келишим түзүп, анын жетекчиси менен жең ичинен сүйлөшүп, Кытай компаниясынын 1 млн. АКШ долларын аталган менчик фирманын эсебине түз котортуп койгон. Мындан сырткары Бишкек шаарынын бюджетинен Калыс-Ордо айылындагы мектептин курулушун бүткөрүү үчүн деп кошумча 100 млн. сом бөлдүргөн.


Кубанычбек Кулматовдун үйүндө 20-майда тинтүү жүргүзүлгөн. (EBM/KR)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus