Коронавирус коркунучуна байланыштуу Жогорку Кеңеш жана президенттин иш кеңсеси жайгашкан имаратка сырттан келгендерди киргизүү убактылуу токтотулду.
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 11-мартта Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Лейлек районун кыдырды. Президент жергиликтүү тургундар менен жолугушууда чек ара маселелери жергиликтүү элдин пикирлерин эске алуу менен чечилүүгө тийиштигин айтты: "Лейлек жергесинин кыргыз мамлекеттинин тарыхында жана азыркы турмушунда өзгөчө орду бар. Гео-саясий жактан да орду маанилүү. Лейлек - Кыргызстандын дарбазасы. Өлкөбүз мына ушул жерден башталат. Аймак өзгөчө оор шарты менен менин көңүлүмдө турат". Читать дальше...
Улуттук банк валюталык рыноктогу жагдай тууралуу билдирүү жасап, коомчулукту дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Башкы каржы көзөмөл мекемеси суроо-талапка ылайык долларга 73 сомдук курс койгонун жарыялап, чет элдик валюта ушул чекте турарын кабарлады. Бирок доллардын кымбатташы калкты санаага салды.
Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова АКШ өкмөтүнүн жугуштуу оорудан сактануу каражаттарын кабыл алуу иш-чарасынан соң, "Азаттыкка" билдирди. Вице-премьер-министрдин маалыматына караганда, эпидемиологиялык кырдаал курчуп турган өлкөлөрдөн келип, бирок анысын жашырып кирип кеткен жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат: "Туура эмес маалымат берип, Италиядан Орусия же Казакстан аркылуу келип, бирок анысын жашырып, ички паспорт менен өлкөгө кирип кеткен жарандар катталган. Андай... Читать дальше...
Кыргызстанда шайлоодогу мыйзам бузуу үчүн жазаны күчөткөн документ парламентте карала баштады. Анда баш-аягы төрт кодекске өзгөртүү киргизүү сунуш кылынууда.
Жапон өкмөтү Кыргызстанга эки ири долбоорду ишке ашырууга сегиз миллион доллар бөлмөй болду. Бул тууралуу макулдашууларга 11-мартта Бишкекте кол коюлду. Төрт миллиону өлкөдөгү шайлоо системасын жакшыртууга, калган төрт миллиону өзгөчө кырдаалдар шартында жана климаттын өзгөрүү коркунучтарында балдардын абалынын туруктуулугун бекемдөөгө багытталат. Биринчисин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасы, экинчиси ушул эле уюмдун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) ишке ашырат. Өнүктүрүү программасынын... Читать дальше...
Коронавирус көп катталган Кытайдан, Түштүк Кореядан, Ирандан, Италиядан жана Жапониядан келгенин жашырып чек арадан ID-карта менен өткөн жарандар Кылмыш кодексинин 280-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова айтты.
Орусияда парламенттин жогорку палатасы - Федерация Кеңеши 11-мартта "Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун жактырды. Документти 160 депутат колдоп, бирөө каршы чыкты. Дагы үч депутат добуш берген жок. Мунун алдында Мамлекеттик Дума мыйзам долбоорун үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алган. Документти 383 депутат колдоп, ал эми 43ү бир өңчөй пикирин билдирген эмес. Баш мыйзамга эми мындан ары кудай жөнүндө жана үй-бүлө эркек-менен аялдан куралары жазылат. Ошондой эле... Читать дальше...
«Кыргызстанда муун аралык жана гендердик чектер алкагында коомчулуктун гендердик зомбулукка каршы күрөшү» долбоору Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдар түзүмү тарабынан ишке ашып жатат.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергөөчүлөрү Кой-Таш окуясы боюнча ишти тергөөдөн баш тартпаганын билдирди. Соттолуучулардын бири Фарид Ниязовдун айыптоосуна жооп берген министрлик эч ким баш тартпаганын, иш тергелип бүтүп, материалдар сотко жөнөтүлгөнүн маалымдады. «Башкы прокуратуранын токтому менен 2019-жылдын 8-августунда ИИМдин Тергөө кызматынын, Аскер прокуратурасынын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын жана Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик... Читать дальше...
83 жаштагы Кадыр карыя Жалал-Абад-Сузак каттамында такси айдайт. Учурунда Сузактын Достук айылында тракторист болуп көп жыл эмгектенген карыя үйдө бекер отургусу келбейт. Ал бир чети иш менен өзүн алаксытса, экинчи жагынан анча-мынча тапканы менен неберелеринин көнүлүн алат.
Бул өнөрдү көрсөткөндөрдү жергиликтүүлөр дарбоз деп аташат. Ушул тапта эл ичиндеги өнөрүн болсо өргө чап деген таланттар акча тапканды да өздөштүргөн. Дарбоздорду көбүнчө базарлардан же эл чогулган жайлардан жолуктурса болот.
Ысык-Көл районунун 51 жаштагы тургуну 12 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деген шек менен эки айга камакка алынды. Бул ишти Ысык-Көл райондук милициясы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, Жазык кодексинин 39-161-беренесинин негизинде ("Зордуктоого аракет кылуу") сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов билдирди: “Тийиштүү экспертизалар дайындалды, анын жыйынтыгы азырынча чыга элек. Читать дальше...
Лондон сотунда британ баш калаасында камакка коюлган үч мүлктүн ээлеринин бири Казакстандын Сенатынын спикери, туңгуч президенттин кызы Дарига Назарбаева экени айтылды. Турак жайлардын жалпы баасы 100 миллион доллардан ашат. Бул тууралуу 10-марттагы соттон киийн британ маалымат каражаттары жазып чыгышты. Кымбат үй-жайдын дагы бир ээси анын уулу Нурали Алиев деп табылды. Буга чейин BBС камакка коюлган турак жайлардын биринде Дариганын уулу жана экс-президент Нурсултан Назарбаевдин небереси Нурали Алиев жашай турганын кабарлаган. Читать дальше...
Пакистандын борбору Исламабадга жакын жерде 11-мартта Аскер-аба күчтөрүнүн F-16 үлгүсүндөгү согуш учагы кыйрады. Кырсыкта учкуч мерт болду. Бул учак 23-марттагы Пакистандын эгемендигине карата майрамга даярдыкка катышып жаткан. Аскерлер менен полиция окуя болгон жерди курчоого алды. Аскер-аба күчтөрү иликтөө башталганын билдирди. Кырсык тартылып калган видео тасмалардан башкаруудан чыгып кеткен учак тумшугу менен жерге сайылганын көрүүгө болот. Ушул жылдын башында Пакистандын Пенжаб провинциясындагы... Читать дальше...
АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Дүйнөлүк банк коронавирустан коргонуу үчүн Кыргызстанга атайын медициналык каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардам тапшырды. 10 миң хирургиялык беткап, 10 миң колкап, 1,4 миң халат, 200 коргонуучу көз айнек жана FFP2 тибиндеги 200 беткап медициналык мекемелерге жана чек арадагы санитардык текшерүү бекеттерине таратылып берилет. Коргонуу каражаттарын Санитардык-эпидемиологиялык кызмат бөлүштүрөт. Буга чейин Кошмо Штаттардын өкмөтү эпидемияны... Читать дальше...
Прокуратура Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу соттолгондордун жазасын күчөтүүнү суранып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» 11-мартта мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Анын айтымында, Исаковдун мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу өтүнүч келтирилди. «Кээ бирлеринин жазасын күчөтүүнү, ал эми Сапар Исаковдун мүлкүн конфискация кылууну өтүнүп жатышат. Бирок анын андай мүлкү жок. Эмнесин конфискация кылат?» - деп сурады адвокат. Читать дальше...
Кытай бийлиги коронавируска каршы күрөшкө байланыштуу Италияга гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин белгилүү болду. Европа өлкөлөрүнүн ичинен Италияда оору тез жайылып жатат. Коронавирус жугузуп алгандардын саны тогуз миң адамдан ашты жана 400дөй киши ажал тапты. Бүтүндөй өлкөдө карантин жарыяланды. Карантинден улам Молдовада, Чехияда, Словакияда жана Грекияда мектептер, окуу жайлары жабылып жатат. Орусиянын Москва... Читать дальше...
Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолуп жаткан Фарид Ниязов «Альфанын» офицеринин өлүмү жана башка жоокерлеринин ур-токмокто калышы үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаев жооптуу деп эсептейт. Ниязов 11-мартта ушундай билдирүү жарыялап, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) көптөгөн тажрыйбалуу тергөөчүлөрү бул иш эртедир-кечтир кайра каралып чыгарына, азыркы тергөөчүлөр жоопко тартыларына көзү жеткендиктен тергөөдөн баш тартып коюшканын билдирди. «84 томдук кагаз... Читать дальше...
Кыргыз мамлекеттүүлүгү, өзгөчө Кыргызстандын президенттеринин тагдыры жана келечек боюнча ар кандай «көзү ачыктар» түрдүү божомолдорду айтышууда.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоону жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта өткөрүүнү талап кылды. 11-мартта өкмөт башчысы бул шайлоо өнөктүгүнө даярдык талкууланган жыйын өткөрдү. Премьер шайлоонун ачык-айкын өтүшүн камсыз кылуу зарыл экенин белгилеп, мамлекеттик органдарга аймактык шайлоо комиссияларын транспорт, материалдык-техникалык жана байланыш каражаттары, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууну, коомдук коопсуздукту жана тартипти жөнгө салууну тапшырды. Читать дальше...
Казакстанда Мажилис тынч жыйындар тууралуу өкмөттүн мыйзам долбоорун караганы жатат. 11-мартта Мыйзамдуулук жана соттук-укуктук реформа комитетинин төрагасы Нурлан Абдиров бул документ менен депутаттарды тааныштырды. Өткөн айда мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Анда айрым юристтер менен укук коргоочулар олуттуу чектөөлөр бар экенин айтып чыгышкан. Маселен, долбоордо 250 адамдан ашпаган адам чогулган митингде уюштуруучулар тиешелүү органдарга алдын-ала маалымат бериши керек. Ал эми мындан... Читать дальше...
Орусияда Мамлекеттик Дума 11-мартта үчүнчү окууда Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен кабыл алды. Документти 383 депутат колдоп, ал эми 43ү бир өңчөй пикирин билдирген жок. Мыйзамда парламенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү, ички мыйзамдар эл аралык макулдашууларга улуттук укук үстөмдүк кыла алары тууралуу жоболор каралган. Баш мыйзамга эми мындан ары кудай жөнүндө жана үй-бүлө эркек-менен аялдан куралары жазылат. Ошондой эле президенттик мөөнөткө байланыштуу «катары... Читать дальше...
АКШда мурдагы вице-президент Жо Байден Мичиган, Миссури жана Миссисипи штаттарындагы демократтардын ички жарышында алдыга чыкты. Праймериз 10-мартта Түндүк Дакота, Айдахо жана Вашингтон штаттарында да өттү, бирок анын жыйынтыгы азырынча жарыялана элек. Демократтардын атынан президенттикке талапкер 3979 делегаттын кеминде 1990нун добушун алышы керек. Ушул тушта Жо Байден 664, ал эми анын башкы саясий атаандашы сенатор Берни Сандерс 573 добуш топтоду. Жо Байден 3-мартта «супер шейшемби» деп аталган күнү 14 штаттын онунда утуп чыккан. Читать дальше...
12-мартта түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13; Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -4…+1, күндүз 9…14; Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9; Нарында түнкүсүн -4…-9... Читать дальше...