Күздө өтчү парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 44 партиянын ичинен тогузу жарыштан чыкты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 19-августтагы маалыматына ылайык, Агрардык партия, “Демократ”, Кыргызстан коммунисттеринин партиясы, “Эмгек”, “Бийлик элге”, Кыргызстандын Элдик-демократиялык партиясы, “Бирик”, “Таза коом” жана “Жаратман Эл” партиялары шайлоого катышпай турган болду. Алардын айрымдары башка партияга кошулган, кээ бирлери шайлоо фонду үчүн эсеп ачкан эмес.
Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген.
Партиялар 20-августка чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин жарыялоого тийиш. 24-август кечке чейин талапкерлердин тизмесине байланыштуу тийиштүү документтер БШКга тапшырылып, 4-сентябрга чейин тактоо иштери аякташы керек.
Пандемия шартына байланыштуу БШК партияларга курултайды ачык асман алдында өткөрүүнү сунуш кылган. (SE)