АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Дүйнөлүк банк коронавирустан коргонуу үчүн Кыргызстанга атайын медициналык каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардам тапшырды.
10 миң хирургиялык беткап, 10 миң колкап, 1,4 миң халат, 200 коргонуучу көз айнек жана FFP2 тибиндеги 200 беткап медициналык мекемелерге жана чек арадагы санитардык текшерүү бекеттерине таратылып берилет.
Коргонуу каражаттарын Санитардык-эпидемиологиялык кызмат бөлүштүрөт.
Буга чейин Кошмо Штаттардын өкмөтү эпидемияны алдын алуу максатында 25 өлкөгө 37 миллион доллар бөлгөн.
Соңку маалымат боюнча, Кытайдан чыккан коронавирус дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнө тарап, дээрлик 110 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. Төрт миңден ашуун адам каза болду, 60 миңдейи айыгып чыкты.
Кыргызстанда бул илдет катталган жок. (RK)