Бүгүн, 10-мартта Бишкекте 8-марттагы аялдардын жүрүшүндөгү окуяга нааразы болгон жүздөгөн киши акция уюштурушту. Алар бийликтен Баш мыйзамда кепилденген адам укугун сактоону, 8-марттагы тынч акциянын катышуучуларына чабуул жасагандарды жазалоону талап кылышты. Экс-президент Роза Отунбаева баш болгон белгилүү укук коргоочулар, активисттер катышкан иш-чарада ички иштер министрин кызматтан алуу талабы дагы айтылды.
Тажикстанда Виктор Савкин аттуу жаран беш жылдан бери көрүстөндө жашайт. Беш жыл мурда аялы каза болуп калган соң, ал шылуундарга алданып, үйүнөн айрылган. Көрүстөндө чатыр тигип алып күн көрүп жаткан Савкинге кайрымдуу адамдар каралашып турат.
Казакстанда мунай арзандап, теңгенин куну түштү. Тажикстанда Виктор Савкин аттуу жаран беш жылдан бери көрүстөндө жашайт. Кадам таштагандан баштап дарда баскан балдар. Сиз бул сюжеттин баарын "Каректе Евразия" берүүсүнөн көрө аласыз.
Кошмо Штаттар Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетүүнүн биринчи айлампасын баштады.
Аялдардын Жаз майрамы быйыл да ызы-чуу, жаӊжал менен коштолду. Муну болтурбай коюу мүмкүн беле? Же дал ушундай, балким, мындан да чуулгандуу чыр-чатак кимдир бирөөлөргө керекпи?
«Кыргызстанда муун аралык жана гендердик чектер алкагында коомчулуктун гендердик зомбулукка каршы күрөшү» долбоору Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдар түзүмү тарабынан ишке ашып жатат.
Бишкекте аялдардын укуктарын коргоого арналган тынч акция жыйынтыкталды. Ага, уюштуруучулардын айтымында, миңге чукул адам катышты. Милиция катышуучулардын саны 250-300 болгонун билдирди.
АКШдагы Калифорния университетинин нейро өнүгүү, маданият, маданий көп түрдүүлүк боюнча доктору, окумуштуу Алисия Сантьяго Кыргызстанга келип, кыз-келиндердин илимдеги орду, технологияга аларды көбүрөөк аралаштыруу боюнча жолугушууларды өткөрдү. Ал "Азаттык" радиосуна маек куруп, аялдардын илимдеги орду, илимий карьера менен үй-бүлөнү чогуу алып кетүүнүн жолдорун айтып берди.
«Биз жана дин» түрмөгүндө Кыргызстандагы даават жана «Таблиги жамаат» кыймылына байланышкан маселелер тууралуу сөз кылабыз.
8-марттагы аялдардын укугун коргоо митингиндеги окуядан кийин уюштурулган жарандык акциянын катышуучулары өз талаптарын айтышты. Акция ушу тапта Бишкекте революциянын каармандарынын эстелигинин жанында өтүп жатат.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани 9-мартта экинчи мөөнөткө расмий киришип, ант берди. Ошол эле маалда Бириккен өкмөттүн мурдагы башчысы Абдулла Абдулла да өзүн президент деп жарыялап, өз инаугурациясын өткөрдү.
Бишкектеги 8-марттагы аялдар маршынын катышуучуларына белгисиз адамдар кол салып, үзгүлтүккө учурады. Коомдук тартипке көз салган милиция чагымчыларды эмес, митингдин катышуучуларын күч менен кармаганы абдан кызуу талкууланууда. Кыргызстанда айымдардын укугу үчүн жүрүштөгү күч колдонуу эмнеден кабар берет? Өлкө мыйзам мененби жашайбы же түшүнүктөр үстөмдүк кылган абалга келдиби? Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева, укук коргоочу Динара Ошурахунова, жарандык активист Азамат Аттокуров... Читать дальше...
Нидерланддарда «Малайзия аба жолдорунун» «Боинг-777» учагынын атып түшүрүлүшү боюнча сот процесси башталды. 2014-жылдын жайында Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан лайнерге Донбасстагы орусиячыл жикчилдер аткан ракета тийгенде борттогу 298 кишинин баары мерт болгон.
Акция Уркуя Салиевага арналып тургузулган эркиндик монументинин алдында өттү. Ага миңге чукул киши катышты.
Майлуу-Суу лампа заводу токтоп калуу коркунучуна кептелди. Тигүү бизнесин бутуна тургузган Жайна Раева. Тиричилиги устаканага байланган Өзгөндөгү көп балалуу үй-бүлө.
Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзамдарды өзгөртүүгө байланыштуу талаш-тартыш коомчулукта дале уланууда. Мыйзам долбооруна каршылар аргументтерин байма-бай айтышканы менен демилгечи депутаттардын көбү позициясын айтуудан карманууда.
Өткөн аптада Кабулдагы жардыруудан 32 адам мерт кетсе, жекшемби күнү дүйнөнүн ар бир өлкөсүндө аялдардын тилектештик маршы өттү. Үч миңден ашык адамдын өмүрүнүн жалмаган вирус дүйнөгө тездик менен тарап жатат.
Сочидеги машыгууга Кыргызстандан 12 балбан кеткен. Спорт агенттиги алар Токиодо өтө турчу Олимпиаданын лицензиялык турнирлерине даярдык көрүп жатканын билдирди.