Красноярск крайында аза күтүү күнү жарыяланды
20-октябрда Орусиянын Тергөө комитети дамбалар алтын казылган тилкеден сууну буруп туруу үчүн мыйзамсыз курулганын маалымдады.
Тергөө эч ким ал объектилерди текшербегенин, тиешелүү документтер берилбегенин аныктады.
Кырсык 19-октябрга караган түнү алтын кенде болгон. Топурак, ылай, таш аралаш толкундун бииктиги 4-5 метрге жетип, технологиялык көлмөнүн суусун кармап турган дамбаларды кыйраткан. Эки жатакана баткактын алдында калган.
Ишембиде дамбага ээлик кылган компаниянын жетекчиси жана эки кызматкери кармалды.