Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата саясий күчтөрдүн биригүү мөөнөтү аяктады. Баш кошуу жөнүндө чечимдердин негизги критерийи эмне болуп жатат? Партиянын идеологиясыбы же талапкердин кландык, аймактык, материалдык таасири үстөмдүк кылып жатабы?
Быйылкы жалпы республикалык тестирлөөгө 43 963 бүтүрүүчү катышып, алардын 53ү эң жогорку балл алды. Анын 67си гана алтын сертифкатка ээ болуп, Кыргызстандын каалаган университетине өтүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Президент Сооронбай Жээнбеков эки күн Нарын облусунда жумуш сапарында болду. Анын алкагында президент Теңир-Тоодогу чакан ишканаларды кыдырды.
Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоого чейин жарандардын бир жерден экинчи жерге жапырт катташына бөгөт коюш үчүн «Face ID» тутумун колдонгон жаңы эрежелер киргизилгенин жарыялады.
Пакистан 21-августта Ооганстан менен чектешкен Чаман чек ара бекетин ачты. Өткөрмө пункту коронавирус пандемиясына байланыштуу март айында жабылган эле. Пакистандын бийлик өкүлдөрү чек ара Белужистан провинциясынын бийлиги жана аймакка жакын жашаган пакистандыктар менен сүйлөшүүдөн кийин ачылганын билдиришти. Жергиликтүү эл Чаман бекети аркылуу оокат кыларын, жолду өзгөчө жумушчулар жана соодагерлер колдонушарын айтышып, ачууну талап кылып келаткан эле. Мунун айынан нааразылык акциялары өткөрүлүп... Читать дальше...
Ташкенттин өтүнүчү менен Бишкекте кармалган өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин жакындары аны кыргыз бийлиги Өзбекстанга өткөрүп берип койгон болушу мүмкүн экенин билдирип, камтама болушууда. Камактагы журналисттин апасы Гавхаржон Мадаминованын 21-августта Би-Би-Синин өзбек кызматына айтканына караганда, уулу Өзбекстанга жеткирилиши мүмкүн. Мадаминова 21-августта өзүн Хорезм облустук администрациясынын кызматкери катары тааныштырган «Сайёра» аттуу аял анын үйүнө келип, Ташкент шаарынын... Читать дальше...
Орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйдын аялы өлкө президенти Владимир Путинге кат жазды. Анда күйөөсүн Германияга алып кетиш үчүн «уруксат берүүнү талап кылары» айтылган. «21-август саат 12.00дөн тартып Алексей Анатольевич Навальныйды жогорку деңгээлдеги дарыгерлердин көзөмөлү астында алып кетүүгө бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар», деп жазылат Юлия Навальная кол койгон катта. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 20-августта эгер кайрылышса саясатчыны чет өлкөгө эвакуациялоого жардам беришерин билдирген. Читать дальше...
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Европа боюнча бөлүм башчысы Ханс Клюге 20-августта өткөрүлгөн брифингде пандемияны вакцина эмес, ар бир адамдын жоопкерчиликтүү мамилеси токтоторун айтты. «Вакцина дагы пандемияны токтото албайт. Ар бирибиз өзүбүзгө жоопкерчилик алып, вирустан сактанууну үйрөнгөн күнү гана пандемия токтойт. Бул ар бирибизден көз каранды, ал күн эртең да болушу мүмкүн», - деди Клюге. Ушул эле жыйында ДССУ жайкы эс алууда коронавирус жуккандар көбөйүп жаткан Европа мамлекеттеринде... Читать дальше...
Кыргызстанда 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого даярдык кызыды. Партиялар 20-августка чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин тактады. Шайлоо, партиялар жана алардын талапкерлери тууралуу карапайым элдин ою кандай? «Азаттыктын» кабарчылары аймактардын тургундарына микрофон сунушту.
«Уюшкан кылмыштуу топ түзүү» жана «Аткезчилик» беренелери менен Казакстанда, кийин Кыргызстанда да 10 жылга соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу түрмөдөн чыкты. Бул маалыматты «Азаттыкка» Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) ырастады. Маалыматка караганда, Жогорку сот Дамирбек Асылбек уулун бошотуу тууралуу 19-августта чечим чыгарган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында жазасын өтөп жаткан. Жогорку сот мурдагы депутатка карата чыккан өкүм тууралуу маалымат бере элек. Читать дальше...
Дүйнөдө коронавируска кабылгандар 22,5 миллион адамдан ашты. Түштүк Кореяда протестант чиркөөсүнө байланышы бар адамдардын арасында вирус жугузуп алгандар көбөйүп жатат.
Өзбекстанда «Фергана облусунун башчысына таш ыргытканы» үчүн Сох анклавынын тургуну жоопко тартылганы турат.
Президент Режеп Тайып Эрдоган 21-августтагы элге кайрылуусунда билдиргендей, Кара деңиздин Эрегли аймагына жакын аймакта 320 миллиард метр куб газ резерви табылган. Бул резерв Түркиянын «Фатих» бургулоочу кемеси быйыл 30-июндан бери деңиздин түбүн изилдеген соң аныкталган. Президент Эрдоган ошондой эле Кара деңизде табылган газ резервин түркиялыктар 2023-жылдан баштап колдонорун билдирди. Газ табылган аймак Кара деңизде Болгария жана Румыния менен чектешет. Түркия чет өлкөдөн 2019-жылы 45 миллиард долларга газ импорттогон. Читать дальше...
Түштүк Кореяда 20-августта 300дөн ашуун адамдын коронавирус жугузуп алышы тынчсыздандырууда. Бул март айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Коронавирустун бул жолку жайылышын «Сараң Жейл» деген чиркөө өткөргөн акциядан көрүп жатышат. Анын мүчөлөрү өткөн аптада өкмөттүн чектөөлөрүнө каршы жүрүш өткөрүшкөн. Вирус аныкталгандардын көбү ошол акцияга катышкан. Чиркөө жетекчиси өзү да бул илдетке чалдыккан. Бирок ал акцияга катышкандардын тизмесин берүүдөн баш тартып, өкмөттүн ишине токсоолдук кылууда.... Читать дальше...
Мамлекеттик материалдык резервдер фонду республикалык бюджеттен бөлүнгөн 411 миллион сомдун эсебинен Орусиядан 33 миң тонна буудай сатып алды. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов 21-августтагы брифингде билдирди. Анын айтымында, ата мекендик дыйкандардан дагы 10 миң тонна буудай сатып алынат. Каракулов ушу тапта мекемедеги азык-түлүктүн запасы Кыргызстанды камсыздоого жете турганын, Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге дары-дармектерди сатып алып... Читать дальше...
90-жылдардан кийинки адабий муундун оозунан түшпөгөн ысымдардын бири Дүйшөн Жапаров эле. Бирок далайыбыз тамшанып окуган ырлары өтө сейрек учурачу. Китебин издеп суй жыгылгандарыбыз болду. Көрсө, бир да жолу китеби жарыкка чыкпаган акын экен. Мунусуна андан бетер таң калганыбыз бар... Болгону шапалактай альманахка кирген бирин-экин ырлары, гезит бетине чанда жарыяланган ырлары менен эле адабий журттун улуу-кичүү мунуна тез эле жайылып кеткен талант экенин кийин түшүндүк. Арийне, саналуу ырлары... Читать дальше...
Бул тууралуу 21-августта саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосундагы» маегинде айтты. Анын сөзүнө караганда, ушул күнгө чейин коронавирустан 80ге жакын медицина кызматкери каза болду. Анын ичинен 30дан көбү дарыгерлер. Расмий маалымат боюнча, 21-августка карата Кыргызстанда 3 073 медкызматкерге COVID-19 илдети жугуп, 2 383ү айыгып чыкты. Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом,... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 21-августта «Биримдик» партиясына мыйзамсыз үгүт жүргүзүлгөнү боюнча түшкөн арызды карады. Бул тууралуу маалыматты мекеменин басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады. Ага караганда, «Реформа» партиясынын өкүлдөрү Бишкектеги №12 жергиликтүү аймактык башкармалыгынын жетекчиси Темир Касымов административдик ресурс колдонуу менен «Биримдик» партиясына үгүт жүргүздү деп даттанышкан. Жыйында видеофайл көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында БШКнын чечими менен Касымовго эскертүү берилген. Читать дальше...
Уулануунун белгилери менен Омск шаарындагы ооруканада жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды чет өлкөгө алып кетүү аракетинен майнап чыкпай жатат.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата саясий күчтөрдүн биригүү мөөнөтү аяктады.
Пандемияга байланыштуу Кыргызстандын тигүү тармагында өндүрүш начарлады. Ошондон улам ондогон тикмечи келиндер жумушсуз калса, айрымдары башка иш табууга мажбур болгон.
Саясий партиялардын алдыңкы тизмесинде бир катар мамлекеттик жетекчилер парламенттик шайлоого аттанды.
Кыргызстандын басма ишине зор салым кошкон ишкер Тилек Тураркул уулу Мураталиев 60ка караган жашында жүрөгүнөн кармап дүйнө салды. Т.Чоротегин эскерет.
Буга чейин улуттук команданын футболчулары Азамат Байматов менен Клод Мака Кум (түбү камерундук) Европа кубоктору мелдештеринин баштапкы этаптарында ойногон.