УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев эки оор берене менен айып тагылгандан кийин кайрылуу жасап, өлкөдө акыйкат сот системасы түзүлгөнүн, “кемпирабадчылардын” акталганын мисал келтирип, акталып чыгарын айтты. Анын бул билдирүүсү “Кемпир-Абад иши” боюнча камалып, узакка созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин акталган, активист жана саясатчылардын курч реакциясын жаратты.