Күздө өтчү парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 44 партиянын ичинен тогузу жарыштан чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 19-августтагы маалыматына ылайык, Агрардык партия, “Демократ”, Кыргызстан коммунисттеринин партиясы, “Эмгек”, “Бийлик элге”, Кыргызстандын Элдик-демократиялык партиясы, “Бирик”, “Таза коом” жана “Жаратман Эл” партиялары шайлоого катышпай турган болду. Алардын айрымдары башка партияга кошулган, кээ бирлери шайлоо фонду үчүн эсеп ачкан эмес. Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген. Читать дальше...
1996-жылы «качкын» статусу менен келген тажикстандык 45 үй-бүлөнү кыргыз өкмөтү Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылындагы 1938-1941-жылдары курулуп, эскилиги жеткен оорукананын үч имаратына жайгаштырган.
Беларуста президенттик шайлоого нааразы болгондордун 9-август түнү башталган нааразылык акциялары токтой элек.
АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы, республикачы Колин Пауэлл президенттикке Жо Байдендин талапкерлигин колдоп чыкты. Пауэллдин бул тууралуу билдирүүсү АКШдагы Демократиялык партиянын сайтына чыкты. «Мен АКШнын президенттигине шайлоодо талапкер Жо Байденди колдойм», - деди Пауэлл. Ал Байден америкалык аскер кызматкерлерине көңүл бурат деген ишеничин билдирди. Колин Пауэлл 2001-2005-жылдары АКШнын 43-президенти, республикачы Жорж Буштун бийлигинин учурунда мамлекеттик катчы болуп турган. 1987-1989-жылдары 40-президент... Читать дальше...
АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин 19-августка карата берген маалыматына ылайык, жалпы дүйнөдө коронавирус илдетине чалдыккан адамдар 22 миллиондон ашты. Оорудан 778 557 адам көз жумду. 14 миллиондон ашуун адам илдеттен айыкты. Оору жуккандардын басымдуу бөлүгү АКШда. Бул өлкөдө дээрлик 5,5 миллион адам коронавирус менен ооруду. 175 миңден ашуун киши илдеттен көз жумду. Андан кийин Бразилияда дээрлик 3,5 млн. адам ооруп, 110 миң киши көз жумду. Индияда 2,7 млн. адам вирусту жугузуп алган, 53 миң адам бул илдеттен каза болду. Читать дальше...
Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишел 17-августта биримдиктеги өлкөлөрдүн башчыларын Беларустагы кырдаалды талкуулоого чакырган. Иш-чара шаршембиде өтөт. Чакырууда: «Беларус эли келечегин тандоого укуктуу. Бул үчүн зомбулукту токтотуп, тынч сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек. Өлкө бийлиги элдин эркин эске алууга тийиш. Сырттан кийлигишүү болбошу керек», деп жазылган. Еврокеңештин башчысы 9-августта Беларуста өткөн шайлоо эркин да, калыс да болбогонун, андан кийинки демонстрациялардагы кармоо зомбулук менен коштолгонун белгиледи. Читать дальше...
Кара-Сууда секелек кызга сексуалдык ыдык көрсөттү деген шек менен 30 жаштагы киши кармалды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 11-июлда райондун тургуну милицияга кайрылып, алты жаштагы кызына сексуалдык ыдык көрсөтүлгөнүн маалымдаган. Бул факт Кылмыш кодексинин 165-беренеси «Ыплас аракеттерди жасоо» боюнча бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки тергөө башталды. Милициянын ыкчам аракетинин натыйжасында бул ишке шек саналып, Ош шаарынын 30 жаштагы тургуну кармалды. Читать дальше...
Анын ичинде массалык иш-чараларды, аш-тойлорду өткөрүүгө тыюу уланууда. Коронавируска каршы ыкчам штаб тиешелүү органдар кафелерге, ресторандарга жана башка эс алуучу жайларга текшерүү, рейд жүргүзүп жатканын кабарлады. Маалыматта айтылгандай, премьер-министр Кубатбек Боронов акыркы убакта аш-той өткөрүү күч алганын белгилеп, бул багыттагы иштерди күчөтүүнү тапшырды. Өкмөт башчы өлкөдө жалпысынан коронавирус илдети басаңдаганы менен аймактарда оорулуулар дагы эле көп экенин эске салды. Кубатбек... Читать дальше...
Жакында өзбек жана тажик тараптар менен вице-премьер-министрлердин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр болот. Бул маалыматты Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров 18-августта президент Сооронбай Жээнбеков менен онлайн кеңешме учурунда билдирди. Анын айтуусунда, мамлекеттик чек ара тилкелеринде түрдүү талаш-тартыштарга жол бербөө үчүн жергиликтүү бийлик укук коргоо органдары менен бирге элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков пандемия шартында кыргыз-өзбек жана... Читать дальше...
Ишти Баткен райондук соту карайт. Айыпталуучулардын адвокаты Алтынбек Сатаровдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, учурда мамлекеттик айыптоонун күбөлөрү көрсөтмө берип жатышат. «Мамлекеттик айыптоонун 11 күбөсү суралды. Дагы тогузу калды. Андан кийин биздин күбөлөр суралат», - деди ал. Көк-Таш айылындагы чек ара чырына байланыштуу айыпталып жаткан төрт жарандын иши боюнча соттук териштирүү июль айынан бери жүрүп келе жатат. Баткен районунун Көк-Таш айылынын төрт тургуну «Массалык башаламандык»... Читать дальше...
“Күлкү кербендин” жаңы шиңгили Беларустагы жыйынтыгы талаш туудурган президенттик шайлоого байланыштуу соңку окуяларды чагылдырган азилдерден турат.