Петровкадагы абакта жазасын өтөп жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 6-августта Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча соттук отурумда көрсөтмө берет. Ишти Бишкек шаардык соту Исаковдун жактоочусунун апелляциялык арызынын негизинде карап жатат. Адвокат Бакыт Автандил уулунун “Азаттыкка” билдиргени боюнча Биринчи май райондук сотунда Исаковго көрсөтмө бергенге мүмкүнчүлүк берилген эмес: “Судья Сапар Исаковду бир сот отурумунан четтеткен... Читать дальше...
Бишкек шаардык соту бүгүн, 6-августта Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланышкан ишти кароону улантат. Адвокат Замир Жоошевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда сотко мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди алып келүү аракети болууда. “Алмазбек Атамбаев мурдагы процесске келген эмес, - деди Жоошев, - УКМКнын тергөө абагында видеобайланыш жоктугунан улам аны 6-августтагы сотко алып келүү милдеттендирилген”. 4-августтагы жараянда адвокаттар "Батукаевдин иши" боюнча мурдагы президент Алмазбек... Читать дальше...
Ош облустук ички иштер башкармалыгы Өзгөндөгү таксисттин өлүмүн улут аралык маселеге айландырбоону талап кылууда. Облустук ИИБнин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатат. “Бул иште эч кандай улуттук маселе жок. Бардык күнөөлүүлөр жазасын алат. Интернеттеги айрым адамдар өз кызыкчылыгы үчүн чуу көтөрүп, маалыматты бурмалоого аракет кылышууда. Биз алардын айрымдарына эскертүү бердик”, - деди Аширбаев. Милициянын маалыматына караганда... Читать дальше...
Ирандын Хорасан Разави аймагынын прокурору провинциянын борбору Машхадда аялдарга коомдук жерлерде велосипед менен жүрүүгө тыюу салынганын четке какты. Бул тууралуу ИСНА агенттиги маалымдады. Алдыңкы күнү аймактын Велосипедчилер биримдигинин төрагасы Мехди Руузбеханех тыюу салынганын, чечимди провинциянын Ислам адеп-ахлагы боюнча кеңеши бекиткенин билдирген. Машхаддын казысы аятолла Ахмад Аламолхода эскичил көз караштары, концерттерге жана аялдардын эркиндиктерине каршы билдирүүлөрү менен белгилүү. Читать дальше...
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча 5-августка белгиленген соттук отурум келерки жумага жылдырылды.
«Азаттык» аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат.
Маалымат каражаттары 4-августта Бейрут портунда жарылган аммиак селитрасынын ири партиясы орусиялык ишкер Игорь Гречушкинге таандык кемеден конфискацияланганын жазышты. Ливандын ички иштер министри Мохаммед Фахми жергиликтүү телеканалга билдиргендей, жарылуу кеминде 135 кишинин өмүрүн алып кетти, миңдеген адам жарадар болду. Порттогу кампада сакталган 2700 тонна аммиак селитрасы ал жакта 2014-жылдан бери топтолуп турган. Премьер-министр Хасан Диаб «химиялык жер семирткичти сактоодо коопсуздук... Читать дальше...
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 5-август күнү, саат 14:18де күчү беш баллга жеткен жер титирөө болду. Анын очогу Баткен шаарынан 17 чакырым аралыкта тоолордо катталды. Жер титирөөнүн күчү эл жашаган Кара-Бак, Чок-Талаа, Газнефт, Жаңы-Жер айылдарында беш баллды, Баткен шаарында 4,5 баллды, Бужум, Боз-Адыр айылдарында төрт баллды, Айдаркен, Кара-Булакта 3,5 баллды түздү. Баштапкы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн эч ким жабыркаган жок. (ZKo)
Таажы вирусунун апаатынан үйдөн чыга албай, «Фейсбуктан» көөдөндү куушурулткан суук кабар уктум. Ишене албадым дебейм, Садык Алахан агайдын «акка моюн сунду...» деген сөзү кулагымда жаңырып турду.
БШК «Бүтүн Кыргызстан» партиясына анонимдүү тараптардан акча келип жатканын айтып, күч органдарына кайрылды.
Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Болормаа Амгаабазар миссиясы аяктап жатканына байланыштуу бүгүн, 5-августта президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Мамлекет башчы Болормаа Амгаабазарга Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү катары жигердүү жана жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирди. Андан тышкары өлкөнүн социалдык-экономикалык дараметин бекемдөөдөгү, айрыкча, өлкөдөгү коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу катаал учурдагы салымын белгиледи: «Сиз Кыргызстан менен... Читать дальше...
Аралаш мушташ спортундагы эң беделдүү UFC уюмунда күчүн сынаган Физиев эми дагы төрт беттеш өткөрө алат. Андан кийинки турнирлерге катышуусу рейтингинен көз каранды деп эсептелинет.
Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирустан каза болгон медицина кызматкерлеринин жакындарына көңүл айтты. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы тараткан кабарда ооруну жумуш учурунда жугузуп алып көз жумган алты адистин аты аталды. Алар: - Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматологу Сарыбагыш Иманалиев; - Ысык-Көл районунун саламаттык сактоо боюнча координатору Бүбүайым Жээнбаева; - Чүй районунун Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун... Читать дальше...
Эгерде Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну болсо дарыгерлер жетишпей калышы ыктымал. Бул тууралуу 5-августта премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди: «Өлкөдө 13,5 миң медицина кызматкери бар. Эгер илдеттин экинчи толкуну болсо алар жетишпей калышы мүмкүн. Кадрлар резервин түзүү, башка профилдеги дарыгерлер үчүн кыска курстарды уюштуруу, кайра даярдоо маанилүү. Менчиктин түрүнө карабастан медициналык жардам көрсөтүү боюнча көндүмү барларга мүмкүнчүлүк берилет, баарына бирдей шарттар түзүлөт». Читать дальше...
Казакстан миңдеген кыргызстандык жана өзбекстандык мигрантка өз аймагы аркылуу өтүүгө уруксат берди. Анын алдында Орусиянын сайттары 3-августта Орусия-Казакстан чек арасында калган 500дөй мигрант казак чек арасына жакындоого аракет кылганын, орус күч түзүмдөрү аларды токтотушканын кабарлашкан. «Интерфакс» агенттиги ортодо чыккан кагылышууда эч ким жабыркабаганын жазды. Казак тышкы саясий мекемеси «Орусиянын аймагында болгон жана Казакстанга тиешеси жок» окуяга комментарий берүүдөн адегенде баш тартып... Читать дальше...
Кыргыз улуттук жазуучулар бирикмесинин төрагасы, акын Нурлан Калыбеков Казакстан калкынын ассамблеясынын «Мээрим» төш белгиси менен сыйланды. Мындай сыйлыкты ыйгаруу тууралуу чечим Калыбековдун коомдук байланышты жана жалпы улуттук биримдикти чыңдоого кошкон салымын белгилөө максатында кабыл алынганы айтылды. Акындын «Нур дүйнө» (1995-ж.), «Ырлар жана поэма» (1999-ж.), «Азия, все мы твои дети» ( 2000-жыл, жамааттык жыйнак), «Дервиш миров»( 2002-ж.), «Теңиринсан» (2004-ж.), «Күнэл»( 2007-жыл, жамааттык жыйнак)... Читать дальше...
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бардык тармактарды жапырт санариптештирүү жүрүп жатканын, бул көмүскө экономикадагы каражаттарды мыйзамдаштырууга өбөлгө түзүп, чогулган каражат биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин эмгек акысын көтөрүүгө багытталарын айтты.
Орусияда белгилүү актер, адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы үчүн айыпталган Михаил Ефремов баш калаанын Краснопресненск райондук сотунда күнөөсүн моюнга алуудан баш тартты. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттиги кабарлады. Ефремов: «Эсимде эч нерсе жок. Жок, мойнума албайм», - деп айтты. Адвокаттары айыпты моюнга алууга азырынча эрте деп эсептешет. Прокурор кырсык учурунда актёр мас абалында, баңгизат чегип алган болчу, уруксат берилген ылдамдыктан ашырып айдаган жана машинесин башкара албай калган деп эсептейт. Читать дальше...
Кыргызстандагы «Таза Кол» коомдук уюму Токтогул станциясында (ГЭС) суу кескин азайып кеткенин билдирип, бул кышта жарыктын өчүрүлүшүнө алып келерин эскертти.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун соту 10-августта уланмай болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Таалайгүл Токтакунова билдирди. Анын айтымында, 5-августка белгиленген сот отуруму болгон жок. Буга Текебаевдин оорусуна байланыштуу маалымат бериш үчүн чакыртылган медициналык адис келбегени себеп болду. «Сот прокуратураны «көз каранды эмес адис чакырткыла» деп милдеттендирген болчу. Прокуратура Саламаттык сактоо министрлигине кайрылган экен... Читать дальше...
FIFA президенти Жанни Инфантино буга чейин Кыргызстанга келерин айткан. Эл аралык учууларга уруксат берилсе, ал убада сөзсүз ишке ашаарын дагы бир ирет белгиледи.
Кинотеатрлардан көрсөтүүгө уруксат берилбей, Интернетке чыгарылган “Мекен” тасмасын үч күндө жарым миллион киши көрүптүр. Астына пикир жазгандардын саны эле он миңден ашыптыр. Социалдык желеде, мисалы, "Фейсбукта" аны өтө толкундануу менен сөз кылгандар көп болууда. Бул фильм эмне үчүн элди ушунчалык өзүнө тартып жатат? Топук “Топук”... Таажы тумоосу келип, дүрбөлөңгө түшкөн калайык жабыла ун талашып киргенде, кийин чайкоочулар эң көп суралган дары-дармекти он эсе, жыйырма эсе кымбат сатканда эл кайрадан эстеди бул сөздү. Читать дальше...
Казакстандын саламаттык сактоо министринин жооптору журналисттердин ачуусун келтирди. Алардын нааразылыгына түз эфир учурунда журналисттердин микрофону улам өчүрүлүп жатканы себеп болду. Кабарчылар коронавируска кабылгандардын саны азайтылып жатканы боюнча бир нече суроо берип, жообун ала албай калышты.
Ош облустук ооруканасын курдурган адис, Кыргызстандын Эмгек сиңирген дарыгери жана куруучусу, 26 жылдан бери Орусияда жашап келген Виталий Сергеев катуу оорудан кийин каза болду. 5-августта президент Сооронбай Жээнбеков маркумдун жакындарына көңүл айтты: «Дүйнөдөгү эң ардактуу жана керектүү кесипке өзүн арнаган, жүрөгү кенен, өтө талантуу жана колу алтын жердешибиз көз жумду. Виталий Прокопьевич Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагынын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон. Анын эмгегинин жана билиминин... Читать дальше...
Мындан 40 жыл мурун Москвада өткөн (СССР) XXII Олимпиада оюндарында жеңил атлетика боюнча коло медалдын ээси болгон Сатымкул Жуманазаров тирүү болсо быйыл 69 жашка чыкмак.