Коргоо министри АКШнын Ооганстандагы жоокерлери боюнча планын айтты
"Ушундан улам биздин ооган өнөктөштөрүбүз жана башкалар соңку аптадагы биздин Сирияга карата мамилебизди туура эмес кабылдабашы керек", деди Эспер.
Марк Эспердин Ооганстанга алгачкы сапары АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси баштаган Конгресстин жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн күтүүсүз сапарына туш келди.
АКШдан келген кош делегация Кабулда президент Ашраф Гани баштаган ооган бийлик өкүлдөрү жана америкалык жоокерлер менен жолукту. Бул сапар АКШ Сириянын түндүгүндөгү жоокерлерин алып чыгып кеткенден кийин ошол аймакта буга чейин Вашингтон колдоп келген күрд кошуундарына каршы Түркия жортуул уюштурган маалга туш келди. Бул чечим АКШнын өзүндө сынга кабылган, ал эми Кабулда "Ак үй Ооганстанда ушундай кадамга барышы ыктымал" деген чочулоо жараткан.