Материалдык резервдер фонду Орусиядан 33 миң тонна буудай сатып алды
Бул тууралуу өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов 21-августтагы брифингде билдирди. Анын айтымында, ата мекендик дыйкандардан дагы 10 миң тонна буудай сатып алынат.
Каракулов ушу тапта мекемедеги азык-түлүктүн запасы Кыргызстанды камсыздоого жете турганын, Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге дары-дармектерди сатып алып, резервге коюу боюнча иш жүрүп жатканын кошумчалады.
Кыргызстанда быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу дары-дармектер жетиш экени ачыкка чыкты. Айрыкча илдет күч алган июнь-июль айларында дарыканаларда кезек күткөндөр көп болду. Пандемия башталган март айындагы эки айга созулган карантин учурунда азык-түлүк тартыш болот деген кеп тарап, дүкөндөрдө да адамдар кезекке турушкан.
Бийлик эпидемиянын экинчи толкуну болушу мүмкүн экенин эскертип жатат. (NT)