Апрель айынын экинчи жарымында «Сорос - Кыргызстан» фондунун колдоосу менен Оксфорд университетинин математикалык моделинин негизинде Кыргызстандагы коронавирус инфекциясынын жайылышы, саламаттык сактоо тармагына тийгизген таасири алдын-ала божомолдонгон.
Премьер-министр Кубатбек Боронов 14-августта жылытуу мезгилине даярдык көрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Боронов быйыл күз-кыш мезгилдерине эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен даярданыш керек экенин, ал үчүн каралган 2,9 млрд. сомдун жарымы бөлүнгөнүн айтты. «Электр энергиясын керектөө белгиленген лимитинен ашпоого тийиш. Электр энергиясын колдонгон ири ишканалар энергияны кошумча булактан алуу маселесин карап чыгышы зарыл», - деди премьер-министр. Читать дальше...
Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, коронавирус менен ооруган акыркы сегиз бейтап 13-августта госпиталдан айыгып чыкты. Мурдагы транзиттик «Ганси» базасында ачылган «Семетей» госпиталы 47 күн иштеп, бул аралыкта 1500 бейтап, анын ичинен 300гө жакыны реанимацияда дарыланды. Ушул тапта госпитал күз-кыш мезгилдерине жана коронавирус илдетинин экинчи толкунуна даярдалып жатат. Анда кошумча шарттар каралып, лаборатория түзүү пландалууда. COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Кыргызстандын ооруканаларында орун жетишпей... Читать дальше...
АКШнын Улуттук чалгын кызматы Федералдык иликтөө бюросу менен кошо киберкоопсуздук боюнча баяндама жарыялады. Анда орусиялык киберкооптуу программа тууралуу жазылган. Ага ылайык, «Отунчу» деп аталган бул программа Орусиянын Аскердик чалгын кызматы тарабынан кибертыңчылык операциясынын бир бөлүгү катары колдонулган. Баяндамада операция жүргүзгөн аскер бөлүгү да аталып, Орусия Башкы штабынын атайын кызмат башкармалыгынын 26165-85-бөлүгү деп жазылган. Баяндама ээлери ырастагандай, Башкы штабдын... Читать дальше...
14- августта Бишкекте «Шайлоонун калыстыгы жана аныктыгы - ишеним менен туруктулуулуктун кепилдиги!» аттуу коомдук талкуу өтөт. Иш-чарада парламенттик шайлоого катышуучу партиялардын каржы фондунун ачыктыгы, талапкерлердин тизмеси жана башка маанилүү маселелер боюнча талкуу болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдады. Талкууну ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү БШК менен чогуу өткөрөт. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо быйыл 4-октябрга дайындалган. Читать дальше...
Алар 9-августтун кечинде кармалып, административдик жоопкерчиликке тартылган. Айрым адамдарды сот төрт күнгө, айрымдарын 25 күнгө камакка алууга чечим чыгарган. Тизмедегилердин басымдуу бөлүгү -15 күнгө камалгандар. Жогорку соттун тизмеси - Беларустагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болуп, көчөгө чыккан адамдардын кармалышы тууралуу алгачкы расмий маалымат. Буга чейин Ички иштер министрлиги нааразылык акцияларында коомдук тартипти бузганы үчүн жети миңдей адам кармалганын билдирген. Читать дальше...
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Жогорку сот менен Башкы прокуратурага «пайдасыз» кызматкерлерден арылууну тапшырды. Ал 13-августта сот жана прокуратура тармагында жогорку деңгээлдеги кызматка дайындалгандар менен жолугушуп жатып: «Силер өзүңөр коомчулукта тартипти жана мыйзамды сактоонун үлгүсү болушуңар керек!» деп айтты. Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, Эмомали Рахмон сот жана прокуратура кызматкерлери аралашкан коррупциялык иштерди мисал келтирип, бул тармактын аброюна шек келтире турганын айтты. Читать дальше...
Казакстанда карантиндик чектөөлөрдү бир нече баскыч менен алууну мамлекеттик комиссия чечти. Аталган комиссия 13-августта бул чечимин «5-июлдан тартып киргизилген чектөөлөр кырдаалды турукташтырууга жардам берди жана медициналык мекемелерде бейтаптарды азайтты» деп негиздеди. Мындай маалыматты казак өкмөтүнүн басма сөз кызматы таратты. Анда айтылгандай, «күнүмдүк коронавируска чалдыгуу төрт пайыздан 0,5 пайызга чейин төмөндөдү». Ошондой эле айыккандардын саны да 76% түздү. Азырынча барлар, кинотеатрлар... Читать дальше...