Добавить новость


World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Октябрь
2019

Новости за 21.10.2019

Azattyk.org 

БАЭ санарипти өнүктүрүүгө техникалык жардам берет

Бириккен Араб Эмиратынын Кыргызстанга санарипти өнүктүрүү үчүн техникалык жардам берет. Өкмөттүн басма сөз кызматы 21-октябрда ушундай кабар таратты. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Дубай шаарында өтүп жаткан жашыл экономика боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммиттин алкагында Бириккен Араб Эмиратынын экономика министри Султан бин-Саид Ал Мансури менен жана Дубайдын Полиция жетекчиси, генерал-майор Абдаллах Халифа Ал Марри менен жолугушуп, кызматташтыкты талкуулашты. Өкмөттүн сайтындагы кабарга ылайык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ишкерлердин үрөйүн учурган кылмыш

Ишкер чөйрө «Мадина» кафесинин ээсине мыкаачылык менен кол салып, киши колдуу болгон окуяны айыптап, укук коргоо органдарын уюшкан кылмыш топторун ооздуктап, бизнестин коопсуздугун камсыздоого чакырды.

Azattyk.org 

Чех атайын кызматы орусиялык тыңчыларды ашкерелегенин билдирди

Чехиянын Коопсуздук жана маалымат кызматынын башчысы Михал Коуделка 21-октябрда парламентте анын мекемеси Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына иштеген агенттердин түйүнүнүн бетин ачканын билдирди. Анын айтымында, бул операцияны Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча улуттук борбор менен чогуу ишке ашырган. Коуделканын ырасташынча, тыңчылардын түйүнү Орусиянын Чехиядагы элчилиги аркылуу каржыланып турган. Агенттердин уюму Прага шаарында катталган программалык камсыздоо, компьютер саткан эки коммерциялык уюмга жамынып алып иш жүргүзгөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Берик Уали: Токаевдин Назарбаев тууралуу буйругу - катардагы буйрук

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин өлкөнүн тунгуч мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин кадр саясатындагы ыйгарым укуктарын кеңейткен буйругу тууралуу анын басма сөз катчысы Берик Уали комментарий берди. Ал "Фейсбуктагы" баракчасына муну "катардагы эле буйрук" деп атады жана былтыр июль айында кабыл алынган, Нурсултан Назарбаевге көзү өткүчө Коопсуздук кеңешинин жетекчиси болууга жол ачкан "Коопсуздук кеңеши жөнүндө" мыйзамга ылайык кабыл алынганын билдирди. "Мамлекеттеги маанилүү... Читать дальше...

Azattyk.org 

«Данисте»: Элеттеги өзгөчө саякат

Билимге умтулган шаардык жана айылдык окуучулардын башын бириктирген кызыктуу долбоор башталды. Жалал-Абаддын Сузак айылында ардагерлер үчүн атайын өнөркана борбору ишке кирди. Орусияда иштеген "Эмгек мигранттарынын кесиптик кошуундар бирикмеси" Баткенде түзүлүп, алгачкы курултайын өткөрдү. Кыргызстанда анестезиолог дарыгерлер тартыш. Бишкекте китеп базар ачылды.

Azattyk.org 

Коргоо министри АКШнын Ооганстандагы жоокерлери боюнча планын айтты

АКШнын коргоо министри Марк Эспер ооган бийлигин "Вашингтон бул өлкөдөгү жоокерлерин Сириядагыдай алып чыгып кетпейт" деп ишендирди. Ал 21-октябрда НАТОнун "Чечкиндүү колдоо" миссиясынын штаб-квартирасына барганда Кошмо Штаттарынын Ооганстанда узак мөөнөттүү кызыкчылыгы бар экенин айтып, "Ал-Каида", "Талибан" жана "Ислам мамлекети" өңдүү куралдуу жана террордук топтордун коркунучун белгиледи. "Ушундан улам биздин ооган өнөктөштөрүбүз жана башкалар соңку аптадагы биздин Сирияга карата мамилебизди туура эмес кабылдабашы керек", деди Эспер. Читать дальше...

Azattyk.org 

Азимжан Аскаров эл аралык уюмдарга кайрылды

Өмүрүнүн аягына чейин камалган укук коргоочу Азимжан Аскаров БУУнун Качкындар боюнча жогорку коммиссарынын башкармалыгынын төрагасына, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги борборуна ачык кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу "Voice of Freedom" коомдук фондунун башчысы Абдумомун Мамараимов кабарлады. Аскаров №19 абактын жетекчисинин укук бузган аракеттерине даттанды. Ал жакындары менен жолугушуулары чектелип, жаза жайын мыйзамсыз аныкталганын... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Азаттыктын" кабарчысынын тасмасы эл аралык фестивалда 1-орунду алды

"Азаттык" радиосунун кабарчысы, "Азаттык плюс" телеберүүсүнүн алып баруучусу Айдана Топчубаеванын "Аяна" аттуу фильми IV Түрк дүйнөсү даректүү тасмалар фестивалында 1-орунду ээледи.  “9 өлкө, 9 шаар, бир фестиваль” урааны менен өткөн фестивалга бир канча мамлекеттен 150дөн ашык тасма катышты. Фильмдер профессионалдар жана студенттер категориясында тандалды.  Жеңүүчүлөр 5-октябрда Стамбулда аныкталып, TRT-Avaz каналында жарыяланган. Топчубаевага сыйлык 21-октябрда Бишкекте Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде тапшырылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

«WhatsApp» ыңкылабы

Пакистан менен Индиянын кезектеги куралдуу жаңжалынан кеминде он адам каза тапты. Европа Биримдиги Азербайжан бийлигин жарандардын тынч митингдерге катышуу укугун коргоого чакырды. Бакуда полиция митингге чыккандарга күч колдонду.

Ca-irnews.com (kg) 

Армения парламентинин өкүлү Батыштынн Иранга каршы 40 жылдык санкцияларын сынга алды

Армения парламентинин мүчөсү Виктор Енгибарян Лондондо өткөн НАТОнун Парламенттик ассамблеясында Батыш өлкөлөрүнүн Иранга каршы 40 жылдык санкцияларын сынга алды.




Azattyk.org 

Кыз-келиндер зомбулукка каршы биригишти

2018-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан 62 аял каза таап, 288 аял ар кандай деңгээлдеги жаракат алган. Бул 2017-жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Бул тууралуу 21-октябрда Кыргызстанда «Зомбулуксуз жашоо» деген ураан менен маалымат кербенин жыйынтыктоо иш-чарасында айтылды. 10-октябрда башталган акция жети облуста өтүп, ар кыл тармакта алектенген лидер аялдардын баяндары жана флешмобдор түрүндөгү иш-чаралар уюштурулду. Иш-чарага 500дөй адам катышкан.

Azattyk.org 

Красноярск крайында аза күтүү күнү жарыяланды

Красноярск крайында бүгүн, 21-октябрда аза күтүп жатышат. 19-октябрда Сейба дарыясындагы беш дамба кыйрап, анын кесепетинен 15 киши өлгөн, дагы беш адамдын дайыны чыкпай жатат. 20-октябрда Орусиянын Тергөө комитети дамбалар алтын казылган тилкеден сууну буруп туруу үчүн мыйзамсыз курулганын маалымдады. Тергөө эч ким ал объектилерди текшербегенин, тиешелүү документтер берилбегенин аныктады. Кырсык 19-октябрга караган түнү алтын кенде болгон. Топурак, ылай, таш аралаш толкундун бииктиги 4-5 метрге жетип... Читать дальше...

Azattyk.org 

Абылгазиев ишкерлерге: маселени криминал менен чечкен жарабайт

Мамлекет ишкерлерди коргоону өзүнүн маанилүү милдеттеринин бири катары көрөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттө өткөн жыйында бишкектик ишкер Хуфур Абдурахемандын уурдалып, андан кийин киши колдуу болуп көз жумганы боюнча кылмыш фактысы сөз болгон учурда айтты. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Абылгазиев бул кылмыш иши боюнча бардык күнөөлүү адамдарды, анын ичинде «маалымат ташыгыч» ким экендигин аныктоону тапшырды. - Акыркы окуялар укук коргоо органдары ишкерликти... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сириянын өкмөттүк армиясы Ракка чөлкөмүнө келди

Сириянын мамлекеттик телеканалы жекшембиде кабарлагандай, армия Ракка чөлкөмүндөгү стратегиялык жайларга жайгаша баштады. Өткөн жумада күрд кошуундары түрк куралдуу күчтөрүнүн мизин кайтаруу үчүн Дамаскка баш ийген армияны жардамга чакырган. Ошондон бери сириялык аскерлер мурда Вашингтондун коргоосунда болуп келген аймактарга жайгаштырылган. Ошол эле телеканал АКШ өз жоокерлерин Манбиж шаарынын жанындагы базадан алып кетип жатканын маалымдады. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп айдын башында... Читать дальше...

Azattyk.org 

Шаардык сот ЖЭБ иши боюнча шек саналгандарды камакта калтырды

Бишкек шаардык соту Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу абакта отурган мурдагы аткаминерлердин бөгөт чарасын өзгөрткөн жок. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат. 7-октябрда Бишкектин Свердлов райондук соту жогорудагы иш боюнча шек саналып жаткан адамдарды 12-декабрга чейин камакта калтырууну чечкен. Шектүүлөрдүн жактоочулары райондук соттун бул токтомуна каршы шаардык сотко арызданган. ЖЭБди модернизациялоо боюнча... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өлүмгө арачы түшкөн анестезиолог

Кыргызстанда оорулуунун жанына арачы болгон анестезиологдор тартыш. Эреже боюнча бир анестезиолог алты бейтапты гана кароого милдеттүү болгону менен, иш жүзүндө кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн бардык оорукчандарды дарылоого мажбур. Бирок адам өмүрү үчүн кыйынчылыктардын баарына чыдоого бел байлаган адистер арбын. Ага Бишкектеги Травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборундагы дарыгерлердин бир күнкү иши жакшы күбө.

Azattyk.org 

Нурсултан Назарбаевдин кадр саясатындагы ыйгарым укугу көбөйдү

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн тунгуч мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин кадр саясатындагы ыйгарым укугун жогорулаткан буйрукка кол койду. Бул тууралуу "РИА Новости" маалымат агенттиги кабарлады. Казакстанды 30 жылдан ашык башкарган Назарбаев президенттиктен быйыл март айында өз каалоосу менен кеткен. Бирок Коопсуздук кеңешинин башчысы кызматын жана бийликтеги "Нур Отан" партиясынын лидерлигин сактап калган.  Токаевдин буйругуна ылайык, мындан ары тышкы жана ички иштер министри... Читать дальше...

Azattyk.org 

ЖЭБге көмүр сатып алуу боюнча тендерди УКМК иликтеп жатат

Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерге байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) иликтөө иштерин баштады. Бул маалыматты «Азаттыкка» атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов ырастады. Анын маалыматына караганда, ЖЭБге көмүр сатып алууга байланыштуу материал 1-октябрда Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 233-беренеси («Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу») менен катталган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Даңкы далайга кеткен бычак уста

Бахрам Ашуров атасынан үйрөнгөн бычак жасоо өнөрүн улантып келатат. Ал устаканасында бычактын онго жакын түрүн жасайт. Негизги кардарлары - чет өлкөлүк туристтер. Ар бир жасаган бычагында «Ош» деген эн белги бар. Бахрам уста жасаган бычактарын түрүнө карап 800 сомдон 4000 сомго чейин сатат. Бир айда 15ке жакын бычак жасайт.

Azattyk.org 

Алия Хайрова. Айыгышта өткөн өмүр

ГУЛАГды көрүп, кайгылуу жана катаал тагдыр жолун баштан кечирип, кыйын турмуштун бетме-бет келген азап-тозокторду унчукпай көтөрүп, узак өмүр кечирген Алия Хайрова тууралуу баян.

Azattyk.org 

Австралиялык авиакомпания эң узак учуу боюнча рекорд койду

Австралиянын «Кантас» авиакомпаниясы тарыхтагы эң узак коммерциялык каттамды ишке ашырып рекорд койду. Өткөн ишембиде Нью-Йорктон Сиднейге багыт алган «Боинг Дримлайнер» 16 200 чакырымды токтобой дээрлик 19 сааттан ашык учту. Бортто экипаждан тышкары 50 жүргүнчү бар болчу. Бул сыноо иретиндеги учуунун башкы максаты - пилоттордун, экипаждын жана жүргүнчүлөрдүн мындай узак каттамда өздөрүн кандай сезерин байкап көрүү болгон. Изилдөөчүлөрдүн тобу пилоттордун мээсинин иш ыргагына, борттогу жарыкка байкоо салып турду. Читать дальше...

Azattyk.org 

Былтыр үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан 62 аял каза болду

2018-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан 62 аял каза таап, 288 аял ар кандай деңгээлдеги жаракат алган. Бул 2017-жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Бул тууралуу 21-октябрда Кыргызстанда «Зомбулуксуз жашоо» деген ураан менен маалымат кербенин жыйынтыктоо иш-чарасында айтылды. 10-октябрда башталган акция жети облуста өтүп, ар кыл тармакта алектенген лидер аялдардын баяндары жана флешмобдор түрүндөгү иш-чаралар уюштурулду. Өнөктүккө гендердик теңчилик, жаштар саясаты менен алектенген мамлекеттик кызматкерлер... Читать дальше...

Sputnik Кыргызстан (sport) 

"Келатыр, сай күлүк"! Жамбылда кыргыз күлүгү лимузин утту. Видео

Казакстанда өткөн күлүк чабышта Кыргызстандан барган чабандестер олжолуу кайтты. Алар турнирдин аламан байге бөлүгүндө алдыңкы орундарды камсыздап, лимузин автоунаасын, төө, жылкы жана акчалай сыйлыктарды алышты.

Azattyk.org 

Түндүк Македонияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт

Өлкөнүн премьер-министри Зоран Заев келерки парламенттик шайлоо кийинки жылы 12-апрелге белгиленгенин билдирди. Буга Брюсселдин Түндүк Македония менен Албанияны Европа Биримдигине кошуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү кийинкиге калтырып койгону себеп болду. Анда бул өлкөлөр Еврошаркеттин бир катар талаптарын аткарышы керек экендиги айтылды.  Скопье жана Тирана менен сүйлөшүү кийинки жылдын башына калды. Зоран Заев буга байланыштуу нааразылыгын билдирди жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо «жарандар мындан ары кайсы... Читать дальше...


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus