Беларустун баш калаасында Минск трактор заводунун миңдеген жумушчуcу шаардын борборун аралап жүрүш жасап, өкмөт имараты жайгашкан Эгемендик аянтына чейин барышты. Алар «Сыртка чык!» деп, бийлик менен диалогду талап кылышты. Аларга милициянын зомбулугуна каршы чыккандар да кошулду.
Бир айдан бери демонстранттар кызматтан кетишин талап кылып келаткан Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов жаңы Конституцияны кабыл алуу маселесин талкуулаш үчүн элдик ассамблея өткөрүүгө үндөдү. «Саясий системаны өзгөртүүгө гана эмес, өлкөгө жаңы дем берүүгө мезгил жетти», - деди Борисов 14-августтагы телекайрылуусунда. Премьер азыркы Баш мыйзам «башка тарыхый доордо, башка саясий жагдайларда кабыл алынганын» белгиледи. Жетекчи парламент жаңы шайлоонун датасын аныктаса эле кызматынан кетүүгө даяр экенин айтты. Читать дальше...
Казакстанда күрддөр отурукташкан Кашкабулак айылына 11-августка оогон түнү кол салуу болду. Ташбараңдан кийин тургундар таңга чейин көз ирмебей, аялдар менен балдар мектепке корголошконун айтышат. Полиция 14 кишини кармады.
Кошмо Штаттар Ирандан Венесуэлага бараткан төрт танкерди кармап алышты. АКШнын Юстиция министрлиги кемелер 1,116 миллион баррел мунай тартып баратышканын, жүк Революция сакчыларынын корпусуна тиешеси бар экенин билдирди. Мекеме өнөктөштөр менен чогуу конфискацияланган мунай эми америкалык бажыда сакталып турганын кошумчалады. Танкерлер кармалганын жана Техаска багыт алганын «The Wall Street Journal» 13-августта биринчи болуп жазган. 1-июлда АКШнын Юстиция министрлиги Вашингтон сотуна арыз берип «Bella»... Читать дальше...
Аткаруучу продюсер «Азаттык» радиосунун жалпы видео өндүрүмүнүн сапатына жана редакторлук стандарттар менен талаптардын сакталышына жооптуу. Аткаруучу продюсер кыргыз кызматынын жетекчиси, Бишкек бюросунун башчысы жана башкы редактору менен бирге бардык платформаларда видео, графика жана башка форматтарда контент даярдаган топту жетектейт. Негизги талаптар: Аткаруучу продюсер жалпы видео өндүрүмдүн сапатына жана редакторлук стандарттар менен талаптардын сакталышына жооптуу. Программанын визуалдык көрүнүшүн анын ичинде сценография... Читать дальше...
Беларустун баш калаасында Минск трактор заводунун миңдеген жумушчулары шаардын борборун аралап жүрүш жасап, өкмөт имараты жайгашкан Эгемендик аянтына чейин барышты. Алар «Сыртка чык!» деп, бийлик менен диалогду талап кылышууда. Ал жерде аларга милициянын зомбулугуна каршы чыккандар да кошулду. Имаратты кайтарган ОМОНдун 10 кызматкери тилектештигин билдирип калкандарын түшүрдү. Бул тууралуу «Азаттыктын» беларус кызматы кабарлады. Жумушчулардын демонстрациясы жума күнү күндүз алар иш таштоону жарыялашкандан кийин башталган. Читать дальше...
Кыргызстандын Улуттук банкынын эл аралык резерви эки миллиард 769 миллион долларды түздү. Бул тууралуу 14-августта президент Сооронбай Жээнбеков менен онлайн кеңешмеде Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Ал өлкөнүн эл аралык резерви «тарыхый жогорку чекке жетти» деп айтты. Абдыгуловдун маалыматына караганда, резервдин өсүшү ички рыноктогу алтынды улуттук валютада сатып алуу менен байланыштуу. Улуттук банктын мурда берген сунуштамаларына ылайык, насыя алгандарга жеңилдик берүү... Читать дальше...
«Ыйман Нуру» партиясынын саясий кеңеши уюмдун жетекчилиги кысымга кабылганын жарыялады. Анда шайлоого катышуудан баш тартууга мажбурлаш үчүн бул партиянын жетекчилигине басым жасалып жатканы көрсөтүлгөн.
Күйдүргүгө шек саналып ооруканада жаткан Кара-Суу районунун Тогуз-Булак айылынын сегиз тургунунун биринен гана бул оору аныкталып, калгандарынын анализи таза чыкты. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, күйдүргүгө шектүү катары бейтапканада жаткандар үйгө чыгарылды. Айылдын 288 жашоочусу 24-августка чейин байкоого алынат. Аларда күйдүргүнүн белгилери байкалган жок. 25-июлда Тогуз-Булак айылында күйдүргү жуккан малды союуга тогуз киши катышкан. Этти 30дан ашыкүй-бүлө бөлүп алган. Читать дальше...
Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыраткан райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Кыргызстандын белгилүү мамлекеттик ишмери Жамал Ташибекова 11-августта 82 жашында каза болду.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналист, саясат талдоочу Айданбек Акматов Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») менен тергелип жаткан иште күбө катары суракка алынганын кабарлады. Бул тууралуу «Азаттыкка» министрликтин басма сөз катчысы Ырысгүл Жайлообекова билдирди. Ал ua.kg деген порталга парламенттик шайлоого байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков жөнүндө туура эмес маалымат чыкканын жана ал боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын айтты... Читать дальше...
Бириккен Араб Эмираттары менен Израил АКШнын президенти Дональд Трамптын ортомчулугу менен дипломатиялык мамиле түзүү тууралуу макулдашты. Трамп 13-августта Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун, Бириккен Араб Эмираттарынын шейхи Мухаммед Бин Заиддин жана өзүнүн биргелешкен билдирүүсүн «Твиттердеги» баракчасына жарыялады. Анда «Жакынкы Чыгыштагы ыкчам өнүгүп келе жаткан жана кубаттуу экономикасы бар эки өлкөнүн ортосундагы түз байланыш экономикалык өнүгүү, технологиялык инновация жана... Читать дальше...
Бириккен Араб Эмираттары менен Израил Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын ортомчулугу менен дипломатиялык мамиле түзүү тууралуу макулдашты. Алардын мындай чечимин Палестина, Иран жана Түркия сынга алып жатат.
15-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын бир райондорунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 29…34; Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31; Ош... Читать дальше...
Кыргызстандын Улуттук банкы коронавирус пандемиясынын терс таасиринен арылуу, ишкерлерди жана калкты колдоо максатында жалпы 6 миллиард сомдон ашык каражатты ата мекендик экономиканы жана реалдуу секторду колдоого бөлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 14-августта президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон онлайн кеңешмеде билдирди. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, кеңешмеде коронавирус пандемиясынын шартында макроэкономикалык туруктуулукту колдоо боюнча чаралар талкууланды. Читать дальше...
Кыргыз өкмөтү күз-кыш мезгилинде COVID-19 пандемиясынын ыктымалдуу экинчи толкунуна каршы көрүлүп жаткан даярдык тууралуу маалымат берди. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, профилактика жана дарылоо, кадрларды даярдоо жана саламаттык сактоо тутумуна маалыматтык технологияларды киргизүү иштери жүрүп жатканын айтты. Бул иштердин бардыгы үчүн каржылоо булагы аныкталды. Ушул тапта Бишкек шаарында (100 орундуу)... Читать дальше...
Беларустагы президенттик шайлоодо президент Лукашенконун башкы атаандашы болгон оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская Литвадан үн катты. Ал беларус жарандарын бардык шаарларда тынч жыйындарды өткөрүүгө чакырды.
Көңүлүңүздү пандемия менен шайлоодон башкага бөлөбүз. Жайдын ысык аптабында үйдө камалып отурган болсоңуз, биздин командага кошулуп тоого саякаттап келиңиз. Быйыл тоо туризминде эмне жаңылык, биз билбеген кандай кызыктуу жерлер бар? «Азаттык плюс» Нарындын Ат-Башы, Эки-Нарын өрөөндөрүнө жана Оштун Алай районундагы Көк-Дөбө жайлоосуна барып келди.
Эки жылдан бери ирландиялык спортчу россиялык мушкерди реванш-беттешке чакырып келген. Бирок Хабибдин менеджери ал Конорду атаандаш катары көрбөй турганын айткан болчу.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу өз каалоосу менен кызматтан кетип жатканын билдирди. Ал арызды 13-августта жазганын маалымдады. «Азаттыкка» ал мындай кадамынын себебин түшүндүргөн жок. Анын арызына кол коюлган-коюлбаганы жана ордуна ким дайындалганы маалымдала элек. Максат Дамир уулу 2018-жылы 20-ноябрда министрликке караштуу Туризм департаментинин директору болуп дайындалган. Бул кызмат министрдин орун басарынын даражасында. ... Читать дальше...
Кыргыз эл акыны II жана III даражадагы «Манас» орденинин, КМШ мамлекеттеринин парламент аралык Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгынын ээси Шайлообек Дүйшеевдин чыгармаларынын үч томдук жыйнагы жарык көрдү. Жаңыдан чыккан жыйнагы тууралуу автор өзү мындайча маалымат берди: «Бул китептин биринчи томуна лирикалык ырлар, кат-тарых формасындагы ырлар, накыл-насаат, нуска ырлары, экинчи томуна «туздуу» ырлар, мурундар тууралуу азилдер, айтыштар, тамсил-жомоктор, кадимки «Кайдыгерлик» түрмөгүндөгү ырлар... Читать дальше...
Тажикстандагы саясий партиялар 11-октябрга белгиленген президенттик шайлоого даярдыкты башташты. Мыйзамга ылайык, саясий партиялар, кесиптик кошуундар президенттикке талапкерлерди көрсөтө алышат. Агрардык партия өз талапкерин 15-августтагы жыйында атаганы жатат. Социалисттик партия бир жумадан кийин өз чечимин жарыяламакчы. Башка партиялар, анын ичинде башкаруудагы Улуттук-демократиялык партия качан жыйын өткөрөрүн билдире элек. Адатта президенттик шайлоо Тажикстанда ноябрда уюштурулуп келген.... Читать дальше...
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөө менен кызматташуу келишимин токтотконун анын адвокаты Рабига Сыдыкова ырастады. Ал Салянова тергөө кызматташуу жөнүндө келишимге чейин жана андан кийин да иш боюнча берген көрсөтмөсүн өзгөртпөгөнүн айтты. «Тергөө менен түзүлгөн келишим боюнча сотко күбөлөрдү чакырганга болбойт экен. Керек болсо соттун өкүмүнө каршы даттанууга да болбойт. Ошон үчүн Аида Салянова күнөөсү жок экенин толук далилдеш үчүн келишимден баш тартты. Читать дальше...
Хабиб өзүн ардагер спортчулардын катарына кошулуп баратканын белгилеген. Ошондой эле келечекте машыктыруучулук менен чектелбей турганын айтты.