Кыргызстан-Өзбекстан аралык "Достук" велосапары башталды
Сапар Бишкектеги Ала-Тоо аянтынан башталып, Өзбекстандын борбору Ташкент шаарындагы нөлүнчү чакырым менен аяктайт. Бул тууралуу маалымдаган Маданият, маалымат жана туризм министрлиги "Достук" сапары эки өлкө ортосундагы мамилени бекемдейт деп белгилөөдө. Ошондой эле маалыматта айтылгандай, бул велосапар Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына да арналган.
Эки өлкөнүн акыркы он жылдан берки сууп кеткен мамилеси Өзбекстандын башына президент Шавкат Мирзиёев келгенден кийин, жанданган. Өткөн жылы сентябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекети ачылып, эки элдин кирип-чыгуусуна кеңири мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кийинчерээк Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы бир катар чек ара бекеттери да ачылып, жөө адамдардын өтүүсү жеңилдетилген.
Үстүбүздөгү жылдын март айынан тарта, Ташкент-Бишкек-Балыкчы каттамындагы поезд, май айынан тарта Ташкент-Бишкек каттамындагы автобус жүрө баштаган.(ZKo)