Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ЖЭБге көмүр сатып алуу боюнча тендерди УКМК иликтеп жатат

Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерге байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) иликтөө иштерин баштады. Бул маалыматты «Азаттыкка» атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов ырастады.


Анын маалыматына караганда, ЖЭБге көмүр сатып алууга байланыштуу материал 1-октябрда Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 233-беренеси («Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу») менен катталган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.


«Электр станциялары» мамлекеттик ишканасы быйыл 29-июлда Бишкек ЖЭБине Д, ДГ жана Г маркасындагы 400 миң тонна көмүр сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул үчүн 1 млрд. 420 млн. сом каралган.


Тендерге «ТОО AB Energo», «COMCO Marketing KZ», «Qiyaqty Komir Market», «КонтактУглеПром» жана «Бишкеккөмүр соода үйү» компаниялары катышкан. Бул беш компаниянын төртөө 20-августта сынактын биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча эле тендерден четтетилген.




Быйыл 4-сентябрда өткөн тендердин экинчи этабында жалгыз калган «КонтактУглеПром» компаниясы жеңүүчү деп табылган. Келишим боюнча бул ортомчу компания 1 млрд. 27 млн. сомго Казакстандын Шабыркүл кенинен 400 миң тонна көмүрдү Луговойго чейин тартып келет.


Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн бири Расул Умбеталиев Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) Казакстандын Шабыркүл көмүрүн кымбат баада сунуш кылган ортомчу компания тандалганын, бул эски коррупциялык схемалардын кесепетинен ЖЭБ 500 млн. сомго чейин жоготуп жатканын билдирип чыккан. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus