Аксы районундагы мектеп окуучуларынын мушташын милиция териштирип жатат. Ал арада социалдык тармактарда топ балдар биригип окуучуну тепкилеп жатканы тартылган видео коомчулукта кызуу талкууга түштү.
Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен Баткен облусундагы чек ара бекеттеринен күнүнө 4 миң киши өтөт. Короновирус коркунучу күчөгөн шартта аймактагы чек ара бекеттери кандай шартта иштеп жатат?
Бишкек шаардык соту Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн үч медиага каршы арызы боюнча ишти Ленин райондук сотуна өткөрүп берүү боюнча өтүнүчүн четке какты. Буга чейин «Азаттык» радиосу менен «Kloop.kg» сайтынын юристтери ишти Свердлов райондук сотунан Ленин райондук сотуна которууну суранышкан.
Кыргыз өкмөтү коронавирус коркунучуна байланыштуу маданий, спорттук жана эл көп келчү иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизди.
Жүздөгөн адамдын өмүрүн алган коронавирус Кытайда гана эмес, Батыш өлкөлөрүндө да бизнести тушап койду. Кытай товары менен жан баккан кыргызстандыктардын да капчыгы жукарды. Орус рублу менен кошо казак теңгесинин, кыргыз сомунун курсу төмөндөдү. Толугураак “Биз жана дүйнө” берүүсүнөн көрүңүз.
Ооганстанда эл аралык коомчулук тааныган өкмөт менен «Талибан» кайрадан тил табышпай жатат. «Талибан» камактагы 5 миң кишисин бошотууну талап кылса, өкмөт «мүмкүн эмес» деп буга көнбөй турат. Ушундан улам улут аралык тынчтык келишими болбой калабы деген кабатырлык күчөдү.
АКШнын президенти Дональд Трамп Европа өлкөлөрүнөн Кошмо Штаттарга келүүгө убактылуу тыюу салды.
Биринчи топтогу майып Кеңеш Пиназаров мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай акыркы беш жылдан бери Арстанбап токой чарбасын жетектеп келет. Аны бул кызматка майып экендигине карабай аймактагы токой пайдалануучулар ассоциациясы сунуш кылган. Кесиптештери башкы токойчуну өз ишине дилгир, аракетчил, жетекчи катары таанышат. Жумуштан кийин токойчу үйүндөгү устаканасында унаа оңдойт.
Москвада «Путинге тойдум» дегендер Кызыл аянтка жалгыз пикетке чыгууда. Алар Путин менен Медведевдин буга чейин өтөгөн президенттик мөөнөттөрү жокко чыгарылганына нааразы.
11-марта АКШнын Мамлекеттик департаменти 44-жылдык баяндамасын жарыялады. Документте 2019-жылдагы адам укуктарынын абалы, мамлекеттер жарандардын фундаменталдуу укуктары менен эркиндигин урматтап же тескерисинче бузганы талданат.
Өзгөндө көмүр кенинде иштеп жаткан украиналык бир жаран каза таап, экинчиси ооруканага түштү. Кырсык Салам-Алик айыл аймагына караштуу Беш-Терек жайлоосунда болгон. Украиналык эки жаран ал жерде көмүр кенин чалгындап жаткан.
Улуттук банк жана Экономика министрлиги валюта рыногундагы жагдай тууралуу билдирүү жасап, коомчулукту дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
Эң жеңил (52 кг) салмактагы чемпион Вэйли Чжан өткөн дем алыш күнү биринчи жолу титулун коргоп, жеңишке жетти. Салмактык категориясына карабай Чжан UFC уюмунун рейтингинде Шевченкодон бир сапка жогорулаган.