Казакстанда Мажилис тынч жыйындар тууралуу өкмөттүн мыйзам долбоорун караганы жатат. 11-мартта Мыйзамдуулук жана соттук-укуктук реформа комитетинин төрагасы Нурлан Абдиров бул документ менен депутаттарды тааныштырды.
Өткөн айда мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Анда айрым юристтер менен укук коргоочулар олуттуу чектөөлөр бар экенин айтып чыгышкан. Маселен, долбоордо 250 адамдан ашпаган адам чогулган митингде уюштуруучулар тиешелүү органдарга алдын-ала маалымат бериши керек. Ал эми мындан алда канча көп эл топтолгон акциялар боюнча атайын уруксат алуу зарыл жана жергиликтүү бийлик аныктаган жерлерде гана өтөт.
Казак бийлиги укук коргоочулардын жана активисттердин сын-дооматы эске алынарына убада берген, бирок алардын сунуштары кирген-кирбегени азырынча белгисиз.
Касым-Жомарт Токаев былтыр жайында президент болуп шайлангандан бери тынч жыйындар тууралуу мыйзамды жакшыртуу тууралуу бир канча жолу убада берген. Ал «митинг өткөрүү маданиятынын коомчулуктун аң-сезимине сиңирүүгө мезгил жетти» деп айткан.
Соңку кездери Казакстанда бийликке каршы нааразылык акциялары көбөйдү.