Мы в Telegram
Добавить новость

Троллейбусный парк Химок стал призером областного конкурса

Национальная культура: какие перспективы развития есть у креативной экономики в России

Россияне стали больше интересоваться неотельным отдыхом во время праздников в мае

Подмосковные росгвардейцы собрали гумпомощь для бойцов СВО

World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Март
2020

Новости за 20.03.2020

Azattyk.org 

Коронавирус тууралуу беш миф

Коронавирус улгайган адамдарга гана жугат деген чындыкка дал келбейт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, бул илдетке “бардык курактагы” адамдар чалдыгат. Жашы өтүп калгандар же өнөкөт бир дарты барлар “катуу ооруп” калышы ыктымал.

Azattyk.org 

Covid-19: Өзүңдү да, өзгөнү да сакта!

Дүйнөдө жалпысынан 200 миңден ашык адам коронавирус илдетин жугузуп алды. Алардын ичинен 84 миңден ашууну сакайды, он миңдейи көз жумду. Бул вирус Кыргызстанга да жетип, ушул тапта аны жугузуп алгандардын саны алты адамга жетти. COVID- 19 вирусунан кантип сактанабыз, эмнелерге көңүл бурушубуз керек, бул туурасында бүгүн "Азаттык плюста" айтып беребиз.

Azattyk.org 

Ошто коомдук транспорт убактылуу токтоду

Ошто коомдук автоунаалар токтоп, базарлар жабылды. Мэрия муну короновирустун алдын алуу чарасы катары түшүндүрдү. Шаар аймагында буга чейин ачылган ун сатуучу жайлар да убактылуу ишин токтотту. Ош шаарынын жетекчилиги тургундарга унду үйүнө жеткирип берүүнү пландоодо.

Azattyk.org 

Ошто коомдук транспорт токтоду

Ошто коомдук автоунаалар токтоп, базарлар жабылды. Мэрия муну короновирустун алдын алуу чарасы катары түшүндүрдү.

Azattyk.org 

Карантинге илинген Ноокат жана Сузак

Коронавируска байланыштуу Ноокат жана Сузак райондоруна карантин жарыяланды. Ноокат районунун аймагына 35 жерге блокпосттор орнотулду. Карантинде калган аймактардын азыркы кырдаалы "Азаттыктын" кабарчыларынын сүрөттөрүндө.

Azattyk.org 

Ноокатта да өзгөчө кырдаал жарыяланды

Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны алты кишиге жетти. Алардын үчөө ноокаттыктар экени 20-мартта аныкталып, райондо өзгөчө кырдаал киргизилди.

Azattyk.org 

Дымактуу аялдардын аракети

Нарын районунун Алыш айылындагы демилгелүү аялдар өз алдынча тигүү цехин ачышты. Баштапкы чыгым үчүн алардын ар бири өз чөнтөгүнөн оң миң сомдон чыгарган. Бир ай мурун ишке кирген чакан цехтин кардарлары - азырынча алардын өз айылдаштары.

Azattyk.org 

Ноокаттагы карантин: жолдо калгандар

Республикалык штаб кабарлагандай, Ноокат райондук администрациясынын башчысы Давранбек Маматалиевдин буйругу боюнча Ош облусунун Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. 20-мартта саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы үч учур катталганын маалымадады. Министр алар Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келген Ош облусунун Ноокат районунун тургундары экенин кошумчалады.

Azattyk.org 

АКШ Кыргызстанга коронавируска каршы 66 миллион сом бөлдү

АКШ өкмөтү Кыргызстанга коронавируска каршы турууга жардам бериш үчүн 913 миң доллар (66 миллиондон ашык сом) бөлдү. Каражат АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу үч уюмга бөлүнөт.  Алардын биринчиси – Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму. Бул уюм коргонуучу жабдуулар менен камсыз кылып, байкоо жүргүзүү, лабораторияларды колдоо боюнча жана пандемияга каршы иш-аракеттерди координациялайт.  Экинчи уюм – «Abt Associates» ишке ашырып жаткан «Жергиликтүү саламаттык сактоо системаларын чыңдоо»... Читать дальше...




Azattyk.org 

Орусиядан жүздөгөн мигранттар уча албай жатышат 

Питердеги Пулково аэропортунда 120дай кыргызстандык Ошко учуп кете албай турат.  19-мартта «Урал аба каттамдары» компаниясы кыргыз өкмөтү эл аралык аба каттамдарын чектегенин айтып, рейс токтотулганын кабарлаган. 14-15 сааттан бери аэропортто отурган жарандар Питерде убактылуу жашап, иштеп жүргөн жайларына кайтуудан баш тартып жатышат.  20-мартка караган түнү Москванын Жуковский аэропортунда 187 кыргызстандык дал ушундай кырдаалга кабылган. Мындан тышкары бул кезде Новосибирск шаарынан 120дай... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ооганстанда аскердик базанын ичинде кол салуу болду

Ооганстандын Забул провинциясында аскердик базадагы кол салуудан кеминде 24 коопсуздук кызматкери мерт болду. Провинциянын губернатору Рахматулла Ярмал билдиргендей, жума күнү таң эрте базанын ичиндеги бир нече адам уктап жаткан башка аскерлерге жана полиция кызматкерлерине ок ата баштаган. Ооган бийлиги кол салгандардын «Талибан» кыймылы менен байланышы бар экенин, төрт кызматкердин дайыны чыкпай жатканын билдирди. Азырынча талибдер үн ката элек. Калат шаарынын чекесиндеги базада болгон бул окуя... Читать дальше...

Azattyk.org 

Индияда кыз зордуктагандар дарга асылды

20-мартта Индиянын Тихар түрмөсүндө төрт киши дарга асылды. Алар борбор шаар Нью-Делиде 23 жаштагы студент кызды зордуктап, өлтүрүүгө айыптуу деп табылган.  «Бул биздин өлкөдө зордукталган кыз акыйкатка жеткен алгачкы мисал. Бүгүн, 20-март баарыбыздын кыздарыбызга жана аялдарга арналат. Анткени бүгүн Нирбхайя акыйкатка жетти, бүтүндөй өлкөнүн кыздары акыйкатка жетишти», - деди курман болгон кыздын апасы Аша Деви. Өкүмдүн аткарылышына күбө болуш үчүн чогулган топту тартипте кармап туруш үчүн жүздөгөн полиция кызматкери тартылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөт башчы: татаал учурларга даяр турушубуз керек

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коомдук тамактануу түйүндөрүнүн ишин токтотууга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Өкмөт башчы өлкөнүн ар башка булуң-бурчунда коомдук тамактануу жайлары ишин улантып жатканы тууралуу маалыматтар бар экенин айтып, республикалык штабдын чечимдерин аткарбагандарга карата катуу чара көрүлөрүн билдирди. «Башка өлкөлөр бул жагдай менен кантип күрөшкөнүн жана ийгиликтерге кандай жетишкенин көрдүк. Элдин жоопкерчиликсиздиги... Читать дальше...

Azattyk.org 

Иран Ноорузду жылдагыдай майрамдабайт

Иранда Нооруз жаңы жылдын башталышы катары белгиленет. Буга байланыштуу өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеи элин майрамы менен куттуктады. Жарандардын коронавируска каршы күрөштө жасап жаткан аракеттерин “үлгүлүү” деп атады.

Azattyk.org 

Баланын оозуна түкүргөн жөрөлгөгө орун жок

Ар кыл өлкөлөрдөгү коомдордо, анын ичинде мусулман жамааттарында да, айрым эски көнүмүш адаттар, көөнө жөрөлгөлөр коронавирустун коркунучуна байланыштуу кайра каралууда.

Azattyk.org 

Хаменеи ирандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи элин Нооруз майрамы менен куттуктап, ынтымакка чакырды. Ал дарыгерлердин, медайымдардын, ооруканалардын жетекчилери менен башка кызматкерлердин оор ишин баса белгиледи.  Хаменеи Мешхед шаарындагы майрамдык иш-чараларга катышып, ошол жакта сүйлөмөк. Бирок коронавирустун жайылышынан улам быйылкы Нооруз Ислам Республикасында адаттагыдай белгиленбей калды. Бийлик 20-мартта башталып жаткан майрам учурунда элди үйлөрүнөн чыкпоого чакырып келди. Салт боюнча миңдеген ирандык Ноорузду туугандары... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ысык-Көлдөгү бардык эс алуу жайлары карантинге жабылмай болду

Ысык-Көл облусундагы бардык пансионаттар жана эс алуу үйлөрү карантинге жабылат. Мындай чечим коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу боюнча облустук штабдын 20-марттагы отурумунда кабыл алынды. «Облустун аймагында коронавирустун жайылып кетүү жана жуктуруу коркунучун азайтыш үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын сакташыбыз керек», - деп билдирди өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев. Штабдын маалыматына караганда, Ысык-Көл облусунда 127 пансионат... Читать дальше...

Azattyk.org 

Депутат кызматташтарын демагогия кылбоого чакырды

«Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Калдарбек Баймуратов Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияда өкмөттүн 2019-жылдагы иши боюнча отчётун кароону бүгүнкү кырдаалды эске алып, жылдырып турууну сунуш кылган. Бирок анын сунушу добушка коюлбай калганына нааразы болуп, парламентти «өкмөттүн убактысын алып жатат» деп сындады.  «Элдин кыжыры келип жатат, «отуруп парламентте чогулуш кылып жатышат» деп. Сузактан, Москвадан чалып атышат. Башынан эле добушка коюп кароону жылдырып салсаңыз болмок. Менин сунушум эмнеге добушка коюлган жок? Читать дальше...

Azattyk.org 

Олимпиада оту Жапонияга жетти

Олимпиада оту 20-мартта Жапониянын Аскер-аба күчтөрүнүн Мацушима базасына жеткирилди. Коронавирус пандемиясына байланыштуу өткөрүп берүү салтанатына көрүүчүлөр катыштырылган жок. Токио-2020 оюндарын уюштуруу комитетинин башчысы Ёсиро Мори Олимпиаданын күн тартибинде өзгөрүү болбой турганын дагы бир ирет белгиледи. «Эл аралык Олимпиада комитети жана жапон өкмөтү тыгыз кызматташып жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеп-кеңештерин угуудабыз. Биз Оюндардын коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү үчүн олуттуу даярдык көрүүдөбүз»... Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент Улуттук банкты сомдун туруктуулугун колдоого чакырды

Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын соода өнөктөштөрүнүнүн абалын эске алып, улуттук валютанын туруктуулугун колдоо зарыл экенин билдирди. Президент мындай пикирин Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алган учурда айтты.  «Өлкө экономикасына тышкы терс таасирлерди азайтуу боюнча антикризистик чараларды иштеп чыгууну жана бекитүүнү тездетиш керек», - деди президент.  Мамлекет башчы өлкөдө коронавирустун жайылышына жана доллардын баасынын жогорулашына... Читать дальше...

Azattyk.org 

Назарбаев: Кризис создукса катаал үнөмгө даяр болгула

20-мартта Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев коронавируска байланыштуу элине кайрылды. Ал азыркы көрүнүштү 1990-жылдардын башындагы оор мезгилге салыштырды. Назарбаев казак экономикасы менен улуттук валютасы дагы көбүрөөк алсырашы мүмкүн экенин четке каккан жок.  «Азыркы кризис узагыраак убакытка созула турган болсо, өкмөт ага каршы чара көрүүгө тийиш. Андай жагдайда өлкөнү жана жарандарды катаал үнөмгө жана туруктуу өнүгүү багытына өтүүгө даярдоо маанилүү», - деди Назарбаев.  ... Читать дальше...

Azattyk.org 

21-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

21-мартта Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 21-мартта күндүз кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21, Талас жергесинде түнкүсүн 1…6... Читать дальше...

Azattyk.org 

Министрлик: Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курчуп баратат

Кыргызстандын Cаламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө коронавируска байланышкан эпидемиологиялык абал курчуп баратканын жарыялады. Министрликтин маалыматына караганда, тиешелүү мекемелер учурда коронавирус жуктурган үч ноокаттык менен чогуу учуп келген 282 адамды жана алар менен контакт болгондорду тактоо ишин жүргүзүп жатышат. 19-марта коронавируска чалдыккан дагы үч кыргызстандык аныкталды. Алар Ноокаттын тургундары - 77, 71 жана 67 жаштагы аялдар. Үчөө тең райондук ооруканада жатат. Коронавирус... Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Российско-египетский языковой лагерь открылся в Каире

Москвичей предупредили о потенциально опасном ветре

В РПЦ рассказали об атаках на храмы в странах Евросоюза

Подмосковные росгвардейцы собрали гумпомощь для бойцов СВО

Музыкальные новости

В Москве и Подмосковье ударили первые майские заморозки

Учащиеся класса Росгвардии приняли участие в военно-патриотической игре "Зарница 2.0" в Зеленогорске

СЛД «Смоленск» филиала «Московский» ООО «ЛокоТех-Сервис» в рамках акции «Неделя без турникетов» посетило 150 учащихся

Вадим Арутюнов и его книга «Записки странствующего армянина»

Новости России

Москвичей предупредили о потенциально опасном ветре

Анастасия Ракова сообщила о почти стопроцентном поступлении выпускников предпрофклассов в профильные вузы

Троллейбусный парк Химок стал призером областного конкурса

Собянин поздравил москвичей — победителей Всероссийской олимпиады школьников

Экология в России и мире

Названы самые простые способы попасть в Грецию: оказалось, что россияне вполне могут получить туда визу и отдохнуть там

Аналитическое исследование «585*ЗОЛОТОЙ» показало, сколько тратят на обручальные кольца в 2024 году в разных городах России

Российские туристы изменили свои предпочтения по отдыху в Турции: многое поменялось

Дети-пациенты посетили развлекательный центр

Спорт в России и мире

На кураже: Рублёв пробился в финал «Мастерса» в Мадриде, Медведев снялся из-за травмы

Рублев о победе на "Мастерсе" в Мадриде: у меня нет слов

После победы в Мадриде Рублев поднялся с 8-го на 6-е место в рейтинге ATP

Первая ракетка мира расплакалась после финала турнира с участием Рыбакиной

Moscow.media

Композитор Классической музыки Сергей Брановицкий представляет произведения классической музыки.

Галина Янко: главные традиции и приметы Пасхи

Готовность обхода Октябрьского – 75%

Еще на одном участке трассы А-121 Сортавала в Карелии стало светлее











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Россияне стали больше интересоваться неотельным отдыхом во время праздников в мае

В РПЦ рассказали об атаках на храмы в странах Евросоюза

Собянин поздравил москвичей — победителей Всероссийской олимпиады школьников

Центр Екатеринбурга перекроют на полдня для репетиции парада: как добраться до работы