15-октябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунун губернаторунун орун басары Сыяр Кален уулу жетектеп келген делегация мүчөлөрү менен жолукту. Алар айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, соода тармагын өнүктүрүү боюнча маселерди талкуулашты. Калаа башчысы Кытай тарапка ишкерлерди колдоо багытында долбоорлорду сунуш кыла турганын айтты. Расмий маалыматка караганда, Шинжаңдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном районунда 160 миңге жакын кыргыз жашайт. (TSh)
Парламентте Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракет боюнча комитеттин жетекчиси Наталья Никитенко 2019-жылдын сегиз айдын ичинде төрт миң кызматкер тартип бузганын билдирди. Эл өкүлү министр кадр тандоо маселесине көңүл бурушу керек экенин белгиледи. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 31 милиция кызматкерине кылмыш иши козголгонун, күнөөсү далилденсе жазасыз калбай турганын айтты. Министрликтин маалыматына караганда жыл башынан бери кылмыш иштеринин материалдары жоголуп кеткени боюнча 63 иш козголгон. Читать дальше...
Өзбекстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине кошулду. Мындай чечим кеңештин Бакуда өткөн саммитинде колдоо тапты. Бул саммит Түркия Сириянын түндүгүндө күрд кошуундарына каршы операция өткөрүп жаткан учурга туш келди.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши Түркиянын Сириядагы аскердик операциясына колдоо көрсөтүшкөнү тууралуу маалымат чыкты. Уюмдун курамындагы мамлекеттер Бакудагы саммитте бул тууралуу бирдиктүү декларация кабыл алышканын Түркиянын «Анадолу» мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады. «Лидерлер Түркиянын «Тынчтык булагы» операциясы террорчулукка каршы күрөшкө салым кошот жана Сириянын аймактык бүтүндүгүн камсыз кылууга, жер которгон сириялыктардын өз эрки менен мекенине кайтып келишине... Читать дальше...
Ички иштер министрлиги (ИИМ) президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов №1 тергөө абагынан Тергөө кызматына иликтөө иши үчүн бир нече жолу жеткирилгенин кабарлайт. Бирок 5-сентябрда шектүү Ниязов жактоочусунун катышуусунда тергөө иш-аракеттерине катышуудан баш тарткан. «Ушундан улам тергөөнүн материалдары жана экспертизанын жыйынтыктары менен тааныштырууга мүмкүнчүлүк болгон эмес», деп айтылат министрликтин маалыматында. ИИМ Тергөө кызматы Ниязовго тиешелүү бардык кылмыш иштеринин материалдары... Читать дальше...
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн качырылышы боюнча баштапкы соттук жыйын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз башталды.
Бүгүн, 15-октябрда Бишкектеги Биринчи май районундагы «Калыс-Ордо» конушунда мэрияга караштуу жети гектар жерден участок бөлүп берүүнү талап кылып 100дөй адам чыккан. Жерди пайдалануу жана куруу башкармалыгынын жетекчиси Талант Иманкан уулунун айтымында, чогулгандардын айрымдары мамлекетке караштуу жерге казык кагып, үй салууга аракет кылышкан. Жерди пайдалануу жана куруу башкармалыгынын жетекчиси чогулгандарга мыйзамсыз иш кылып жатканын түшүндүрүүгө аракет кылганынан майнап чыкпагандыктан, милицияга кайрылган. Читать дальше...
Новосибирскиде базарда соода кылган борбор азиялыктарды опузалаган деген айып менен Абдирашид Ахмедов 7-декабрга чейин камакка алынды.
Баткен облусунда «Санариптештирүү дүйнөдө жана бизде» аттуу форум уюштурулуп, бул багытта ийгиликтүү иш тажрыйбасы бар мамлекеттик жана менчик мекемелердин өкүлдөрү чогулушту. Иш чарага экс-президенти Роза Отунбаева катышып, жаңы технологияларды күнүмдүк жашоодо кеңири колдонууга үндөдү.
“Азаттыктын” 2х1 форматындагы эксклюзив маегинин кезектеги коногу - “Ата журт” идеалисттик саясий партиясынын теңтөрагасы, Жогорку Кеңешке эки жолку депутат болгон Акматбек Келдибеков. Саясатчы менен “Азаттыктын” журналисттеринин ортосундагы маек мамлекеттик башкаруунун азыркы деңгээли, саясий-экономикалык абал, коррупцияга каршы күрөш, сот реформасы, парламенттик шайлоого камылгалар өңдүү урунттуу маселелердин айланасында жүрдү.
Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча алардын жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандырган жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев айтып берди. Ал сотто ошондой эле кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаевге козголгон кылмыш ишин кыскартуу тууралуу өтүнүч беришкенин, сот аны да канааттандыруусуз калтырганын билдирди. Читать дальше...
Кошмо Штаттар Түркияга санкция салды. Испанияда каталониялык жикчилдердин лидерлери соттолгондон кийин калайман нааразылык акциялары башталды. Өзбекстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мүчөсү болуп калды.
«Женго» деген каймана аты менен белгилүү, кылмыштуу топтун мүчөсү катары таанымал Кадыр Досонов кайра кое берилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев кабарлады. Кадыр Досонов бараткан автоунаа бүгүн, 15-октябрда Ошто жол тескөөчүгө баш ийбегени үчүн токтотулуп, өзү да кармалган. - Натыйжада автоунаада мамлекеттик номердин жоктугу, курду тагынбаганы жана жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерге баш ийбегени үчүн үч протокол толтурулуп, айып пул салынган. Читать дальше...
Азербайжандын Баку шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин VII жыйынында беш документке кол коюлду. Алар: түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмдарынын координациялык комитетин түзүү, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин өмүр бою ардактуу төрагасы» макамын берүү, Түрк кеңешинин баш катчысынын орун басарын жана «Түрк маданияты жана мурасы» фондунун президентин дайындоо жөнүндө чечимдер. Түрк тилдүү... Читать дальше...
Бүгүн, 15-октябрда, Кыргызстандын футбол командасы Монголиянын оюнчуларын утуп алды. Команданын кийинки эки оюну ноябрь айында Бишкекте өтөт.
Бишкекте мамлекеттик кызматкер жетекчисинен сексуалдык ыдык көргөнү тууралуу укук коргоо органдарына арыз жазды. Бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Мындан улам Интернет колдонуучулар иш учурундагы харассментке каршы флешмоб баштады.
Кошмо Штаттар Түркияга каршы санкция киргизди. Бир нече күндөн бери Вашингтон Анкараны Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясын токтотууга үндөп келатат.
«Түрк кеңешинин өлкөлөрү ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун дараметин жогорулатуу зарыл.
Ош-Бишкек жолунун Сузак району тараптагы айланма жолуна бийиктиги 45 метр келген флагшток орнотулуп, ага узун-туурасы 20-10 метр болгон мамлекеттик туу илинди. Флагштоктун пайдубалына Барпы Алыкуловдун, Курманжан Датканын, Абды Сүйөркуловдун жана Бекмамат Осмоновдун сүрөт-элеси түшүрүлгөн. Анын ачылышына өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана эки миңдей адам катышты. Аны орнотууну KG ГРУПП курулуш компаниясы колго алган. Читать дальше...
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда бодо мал баккан фермерлердин жана малды уруктандыруу боюнча адистердин билим деңгээлин жогорулатуу, малды сандан сапатка өткөрүү боюнча Алай районунун Гүлчө айылында фермерлер окутулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ага хан фондунун Алай кеңсесинин өкүлү Аида Элкеева билдирди. Окутуу фонддун «Бай Алай» долбоорунун алкагында болду. Иш-чарага 200дөй фермер катышты. Андан тышкары Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрү, Ош, Жалал-Абад... Читать дальше...
Орус президенти 15-октябрда Абу-Даби шаарына Сауд Арабиясынан учуп келди. Бул анын акыркы он жыл ичинде Перс булуңуна каттаган алгачкы сапары. Путинди аэропорттон мураскер шейх Мухаммед бен Заид ал Нахайян тосуп алды. Алдын ала берилген маалыматтарда Владимир Путин бул сапарында Тегеран менен Эр-Рияддын курчуп бараткан мамилесин жөнгө салууга да аракет кылары айтылган. 14-сентябрда саудиялык мунай ишканаларына коюлган чабуул үчүн Вашингтон, Эр-Рияд жана Батыш өлкөлөрү Иранды айыпташкан. Тегеран... Читать дальше...
Дүйшөмбү күнү кечинде Чех Республикасы Анкаранын Сириядагы чабуулу уланып жаткандыктан бул өлкөгө курал-жарак экспорттоону токтоторун билдирди.
Саммиттин бүгүнкү темасы чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүүгө арналды. Жыйында Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланды жана Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени менен сыйланды. Өзбекстан кеңешке расмий мүчө болду. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жыйында сүйлөгөн сөзүндө өлкө келечегин чакан жана орто бизнести өнүктүрүүдөн көрө турганын айтып, уюм ичинде түз мамилелерди түзүү зарылдыгын жана инвестициялык фонд ачууга, ага шарт түзүүгө даяр экенин айтты. Читать дальше...
«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 16-октябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21; Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19; Баткен аймагында түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23; Жалал-Абад жана Ош облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17; Нарын дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз 12…17; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4 градус болот. Читать дальше...
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн, 15-октябрда 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Монголиянын курама командасын 2:1 эсеби менен утту.