Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Баткенде киши сатууга каршы кеңешме өтүп жатат

Баткенде киши сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме иш отурумун өткөрүүдө. Ага кеңешменин курамына кирген мамлекеттик ишканалар жана Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын мүчөлөрү катышууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы билдирди. 


Отурумга чогулган адистер соңку эки жылда өлкөдө киши сатуу боюнча эки учур катталганы менен, мындай көрүнүш коңшулаш өлкөлөрдө күч алып келатканы коркунуч жаратып жатканын айтышты. Алар киши сатуунун алдын алыш үчүн кошуна мамлекеттер менен да иш алып баруу керек экенин баса белгилешти. Статистика кулчулукка кабылууга ички жана сырткы миграция түрткү болгонун аныктаган. Андыктан жыйында айтылгандай, терс көрүнүштүн алдын алуу аракеттерин күчөтүү зарылчылыгы турат. Баткен облусунда быйылкы жыл башынан бери кимдир-бирөө киши сатууга же кулчулукка кабылган фактылар каттала элек. 


Киши сатууга каршы иш алып баруу боюнча координациялык кеңешме өлкө боюнча Баткен облусунда алгачкылардан болуп уюшулуп, бул маселеге байланыштуу утур-утур отурумдарды, иш-чараларды өткөрүп турат. Кеңешмеге аймактагы күч түзүмдөрүнүн, жергиликтүү бийликтин, эл аралык уюмдардын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү кирет. (JsA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus