Беларус полициясы Минскиде шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирүү үчүн чогулуп жаткан адамдарды кармап кетүүдө. Беларус баш калаасында 10-августтун кечинде кеминде 19 киши кармалганын “Reuters” агенттиги күбөлөргө шилтеме кылып кабарлады. “Настоящее Время” телеканалы Брест, Гродно сыяктуу бир катар шаарларда да акцияга чогулгандар кармалган учурлар бар экенин маалымдады. 9-августтун кечинде мамлекеттик экзит-полл Александ Лукашенко президенттик шайлоону жеңгенин көрсөткөндөн көп өтпөй Беларустун... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук соту өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевди 8-сентябрга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарды. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалат. Журналисттин адвокаты сот чечими менен макул эмес экенин «Азаттыкка» билдирди.
Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип чыккандарга күч колдонулганын айыптады. Ал 10-августта “Твиттерге” жарыялаган билдирүүсүндө Беларус өкмөтүн добуштарды так саноого жана анын жыйынтыгын жарыялоого чакырды. Ушул эле күнү Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча мекемесинин башчысы Жозеп Боррел жана уюмдун кеңейүү боюнча комиссары Оливер Вархелий да Беларустун күч органдарынын аракетин сынга алган билдирүү таратышты. Читать дальше...
“Microsoft” компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс АКШ коронавирус пандемиясын ооздуктоодо дүйнөнүн калган мамлекеттеринен артта калып жатканын, буга калкты тесттен өткөрүүдөгү мүчүлүштүктөр себеп экенин айтты. Ал мындай оюн 9-августта “CNN” каналынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Белгилүү филантроп “Кошмо Штаттардын баштапкы туура эмес чечимдери жана өлкөдөгү саясий атмосфера калкты тесттен өткөрүү жараянына кедергисин тийгизгенин” кошумчалады. Ошондой эле АКШда COVID-19 илдетин алдын... Читать дальше...
Бул жолку шайлоо мурдагылардан кескин айырмаланып, оппозициялык маанай күч алган, калайман каршылык акциялар көбөйгөн маалда өттү. Андан сырткары азыркы президент Александр Лукашенкого атаандаш талапкерлер чыкты. Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы азыркы президент Александр Лукашенко баштаган беш адамды - Светлана Тихановскаяны, Андрей Дмитриевди, Анна Канопацкаяны, Сергей Череченди каттаган. Белгилүү видеоблогер Сергей Тихановский камакка алынгандан кийин шайлоого анын ордуна аялы Светлана Тихановская аттанган. Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук соту өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевди 8-сентябрга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарды. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалат. Журналисттин адвокаты Тимур Султанов сот чечими менен макул эмес экенин «Азаттыкка» билдирди: «Биз адвокаттар соттун чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейбиз. Анткени Жазык-процессуалдык кодекстин нормалары бузулду. Ошондуктан, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылабыз». Читать дальше...
Беларустагы президенттик шайлоого Кыргызстанда да кызыгуу менен көз салгандар көп болду.
Беларустун Ички иштер министрлиги (ИИМ) Минскидеги түнкү кагылышууларда бир демонстрант өлгөнү тууралуу кабарды четке какты. Министрликтин басма сөз катчысы Ольга Чемоданова 50дөй жайкын тургун жана 39 күч кызматкери жараат алганын билдирди. Ошондой эле өлкө боюнча үч миңдей киши кармалганын, алардын үчтөн бири Минскиге туура келерин кошумчалады. Анын алдында «Вясна» укук коргоо борбору түндө полициянын автоунаасы сүзүп кеткен бир жигит кайтыш болгонун билдирген. Аталган борбор демонстранттын... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиодогу» маегинде парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда административдик-аймактык реформа жүрө турганын билдирди.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ушу тапта өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин бөгөт чарасы жабык каралууда. Сотко кирердин алдында Абдуллаев журналисттерге өзү мыйзамсыз өтүнүч менен кармалганын жана күнөөсүз экенин билдирди. «Өтүнүчтүн өзү мыйзамсыз. Мыйзамсыз кармоо. «Кара мерген деген лакап ат менен макала жазды» деп, 23-июлда сот өткөрүп, мага сырттан айып коюшту»,- деди ал. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин атайын өкүлү (УКМК) Рахат Сулайманов издөөдө жүргөн... Читать дальше...
Бейтаптардын өмүрүн сактап, күндүр-түндүр бел чечпей эмгектенип жаткан дарыгерлердин таржымалы. Илдет курчуган кезде бир күндө 40тан ашуун бейтапты тейлеген көлдүк ардаргер фельдшер. Орусиядагы ишин таштап мекенине келип элеттик эмканада иштеп жаткан микрохирург.
Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын мүчөсү, депутат Талант Мамытов менен мурдагы вице-премьер-министр, «Учкун» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Даир Кенекеев «Кыргызстан» партиясынын катарына өттү. Аларга партиялык билеттер 10-августта тапшырылганын партиянын катчылыгы кабарлады. Парламенттик шайлоо алдында курамын жаңылап жаткандыгы тууралуу башка партиялар да буга чейин кабарлаган. Маселен, «Жаңы дем» саясий альянсына бириккен Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев... Читать дальше...
Транспорт жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев 10-августтагы брифингде Кыргызстандагы чуулгандуу жол курулуштары тууралуу маалымат берди. Анын билдирүүсүнө караганда, бир канча жылдан бери курулуп бүтпөй келаткан Балыкчы-Корумду жолунун курулушунун 70% аяктап калды. Жол салып жаткан кытайлык «Лоң Хай» компаниясы жумушчулардын айлык акысын төлөп берүүгө убада берди. Бердалиев пандемияга байланыштуу компаниянын өкүлдөрү Кытайдан келе элек экенин кошумчалады. 2015-жылы башталган бул... Читать дальше...
Кыргызстандын башкы пульмонологу Талантбек Сооронбаев COVID-19 вирусу көпкө чейин экинчи жолу жукпайт деп эсептейт. Бирок бул теорияны колдобогон башка дарыгерлер да бар.
11-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35; Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33; Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26; Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27 градус болот. Читать дальше...
9-августта Беларуста президенттик шайлоо өттү. Бийликтин маалыматына ылайык, Александр Лукашенко 80% добуш менен алдыга озуп чыкты.
Гонконгдо белгилүү ишкер, «Apple Daily» гезитинин кожоюну Жимми Лай кармалды. Ага Гонконгдогу улуттук коопсуздук тууралуу жаңы мыйзамдын алкагында «чет өлкөлүк күчтөр менен алакада болгон» деген айып коюлууда. Дүйшөмбү күнү полиция Лайды кармоо менен бирге анын баш кеңсесинде тинтүү иштерин да жүргүздү. 71 жаштагы Лай - Гонконгдогу демократиячыл кыймылдарды колдогон, Бээжиндин саясатын сынга алган таанымал ишмерлердин бири. Анын кармалышы Британия 1997-жылы Кытайдын башкаруусуна өткөрүп берген... Читать дальше...
Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жекшембидеги президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялап, анда Александр Лукашенко ишенимдүү жеңгенин жарыялады.
"Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын лидери, партиянын Жогорку Кеңештеги фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев күзүндө өтчү парламенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Депутат бул шайлоодо акчанын атаандаштыгы болуп, каражат көп кетээрин, шайлоочулар программа, идея жөнүндө эмес, «Ким канча берет экен?» деген суроону көп берип жатканын айтты. «Ал эми жалган саясатчылардын жеке кызыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору болуп калды. Бул жакшы эмес көрүнүш. Читать дальше...
Ооган өкмөтү жана «Талибан» кыймылы 18 жылдан бери уланып келаткан кан төгүүнү токтотуу максатында тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого бир кадам жакындап калышты.
Эл аралык каттамдар токтоп, чек аралардын жабылышы "Дордой" базарынын соодасына терс таасирин тийгизүүдө. Себеби коңшу Казакстандан, Орусиядан кардарлар келбей калды. Соодагерлер контейнердин ижара акысын чыгара албай соңку эки айды чыгаша менен жыйынтыкташты. Мектеп, билим берүү мекемелеринин онлайн окууга өтүшү абалды андан да курчутуп жатат.
Айрым айыпталуучулардын жактоочулары сотко келбегендигине байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги соттук отурум болбой калды. Райондук соттун басма сөз кызматы кийинки жараян 12-августка белгиленгенин билдирди. Адвокаттар сотко эмне себептен келбей калганы айтылган жок. 2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Читать дальше...
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максатбек Токтомушевдин буйругуна ылайык, Замир Ракиев Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы 10-августта билдирди. Ракиев 1978-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. Дин жана чыгыш таануу боюнча жогорку билими бар. Эмгек тажрыйбасында медреселерде мугалим, Нарын облусунун казысы жана башка кызматтарда иштеген. 2017-жылдын май айынан тартып муфтийдин орун басары болуп иштеп келген. Читать дальше...
Беларустун президенти Александр Лукашенко талаштуу шайлоонун эртеси Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов же кийин атын өзгөрткөн Даниил Урицкий жетектей турганы кабарланып келген ишканага барды. Лукашенконун бул сапары тууралуу жаңылыкты жана анын Урицкий менен чогуу түшкөн сүрөтүн Беларустун «БелТА» мамлекеттик маалымат агенттиги 10-августта жарыялады. Ал жаңылыкта Лукашенко Урицкий жетектеген «Беларус улуттук биотехнология корпорациясынын» (БНБК) ишин жогору баалаганы белгиленди. Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун соту 12-августта уланмай болду. Мындай чечимди сот бүгүн, 10-августка белгиленген жараянда мамлекеттик котормочунун келбей калганына байланыштуу кабыл алды. Сотто котормочунун кызматын колдонуп келген Өмүрбек Текебаев мамлекет ага акча төлөбөгөнүнөн улам жараянга келбей калганын айтты. Өмүрбек Текебаев 27-июлда пневмониядан дарыланып, ооруканадан чыккан. Читать дальше...