Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Берик Уали: Токаевдин Назарбаев тууралуу буйругу - катардагы буйрук

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин өлкөнүн тунгуч мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин кадр саясатындагы ыйгарым укуктарын кеңейткен буйругу тууралуу анын басма сөз катчысы Берик Уали комментарий берди.



Ал "Фейсбуктагы" баракчасына муну "катардагы эле буйрук" деп атады жана былтыр июль айында кабыл алынган, Нурсултан Назарбаевге көзү өткүчө Коопсуздук кеңешинин жетекчиси болууга жол ачкан "Коопсуздук кеңеши жөнүндө" мыйзамга ылайык кабыл алынганын билдирди.



"Мамлекеттеги маанилүү кызмат орундарга дайындоонун азыркыдай тартиби кадр саясатында президенттин өз алдынча чечим кабыл алуусуна тоскоол болбойт. Муну жакында эле Элбашы "Кабар" телеканалына берген маегинде "Токаев мени менен кеңешет, бирок чечимди өз алдынча кабыл алат" деп айтып бышыктады. Президент - Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы, өкмөттү түзөт, мамлекеттин башчысы", деп жазды.



Мунун алдында Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешин өмүрүнүн аягына чейин башкарган, бийликтеги "Нур-Отан" партиясынын лидери Нурсултан Назарбаевдин кадр саясатындагы ыйгарым укугун жогорулаткан буйрукка кол койгону белгилүү болгон.


Документке ылайык, мындан ары тышкы жана ички иштер министри, коргоо министри кызматынан башка өкмөт мүчөлөрү Коопсуздук кеңешинин төрагасынын макулдугу менен гана дайындалат. Андан сырткары Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук комитети, Улуттук банк, Республикалык гвардия, Тышкы чалгын кызматы, Күзөт кызматы өңдүү президентке түздөн-түз баш ийген орган, мекемелердин башчыларын дайындоодо Коопсуздук кеңешинин жетекчиси менен кеңешүү керек болот. Ошондой эле облус акимдерин, республикалык деңгээлдеги шаарлар жана борбор калаанын мэрлерин коюуда да Назарбаев менен кеңешүү зарыл.


Казакстанды 30 жылдан ашык башкарган Назарбаев президенттиктен быйыл март айында өз каалоосу менен кеткен. Ал быйыл быйыл 79 жашка чыкты. Ал алгач президент болуп 1990-жылы апрель айында шайланган жана беш жолу шайлоого катышып, эң көп пайыз добуш алып жүргөн. Анын тушунда "жеке адамдын керт башына сыйынуу" көрүнүшү кеңири жайылган жана Назарбаевге "Элбашы" деген наам берилген.



Назарбаевге адам укугун бузуу, ыйгарым укугунан аша чабуу, демократиялык баалуулуктарга шек келтирүү боюнча сын-дооматтар бир топ жылдардан бери көп айтылып келе жатат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus