25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ноокат, Кара-Суу, Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот, адамдардын жана автотранспорттун кыймылы толук токтошу керек. 25-мартка карата өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 44кө жетти.
Билим берүү жана илим министрлиги мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн онлайн ресурстарды сунуштайт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Даярдануу боюнча кыргыз жана орус тилдериндеги колдонмолор Билимди баалоо, окутуу усулдары борборунун сайтында жайгашкан. Анын дареги www.testing.kg . Бул сайтта видеосабактар бар. Билимди баалоо, окутуу усулдары борборунун Фейсбуктагы (https://www.facebook.com/testing.kg ) жана Инстаграмдагы (https://www.instagram.com/ort_ceatm_official)... Читать дальше...
Бишкекте каттоодо турбаган жарандар шаарда жашап жаткан жеринен маалымдама алышы керек. Башкача айтканда убактылуу жашагандыгы тууралуу документ зарыл. Бул тууралуу борбор калаанын коменданты, ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдирди. “Бишкек шаарында каттоодон өтпөгөн адамдар азыркы жашап жаткан жеринен жашагандыгы тууралуу маалымат кагазын алууга тийиш. Ошондой эле, иштеп жаткандар иштеген жеринен маалымат кагаз алуулары керек”, - деди Орозалиев. Ошондой эле шаардын сыртында... Читать дальше...
Пандемияга байланыштуу дүйнөдө 2,9 миллиард адам карантинде отурат. Испания менен Италия коронавирустан өлгөн адамдардын саны боюнча Кытайды артка калтырышты. Испанияда соңку бир суткада 738 адам каза тапты. Жер жүзүндө бул илдеттен көз жумгандардын саны 20 миңге чамалады. Жакынкы Чыгышта бул көрсөткүч боюнча Иран алдыда. Ал жакта өлгөндөрдүн саны 2 миңден ашты. Кыргызстанда коронавирусту 44 киши жуктуруп алды.
Белгисиз адамдар Орусиядагы оппозициячыл активист Алексей Навальныйга ун жана ириген сүт сыяктуу суюктукту чачып кетишти. Бул тууралуу өзү «Твиттердеги» баракчасына жазды. Окуя Навальный «Эхо Москвы» радиосуна бараткан маалда болгон. Орус бийлигине каршы жүрүштөрдү баштап, коррупциялык иштерди ашкерелеген даректүү тасмаларды чыгарганы менен белгилүү болгон Навальныйга 2017-жылы да кол салышкан. Анда көзүнө жашыл түстөгү суюктук чачып кетишкен. Активист көзүнө Барселонадан операция жасаткан. Көп... Читать дальше...
Бишкек шаарынын коменданты, ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев өзгөчө абал режиминде журналисттердин иштөөсүнө эч кандай чектөө жок экенин маалымдады. Кабарчыларды аккредитациядан өткөрүү маселесин республикалык штаб менен сүйлөшүп жатканын билдирди. “Мен шаардын коменданты катары айтам, журналисттердин ишине эч кандай чектөө жок. Штаб менен сүйлөшүп, канча журналистке беребиз, аккредитациядан кандай өткөрүү боюнча билдиребиз. Мен билгенден журналисттер топтошуп иштебейт. Андыктан коркунучтуу эмес”, - деди Орозалиев. Читать дальше...
Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев билдиргендей, 24-мартта Анталия-Бишкек чартердик каттамына жетишпей калган кыргызстандыктар үчүн кийинки каттамга атайын тизме түзүлүп жатат. 24-мартта 197 кыргызстандык жаран Анталиядан Бишкекке учуп кеткен. Алардын колунда сатып алган билеттери болгон бирок аба каттамдары жабык болгондуктан уча албай кармалып турушкан. Ал эми Түркиядан кайткысы келгендердин саны күн сайын өсүүдө. Ушу тапта Бириккен Араб Эмираттары менен Түндүк Кипрден тышкары Орусиядагы... Читать дальше...
Өлкөдөгү өзгөчө абал режимине карабай медициналык мекемелер менчигинин түрүнө карабастан иштөөгө милдеттендирилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендантынын орун басары Азизбек Алымкулов маалымдады. Анын айтымында, алардын ишине Саламаттык сактоо министрлиги көзөмөл жүргүзөт. 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат учурунда милиционерлер, дарыгерлер жана коммуналдык кызматтар гана иштей алат. Бишкек шаарынын комендантынын орун басары Азизбек Алымкуловдун айтымында, дарыгерлерди жумушка жеткирүү... Читать дальше...
Өкмөт улуттук тизмедеги маанилүү деп эсептелген дары-дармек, медициналык ар кандай каражаттарды мамлекеттик каттоосуз ташып кирүүгө убактылуу уруксат берди. Мындай чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Өкмөт мындай чечим өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылуусуна жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, калкты дары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо максатында кабыл алынганын маалымдады. Өкмөт бул токтомду «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө»... Читать дальше...
Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу кыргыз жүк ташуучулары өткөрүлө баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, 25-мартта «Ак-Тилек автожол» аркылуу 97, «Чон-Капка автожол» көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу – 26 жүк ташуучу машине Кыргызстанга келди. Ал эми Кыргызстандан бул өткөрмө жайлары аркылуу 192 жүк ташуучу автоунаа чыгып кетти. Бул жүк ташуучу машинелерде азык-түлүк, эл керектөөчү товарлар, курулуш материалдары, тиричиликте колдонулуучу химиялык заттар... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков 25-марттан тартып өзгөчө режим киргизилгенине байланыштуу элге кайрылды. Мамлекет башчы өлкөдө жаңы коронавирусту жайылтпаш үчүн 22-мартта өзгөчө кырдаал киргизилгенин, бирок тартип сакталбаган учурлар катталганын белгиледи. Андыктан жугуштуу ооруга каршы туруш үчүн мындан да катуу чараларды колдонуу зарылдыгы келип чыкканын айтты. Президент өзгөчө абал жарандарга ыңгайсыздык жаратканы менен тартип, санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу коронавирус менен күрөшүүдө натыйжалуу экенине токтолду. Читать дальше...
25-мартка карата Кыргызстанда коронавирус илдети жуккан эки жаӊы учур катталды. Ушуну менен илдет жуккандардын жалпы саны 44кө жетти.
Ооганстандын баш калаасында сикх азчылыгынын ибадатканасына коюлган чабуулдан кеминде 25 кишинин өмүрү кыйылды. Коопсуздук күчтөрү туткунга алынган 80дей адамды куткарып чыгышты. Ички иштер министрлиги канча адам кол салганын билдирген жок, бирок алардын баары жок кылынганын кошумчалады. Кандуу калаба үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» радикал тобу өз мойнуна алды. Каза тапкандардын арасында бир наристе да бар. Окуя сикх азчылыгынын өкүлдөрү ибадатканага таңкы сыйынууга чогулган кезде болду. Читать дальше...
АКШ бийлиги коронавируска каршы тарыхындагы эң ири жардам - 2 триллион доллар бөлмөй болууда. Индия бийлиги 1,3 млрд. калкына үйдө отурууну буйруду. Кытай кадимки турмушка кайтууда. Эки айдай жабык турган Улуу Кытай дубалы ачылды. Кыргызстанда коронавирус жуктурган балдардын абалы канааттандырарлык.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео оогандык саясатчы аял, Майдан Шар калаасынын мэри Зарифа Гафариге кол салууну айыптады. «Ооганстандын келечеги аялардарды коркутункандардын эмес, тынчтык менен саясий чечимдерди издегендерден көз каранды» экенин Помпео «Твиттерге» жазды. 22-мартта белгисиз согушкерлер Зарифа Гафаринин автоунаасын аткылашкан. Ага 4-мартта Вашингтондо Мамлекеттик департаменттин эл аралык «Каарман аял» абройлуу сыйлыгы ыйгарылган. Бир кезде аялдар маселесин талкуулаган радионун... Читать дальше...
Коронавируска каршы күрөш боюнча атайын бирдиктүү эсепке 11 млн. 300 миң сом түштү. Андан тышкары кайрымдуулук фонддору, активисттер атайын эсеп ачып, акча чогултуп жатат.
Кыргызстанда 25-марттан тарта үч шаарда жана үч райондо өзгөчө абал режими иштей баштады. Бул аймактарда саат кечки 8ден эртең мененки 7ге чейин коменданттык саат болот.
Индияда 25-марттан тартып элге 21 күн бою үйлөрүнөн чыгууга толук тыюу салынды. Калкынын саны 1 миллиард 300 миллион кишиден ашкан өлкөдө ушу тапта COVID-19га чалдыккан 500дөн көп киши катталган, тогуз бейтап көз жумду.
Британ тактысынын мураскери, 71 жаштагы ханзаада Чарлз коронавируска чалдыкканы 25-мартта кабарланды. Анын абалы канаттандырарлык экенин ханзадаанын өкүлү билдирди. Чарлздын жубайынан бул вирус табылган эмес. Экөө тең учурда Шотландиядагы үйүндө. Ханзаада коронавирусту кайдан жугузганы белгисиз. Расмий билдирүүдө ал соңку эки апта ичинде бир катар иш-чараларга катышканы жазылган. 23-мартта Британияда карантин киргизилген. Бул өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 8100дөн ашса, 420дан көп адам көз жумду.
Бишкек шаарында муниципалдык автобус-троллейбустардын, такси кызматтарынын иши толук токтоду. Алар күндүз да, түнкүсүн да жүрүүгө укугу жок. Эрежени бузгандарга карата чара көрүлөт. Бул тууралуу 25-мартта баш калаанын комендантынын орун басары, вице-мэр Азизбек Алымкулов билдирди. Алымкулов коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, автомашиналар да жүрбөшү керек экенин айтты. Кафе-ресторандар тамак ташуу кызматын күндүз жүргүзүп, кечки 8де токтотушу зарыл болот. Читать дальше...
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадан жүк алып өтүү маселесин талкуулашты. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдө өз ара кызматташуунун негизги багыттары талкууланды. «Өзгөчө абал шартында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу жүк ташууну камсыз кылуу маселеси талкууланып, өлкөлөр ортосунда товарды эркин ташуу үчүн шарт түзүүнүн маанилүүлүгү дагы бир жолу белгиленди»... Читать дальше...
Азербайжанда оппозициячыл «Мусават» партиясынын мүчөсү Тофиг Ягублу бейбаштык үчүн айыпталып, үч айга камалды. Мындай чечимди Бакунун райондук соту 25-мартта чыгарганын саясатчынын адвокаты Элчин Садыгов билдирди. Ягублу өзүнө коюлган айыпты четке какты. Ал 23-мартта машинесин келип сүзгөндөр менен чатакташа кеткен. Бирок кызы мунун баарын атайын уюштурулган чагым деп эсептейт. «Human Rights Watch» эл аралык уюмунун өкүлү Георгий Гогия Азербайжандын бийлиги мындай чагымдарды оппозициячыл саясатчылардын... Читать дальше...
25-марттан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтолуп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.
Баш кеңсеси Парижде жайгашкан «Чек арасыз кабарчылар» уюму Пакистандагы маалымат каражаттарын убактылуу өз бөлүмдөрүн жаба турууга чакырды. Мындай кадамга уюм эл аралап иштеген үч журналист коронавируска кабылган соң барды. «COVID-19 вирусу үч журналист тең ооруну иш маалында жугузуп алышы мүмкүн экенин силер четке кага албайсыңар», - деди «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун Азия-Тынч океан бөлүмүнүн жетекчиси Даниэл Бастард. Ал ошондой эле медиа жетекчилерин журналисттерди кооптуу аймактарга жөнөтпөөгө үндөдү. Читать дальше...
25-марттын таңында согушкерлерден жана террорчу-жанкечтилерден турган топ ооган баш калаасындагы сикх азчылыгынын ибадатканасына чабуул койду. Кеминде төрт киши мүрт кетти. Канча адам кол салганы белгисиз. Чабуул үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна «Ислам мамлекети» радикал тобу алганын «SITE Intelligence Group» уюму билдирди. Буга чейин талибдердин өкүлү алардын тиешеси жок экенин айтып жаткан. Сикх азчылыгынын парламенттеги өкүлү Нарендер Халса ибадатканада таңкы сыйынууга барган 150дей киши болгонун... Читать дальше...