Өзбекстанда карантиндик чектөөлөр 15-августка чейин узартылганына карабай бала бакчалар кайра ачылганы жатат. Бул тууралуу Мектепке чейинки билим берүү министрлиги кабарлады. Мекеме тараткан билдирүүдө «Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин жандантуунун максаты - балдарды кадыресе, көнүмүш жашоого, оюндарга, окууга кайтаруу. Балдар үчүн да, тарбиячылар үчүн да коопсуз шарт түзүлөт» деп айтылат. Ошондой эле кошумча сактык чаралары киргизилери белгиленген. Өзбекстанда коронавирус пандемиясынан... Читать дальше...
Ооганстандын Коргоо министрлигинин өкүлү Фавад Аман Ооганстандын Газни чыгыш провинциясында 6-августтагы кош кагылышууда «Талибандын» кеминде 16 жоочусу өлгөнүн билдирди. Бул чырдашкан эки тарап атышууну токтотуу жөнүндө макулдашкандан кийинки талибдер менен өкмөттүк күчтөрдүн алгачкы кагылышуусу болуп калды. Аман Кабул канча адамын жоготкону тууралуу маалымат берген жок. «Талибан» да азырынча буга байланыштуу комментарий бербей турат. Ооган бийлиги 5-августта батыштагы Нимрох провинциясындагы Хаш-Род районунда машине минага кабылып... Читать дальше...
Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов улуттук каада-салт, жүрүм-турум тууралуу «Түркмөндөрдүн руханий дүйнөсү» деген китеп жазды. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады. Анда китеп 12 бөлүктөн турары, «Түркмөнстан - нейтралитеттин мекени» деген ураан алдында жарыяланары айтылган. Ошондой эле «жашоонун көркөмдүгү», «жердеги бейпилдик», «тирүүлүктүн түбөлүктүүлүгү», «илим менен билим берүүнүн коомдун өнүгүшүндөгү мааниси», «дени сак жашоонун принциптери», «мээнеткечтик жана меймандостук»... Читать дальше...
6-август күнү саат 19:30 чамасында Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Таш айылынын четиндеги Жака-Өрүк участогунда талаада эгин сугарып жүргөн кыргызстандык жаранга белгисиз тараптан эки ок тийип, жарадар болду. Жарадар болгон жаран ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен райондук администрациянын өкүлү билдирди. Анын айтымында, ок жергиликтүү тургундун эки жерине - желкесине жана жамбашына тийген. Абалы орточо оор деп бааланууда. Мамлекеттик чек ара кызматы бул окуя учурда такталып жатканын... Читать дальше...
Беларустун борбору Минск шаарында президенттикке оппозициядан талапкер болгон Светлана Тихановскаяны колдогон акция болбой калды. Анын алдында талапкердин шайлоо штабынын башчысы Мария Мароз кыска убакытка кармалган жана уруксат берилбеген митинг өткөрбөө тууралуу эскертүү алгандан кийин коё берилген. Тихановскаяны колдогон митинг 6-августта кечке жуук Элдердин достугу паркында өтмөк. Тихановскаянын басма сөз өкүлү Анна Красулина митингдин алдында шаар бийлиги бул жерге беларус темир жол кызматкерлерине... Читать дальше...
Камактагы экс-премьер-министр Сапар Исаковдун иши боюнча Бишкек шаардык сотуна өткөн процесс бир аптага жылды.
Мындай чечим кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусунда кабыл алынды. Жолугушуу бүгүн, 6-августта Баткенге чектеш жайгашкан Тажикстандын Исфара районунда болду. Ага кыргыз тараптан өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары, ал эми Тажикстан тараптан Согди облусунун губернаторунун орун басары, аймактагы чек ара кызматтарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди... Читать дальше...
Кыргызстанга Орусиядан 500дөн ашык кыргызстандык учуп келди. Орус-казак чек арасында топтолуп турган 2,5 миңдей кыргызстандык Казакстан аркылуу мекенине кайтып келатат. Сырттан кайткандарга карата чабал көзөмөл кырдаалды күчөтпөйбү?
Быйылкы парламенттик шайлоонун жүрүшүнө көз салуу максатында «Келечекке жол» аттуу мониторинг борбору түзүлдү. Бул тууралуу борборду жетектеп жаткан мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди: «Мониторинг борбору сырттан кыйыр да, түз да кийлигишүү учурларына жакшылап көзөмөл кылып, маалыматтарды утур жарыялап, атайын отчётторду чыгарат. Борбор партиялардын, талапкерлердин, массалык маалымат каражаттарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнө жана социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзөт. Парламенттик... Читать дальше...
«Ак Шумкар» партиясы парламенттик шайлоо алдында «Жаңы дем» урааны менен түзүлгөн саясий альянстан чыгып жатат. Аталган бирикме мындан эки ай мурун, 5-июнда «Ата Мекен» партиясынын кеңсесинде пайда болгон.
Германия Кыргызстанга 41,8 млн. евро берет. Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы 2019-20-жылдарга финансылык жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Бул боюнча мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков 6-августта кол койгонун президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Макулдашууга ылайык, немис өкмөтү эки тараптуу финансылык жана техникалык кызматташтык үчүн кыргыз өкмөтүнө 41,8 млн. еврону грант катары берет. Мунун ичинен 21,8 млн. евро техникалык кызматташтык долбооруна... Читать дальше...
Тажик парламентинин кош палатасы 6-августта биргелешкен жыйынга чогулуп, президенттик шайлоонун мөөнөтүн 11-октябрга белгиледи. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) таянып жазды. Мыйзамга ылайык, президенттикке талапкерлерди саясий партиялар, облустардагы, шаарлардагы жана райондордогу кесиптик кошуундар көрсөтөт. Бул шайлоо Тажикстандын эгемен тарыхындагы алтынчы шайлоо болмокчу. Азыркы президент Эмомали Рахмон 1994-жылдан бери бийликте отурат жана келерки... Читать дальше...
«Азаттык» аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат. Баткен Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик тилкесиндеги окуя жеринде иликтенүүдө, абал туруктуу Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, кыргыз тарап Баткендин Чыр-Дөбө деп аталган жериндеги чек ара тилкесинде 6-августтун таңында болгон окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Баласы даун синдромунан жабыркаган Элмира Сулайманова блогер катары айылдагы майып балалуу энелерге карата стигма менен күрөшүп келет.
Кыргызстанда 29 мектептин имараты жараксыз абалда турат. Бул тууралуу 6-августта президент Сооробай Жээнбековдун өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Көкөчаров менен онлайн кеңешмесинде айтылды. Авариялык абалдагы 29 мектептин беш имараты оңдолуп бүткөнү, алар 1-сентябрга карата пайдаланууга берилери маалымдалды. Агенттиктин директору билдиргендей, азыркы учурда коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттын эсебинен 15 мектепке кошумча корпус курулуп жатат. Читать дальше...
Кыргызстанда дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча абал бир топ турукташты. Бирок айрым дарылардын жетишсиздиги дагы эле байкалып жатканын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева 6-августтагы брифингде билдирди. Анын айтымында, жетишпеген каражаттардын катарында надропарин (фраксипарин), натрий эноксапарини, кларитромицин, пиперациллин+тазобактам, мидазолам бар. Бул дары-дармектердин баары коронавирус менен пневмониянын оор жана өтө оор формаларын дарылоо үчүн зарыл. Читать дальше...
Беларустун президенти Александр Лукашенко өлкөнүн башкы прокуроруна Минскиде кармалган орус жарандарына байланыштуу Орусия менен Украинадан кесиптештерин чакырууну, бул ишти чогуу иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу БЕЛТА маалымат агенттиги кабарлады. Мунун алдында Киев кармалгандардын арасындагы Донбасстагы куралдуу кагылыштарга катышкан адамдарды Украинага өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Лукашенко Минск шаарына жакын жердеги санаторийде кармалган орус жарандарынын айрымдарын Украинага өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген. Читать дальше...
Франциянын президенти Эммануэл Макрон Бейруттагы катуу жарылуудан кийин, 6-августта Ливанга расмий сапар менен келди. Аны учактан түшкөндө өлкө президенти Мишел Аун тосуп алды. Макрон Ливандагы бир канча адамдын өлүмү менен аяктаган кырсыктан кийин Бейрутка барган алгачкы чет өлкөлүк жетекчи болуп калды. Франция өзүнүн мурдагы колониясы Ливанды ар тараптан колдоого аракет кылып келет жана кырсыктан кийин чукул жардам жөнөткөн. Бейруттагы порттогу кош жарылуудан бери дегенде 137 адам өлүп, дагы беш миңдей киши жарадар болду... Читать дальше...
Президенттик шайлоого Демократиялык партиянын атынан аттанып жаткан АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байден Висконсин штатынын Милуоки шаарындагы бул партиянын жыйынына катышпай турганын билдирди. Коронавирус пандемиясынын улам курултайдын басымдуу бөлүгү онлайн өтмөкчү. Бул тууралуу курултайдын уюштуруучулары кабарлады жана мындай чечим оорунун жайылышынын алдын алуу максатында кабыл алынганын айтышты. Пандемия болбогондо 17-августтагы жыйын төрт күнгө созулуп, 50 миң делегат, журналисттер чогулмак... Читать дальше...
Жалал-Абадда 100 орундуу оорукананын курулушу жүрүп жатат, аны каржылоо маселеси чечилди. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков 6-августтагы брифингде билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан-тамыр хирургиясынын изилдөө борборунун имараты да капиталдык ремонттон өткөрүлүп жатат. Коронавирустун экинчи толкуну тууралуу божомолдорго байланыштуу атайын комиссиянын чечими менен 39 пункттан турган иш-чаралардын планы иштелип чыкты. Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, кыргыз тарап Баткендин Чыр-Дөбө деп аталган жериндеги чек ара тилкесинде 6-августтун таңында болгон окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева «Азаттыкка» мындай маалымат берди: «Кыргыз тарап бир тараптуу негизде Баткен облусунун Баткен районунун чек арага канатташ Чыр-Дөбө аймагында текшерүү жүргүзүп жатат. Укук коргоо органдары Тажикстандын жарандары менен... Читать дальше...
7-августта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38; Талас жергесинде түнкүсүн 15...20, күндүз 31…36; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29; Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16 градус болот. Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...
Тажик парламентинин кош палатасы 6-августта биргелешкен жыйынга чогулуп, президенттик шайлоонун мөөнөтүн 11-октябрга белгиледи. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) таянып жазды. Мыйзамга ылайык, президенттикке талапкерлерди саясий партиялар, облустардагы, шаарлардагы жана райондордогу кесиптик кошуундар көрсөтөт. Бул шайлоо Тажикстандын эгемен тарыхындагы алтынчы шайлоо болмокчу. Азыркы президент Эмомали Рахмон 1994-жылдан бери бийликте отурат жана келерки... Читать дальше...
«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын катарына «Ак шумкар» саясий партиясынын лидери, мурдагы премьер-министр Темир Сариев кошулушу мүмкүн. Бул тууралуу 6-августта партиянын өкүлү Айданбек Акматов «Азаттыкка» билдирди. Өкүлдүн айтымында, мындан тышкары «Бүтүн Кыргызстандын» шайлоо тизмесине кирүү ниетин Өмүрбек Суваналиев, Исхак Масалиев, Алтынай Өмүрбекова, Зияш Жамалдинов, Ишенбай Кадырбеков, Турсунбай Бакир уулу, Ташполот Балтабаев, Жеңишбек Байгуттиев сыяктуу белгилүү коомдук-саясий ишмерлер билдиришкен. Читать дальше...
АКШнын Лос-Анжелес шаарынын атактуу району Голливудда Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова менен анын күйөөсү Тимур Тиллаевге таандык үч вилла сатыкка коюлду. «Variety» басылмасы үйлөрдүн жалпы баасы 19 миллион доллар экенин жазды. Маалыматтарга караганда, жубайлар бул үйлөрдү 2014-жылы сатып алганы менен жашаган эмес, ижарага берип келишкен. «Тиллаев менен Каримова Беверли-Хиллздеги тандалма үйдө турушат, аны жубайлар 2013-жылы 33 миллион долларга сатып алышкан», деп жазды басылма. Читать дальше...
Баласы даун синдромунан жабыркаган эне Элмира Сулайманова блогер катары айылдагы майып балалуу энелерге карата стигма менен күрөшүп келет. Аны соцтармактардын колдонуучулары “күн баланын энеси” деп издеп окушат. Беш баланын энеси Эльмира Сулайманова Баткендеги айылдардын биринде жашайт. Ал айыл жергесинде өзгөчө балдарды коомго аралаштыруу милдетин аткарган борбор ачкысы келет.