Кыргызстанда коронавирустан 80дей медицина кызматкери каза болду
Анын сөзүнө караганда, ушул күнгө чейин коронавирустан 80ге жакын медицина кызматкери каза болду. Анын ичинен 30дан көбү дарыгерлер.
Расмий маалымат боюнча, 21-августка карата Кыргызстанда 3 073 медкызматкерге COVID-19 илдети жугуп, 2 383ү айыгып чыкты.
Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, каза болгондорунун үй-бүлөсүнө бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек.
Саламаттык сактоо министрлиги оорудан көз жумган медкызматкерлердин жакындарына жана илдет жуккан дарыгерлердин канчасына кенемте төлөнгөнү тууралуу маалымат бере элек. (BTo)