Беларустагы президенттик шайлоодо талапкер болгон Светлана Тихановская жума күнү кайрылуу жаздырды. Ал шайлоону жеңгенине ишенерин, жыйынтыкты бурмалоодон баш тарткан ондогон шайлоо участокторунда добуштардын 70-90% алганын айтты. 10-августта бийликтин басымынан улам Литвага кеткен оппозициячыл талапкер ага добуш берген жарандарга ыраазычылык билдирип, «өз чечимин коргоого», дем алыш күндөрү элди тынч митингге чыгууга үндөдү. Ал шаарлардын мэрлерине кайрылып, 15-16-август күндөрү элдин тынч акцияларын өткөрүшүн камсыз кылууга чакырды. Читать дальше...
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөлөрү, КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракция башчысы Иса Өмүркулов, мүчөлөрү Элвира Сурабалдиева, Кожобек Рыспаев, президентке караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Анарбек Калматов КСДПнын лидеринин милдетин аткаруучу Анвар Артыковго партиядан чыгуу тууралуу арыз берди. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Ал Иса Өмүркулов менен Кожобек Рыспаев... Читать дальше...
«Кумтөр» алтын кен компаниясына каршы цианид чуусуна байланыштуу доо арыз жазгандар соттун акыркы чечими менен макул эмес. Алар жакын арада жогорку инстанцияларга кайрылууга камынып жатышат. Бул тууралуу «Азаттыкка» доогерлердин бири Миргүл Урманбетова кабарлады. Андан алынган маалыматка караганда, доогерлер Октябрь райондук сотунун 17 кишиге 400 миң сомдон кенемте төлөө тууралуу чечими туура эмес экенин, бул сумма аздык кыларын билдирип жатышат. Бишкектин Октябрь райондук соту 10-августта... Читать дальше...
Ооган өкмөтү «Талибандын» туткундагы соңку жоочуларын бошото баштады. Камактагы туткундарды чыгаруу Кабул менен бул уюмдун бетме-бет сүйлөшүүлөрүн баштоонун негизги шарты болчу.
Түркиянын Изник шаарында 2021-жылы өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасы тууралуу маалымат берилди.
«Бирик» саясий партиясынын мүчөсү Дастан Мурзалиев партиянын Ош шаарындагы мүчөлөрү «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен биригүүгө каршы экенин билдирди. Бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Мурзалиев «Бирик» партиясынын лидери Кылычбек Исамамбетов «Мекеним Кыргызстан» менен парламенттик шайлоого чогуу баруу тууралуу чечимин партиянын Оштогу мүчөлөрүнө айтпаганын белгилеп, мындай биригүүгө каршы экендигин «Азаттыкка» билдирди: «Биздин максат - бир партияга кошулуп эптеп эле депутат болуш эмес. Читать дальше...
Казакстандын башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова Саламаттык сактоо министрлининин коронавируска каршы вакцинаны тандоосуна токтолуп, артыкчылык «коопсуз жана каттоодон өткөн препаратка» берилерин белгиледи. Мунун алдында расмий маалымат каражаттары казак президенти Касым Жомарт Токаев орус мамлекет башчысы Владимир Путинге жиберген телеграммада Орусияны коронавируска каршы дүйнөдөгү алгачкы вакцинанын катталышы менен куттуктаганын жазышкан. Ошол эле учурда эксперттер «Спутник V» деп аталган... Читать дальше...
Быйыл 1-сентябрдан тартып 1-класска кирген 156 миң окуучу менчиктин түрүнө карабастан мектепке барып окуйт. Ал эми калган класстардын баары онлайн режимде билим алышат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 14-августта өкмөттүн жыйынында билдирди. «1-класстын 156 миң окуучусуна 100% мектептердин эшиктери ачылат. Баланын социалдык адаптациясы, окуу көндүмдөрү, колдун моторикасы жашында калыптанганы абдан маанилүү. Ошол эле учурда экинчи жагынан эпидемиологиялык кырдаалдын шарттары эске алынып... Читать дальше...
Ооган өкмөтү «Талибандын» туткундагы калган согушкерлерин бошото баштады. Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңеши 13-августта 80 адамдан турган топ бошотулганын билдирди. Кеңеш «Твиттердеги» баракчасына алардын чыгарылышы «атышууну токтотуу жана өз ара сүйлөшүүлөрдү баштоо аракеттерин тездетет» деп жазды. Өткөн дем алыштарда Ооганстандын Улуттук кеңеши – Лойя Жырга макулдук бергенден кийин президент Ашраф Гани 9-августта 400 туткунду кое берүү жөнүндө буйрукка кол койгон. Алардын көбү карапайым оогандарды... Читать дальше...
4-октябрдагы парламенттик шайлоого бараткан «Мекенчил» саясий партиясы 13-августта кезексиз курултайын өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды. Бул тууралуу партиянын лидери Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди. Бул ирет Камчыбек Ташиев жетектеп бараткан "Мекенчил" саясий партиясын анын саясий өнөктөшү, камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери түзгөнү айтылып келатат.
Коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөрдүн айынан чыгымга учураган ишкерлерди колдоого бөлүнгөн 14 млрд. сом колдонула элек. Бул тууралуу 14-августта өкмөттүн кезексиз жыйынында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын талкуулоодо белгилүү болду. «Демек, ишкерлерге бул программа боюнча маалымат жакшы жеткен эмес. Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул программа алардын киреше табышына багытталып иштелип чыкканын айтып жеткирүү зарыл», - деди премьер-министр Кубатбек Боронов. Читать дальше...
Вашингтондун Сербия жана Косово сүйлөшүүлөрү боюнча атайын чабарманы эки өлкөнүн лидерлери эмки айда Ак үйдө жолугушууга макул болушканын билдирди. Бул тууралуу Ричард Гренелл 14-августта «Твиттерге» жазды. Косовонун премьер-министри Авдулла Хоти жана серб президенти Александр Вучич 2-сентябрда кездешерин өз-өзүнчө бышыкташты. Ошол эле учурда серб лидери Гренелл колдонгон «сүйлөшүүлөр» деген сөз туура эмес экенин, Белград башка мамлекеттин өкүлдөрү эмес, каршы тарап менен кездешерин белгиледи. Бирок Брюссел... Читать дальше...
Беларуста жума күнү эртеден бери президент Александр Лукашенкого жана милициянын зомбулугуна каршы акциялар жанданды. «Азаттык» радиосунун беларус кызматы маалымдагандай, саат жетиден эле баш калаада медиктер «тилектештик чынжырына» тизилип турушат. Бир катар мамлекеттик өнөр жай ишканаларында жумушчулардын митингдери уланууда. Минск метрополитенинин кызматкерлери иш таштоого даярданышканы кабарланды. Нааразылык акцияларын жетектеген бирдиктүү штаб же уюштуруу комитети жок болгону менен, катышуучулар... Читать дальше...
UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Gorilla Energ командасынын пландары жана алдыдагы беттеши тууралуу айтып берет.
Акмарал Нурбек кызы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң жогорку балл алды. Ал Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы Мурзаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү. Акмарал окууда гана мыкты болбостон, комуз чертип, шахмат ойноодо да алдына ат салдырбайт. Өлкөдөгү эң мыкты окуучу болгон айылдык кыз менен жакындан таанышып келдик.
Үч оюн Кыргызстанда өтүп, кезек Түркияга берилген. Бирок эпидемияга байланыштуу быйыл өтчү иш-чара эмдиги жылга жылдырылган.
Кыргызстанда бардык жарандар Мамлекеттик ипотекалык компаниядан насыя алса болот. Мекеменин директору Элмира Абжапарова 13-августтагы брифингде кыргыз жана немис өкмөттөрү Германиянын өнүктүрүү банкынан 10,5 миллион евро грант алуу тууралуу келишимге кол койгонун билдирди. Бул акчанын эсебинен Кыргызстандын бардык жарандарына, патент менен иштегендерге, бюджеттен тышкаркы чөйрөдөгүлөргө да ипотекалык насыя берилет. Каалоочулар насыяны "Кыргызстан", "РСК Банк" жана "Кыргыз инвестициялык-насыялык... Читать дальше...
Бишкек мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы соңку он күндө санитардык талаптарды бузуп, массалык иш-чараларды өткөргөн ишкерлерге 80 миң сом айып салды.
«Ыйман Нуру» саясий партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Михаил Халитовдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда партиянын жетекчилигине басым-кысым жасалып жатат. «Партияга олуттуу басым жасалууда. Саясий кеңеш партиянын мүчөлөрүнөн кимдир-бирөөнүн жоготор нерсеси болсо партиядан чыга берсин деген чечим кабыл алды. Атаандаш партиялар тарабынан биздин партиянын лидерине карата коркутуп-үркүтүү «Ыйман Нурунун» шайлоого катышуусуна тоскоол болбошу керек», - деди ал. Ушундай эле пикирин партиянын дагы бир мүчөсү Динара Ашимова да билдирди. Читать дальше...
Инфантино 10 күн мурда КФС президенти Маматов менен болгон онлайн-конференция учурунда Кыргызстанга келем деген убадасына туруп, аба каттамдары жанданса оюн ишке ашырарын айткан болчу.
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын 14-августтагы маалыматына караганда, бир күн аралыгында COVID-19 дагы 15 медицина кызматкеринен лабораториялык жол менен аныкталды. Алардын төртөө Бишкек шаарында. Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында үчтөн, Ош дубанында жана Ош шаарында бирден медкызматкер вирус жугузуп алган. Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдетке чалдыкка медкызматкерлердин жалпы саны 3006га жетти. Расмий маалымат боюнча вирус... Читать дальше...
Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус 304 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын 14-августтагы маалыматына караганда, бир күн аралыгында вирустан дагы төрт киши кайтыш болду. Каза болгондор Бишкек шаарында, Талас, Ысык-Көл жана Ош облустарында катталды. Өлкөдө пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1491 кишиге жетти. Вирусту 41373 киши жугузуп алып, анын 33622си айыкты. (NT)
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК ) тергөө абагында отурган өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевге адвокаттары кирип жолуга элек. Бул тууралуу журналисттин адвокаттарынын бири Тимур Карабаев 14-августта «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, УКМК коронавирус пандемиясын негиз кылып, адвокаттардын Бобомурод Абдуллаев менен жолугушуна уруксат берген эмес. «Биз УКМКнын жетекчилигине кат менен кайрылдык. Дүйшөмбү күнү да киргенге аракет кылабыз», - деди Карабаев. Читать дальше...
Бишкек шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча айыпталгандарга Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Шаардык сот мындай чечимди 14-августта чыгарганын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев кабарлады. «Биринчи инстанциянын өкүмү толугу менен күчүндө калтырылды. Иш жүзүндө эч ким эч нерсени караган жок. Болгону биринчи чыккан өкүмдү формалдуу гана бекитип берип коюшту», - деди Слесарев. Адвокат мындан аркы иш-аракеттер шаардык... Читать дальше...
13-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп кеткен. Куткаруучулар анын сөөгүн суудан чыгарып, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлерине өткөрүп беришти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) ушул эле күнү 33 жаштагы эркек киши Ак-Суу районундагы Каракол суусуна түшүп кеткенин кабарлады. Издөө иштерине министрликтин куткаруучулары тартылып, азырынча жыйынтык чыга элек. Бишкектин Биринчи май районунда 10-августта Патрис Лумумба көчөсүндө Чоң Чүй каналына... Читать дальше...