Ирандын бийлиги быйыл жайында кармап алган Британиянын мунай ташыган танкерин бошотту. Кемелердин каттамына байкоо салган «MarineTraffic» сервисиндеги маалыматка караганда, «Stena Impero» 27-сентябрда эртең менен Ирандын Бендер-Аббас портунан чыгып, Ормуз кысыгын көздөй сүзүп кетти. Тегеран 23-июлда экипажга байланыштуу тергөө аяктагандан кийин кемени коё берерин айткан. Анын алдында экипаждын айрым мүчөлөрүн бошоткон. Ирандын деңиз аскерлери 19-июлда Ормуз кысыгынан Британиянын эки кемесин кармашкан. Читать дальше...
Территориалдык шайлоо комиссиясынын маалыматында, Нарын шаарынын башчылыгына үч талапкер катталды. Талапкер Эмил Чымылдаков шаардык кеңеште «Ала-Тоо Ынтымагы» фракциясынан депутат. Чымылдаков мэриянын муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын жетекчиси. Ал эми дагы бир талапкер Ак-Талаа районунун акими Нурбек Молдокадыров «Кыргызстан» фракциясынын атынан чыгып жатат. Жеке ишкер Сталбек Мукамбетов КСДП фракциясынан талапкер болууда. Мэрди жергиликтүү кеңештин депутаттары 1-октябрда шайлашат. Читать дальше...
Ош, 27-сентябрь, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Кытай Эл республикасы Кыргызстан менен болгон чек арасын бир тараптуу убактылуу жабат.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Идлиб провинциясында хлор колдонуу менен коюлганы айтылган май айындагы чабуулга байланыштуу Сириянын президенти Башар Асадды айыптады жана ал бул кылмыш үчүн жооптуу экенин айтты. Ал 26-сентябрда Нью-Йоркто өткөн басма сөз жыйынында Кошмо Штаттардын чалгын кызматтары буга байланыштуу иликтөө жүргүзүп, тактап-аныктап чыкканын кабарлады. Помпео ошондой эле АКШ Сирияга мунай жеткиргени үчүн эки орус компаниясына жаңы санкцияларды салганын билдирди. Орусиянын... Читать дальше...
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Ирандан мунай жана табигый газ сатып алууну токтотуу Түркия үчүн мүмкүн эмес экенин айтып, эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатык улантыла берерин журналисттерге берген маегинде билдирди.
2019-жылдын сегиз айында президент Сооронбай Жээнбековго келип түшкөн кайрылуунун 43,7%, тактап айтканда 3375 кат сот жана укук коргоо органдарынын ишине тиешелүү болгон.
«Сорос-Кыргызстан» фонду классикалык жана фольклордук чыгармаларды аткарган жаш музыканттар үчүн Кыргыз-Америкалык фонд менен бирге экинчи «Eurasia Emerging Artists» музыкалык сынагын жарыялады. Жеңүүчүлөр 2020-жылы жайында, Нью-Йорк жана Вашингтон шаарларында өтүүчү «Eurasia Festival» аттуу искусство фестивалына катышууга жолдомо алат. Сынактын шарттары бул жакта. «Eurasia Emerging Artists» сынагына Кыргызстандын 18ден 26 жашка чейинки жарандары, классикалык жана фольклордук чыгармаларды аткарган ырчы жана аспапчылар катыша алат. Читать дальше...
Францияда кыргызстандык жана өзбекстандык эки теннисчи айым полиция тарабынан кармалганы кабарланды. Бул тууралуу франциялык бир нече маалымат каражаты жазып чыкты. Маалыматка караганда спорчулар алдын-ала сүйлөшүлгөн беттешке катышкан деп шек саналууда. Ал маалыматка ылайык, өзбекстандык оюнчу быйыл мартта Гонессте өткөн турнирде атаандашына атайылап жеңилип берген. Ал эми кыргызстандык теннисчи аталган сүйлөшүүгө ортомчу болгону айтылууда. Ушундан улам кыргызстандык жана өзбекстандык теннисчилер... Читать дальше...
Европа парламентинин укук маселелери боюнча комитети 26-сентябрда транспорт комиссарлыгына Бухарест көрсөткөн Рована Плумдун талапкерлигин жактырган жок. Анда Румыниядагы Европа фонддорунун иштери боюнча мурдагы министри насыяларына байланыштуу дооматтарга ынанымдуу жооп бере албаганы айтылды. Мунун алдында айрым жергиликтүү басылмалар Плумб шайлоо өнөктүгү маалында кимдир-бирөөлөрдөн дээрлик бир миллиондой еврону карызга алганын, анын бул кадамы күмөндүү экенин жазып чыгышкан. Анын алдында... Читать дальше...
Сауд Арабиясы 49 мамлекеттин жарандарына туристтик виза бериле баштаарын билдирди. Азырынча ал өлкөлөрдүн тизмеси жарыялана элек. Падышалыктын туристтик визасын онлайн алса болот жана баасы 80 долларды түзөт. Бирок Сауд Арабиясынын туризм министри Ахмед Аль-Хатибдин «Reuters» маалымат агенттигине билдиргендей, мусулмандардын сыйына турган жайлары жайгашкан Мекке жана Медина шаарларына барууга кандайдыр бир деңгээлде туристтерге чектөө киргизилет. Ошондой эле ал жакка барчуларга спирт ичимдиктерин ичүүгө болбойт. Читать дальше...
Ирандын тышкы иштер министри Американын Ирандын дары-дармек жана дарылоо тармагына каршы санкцияларын экономикалык террорчулуктун классикалык аныктамасы деп эсептерин билдирди: “Эл аралык коомчулук Американы жана анын экономикалык террорчулугун колдогон башка жактоочуларын мындай жүрүм-турумдарын таштоого мажбур кылуу керек”, - деди.
Американын өкмөтү өлкөдө качкындарды кабыл алуу 2020-жылы кескин кыскарарын билдирди.
Кыргызстандык спортчу менен өзбекстандык теннисчи Клермон-Ферран шаарында өтүп жаткан турнир маалында кармалган.
Кочкор районунун Исакеев айылында жүндү кайра иштетүүчү чакан цех ачылды. Учурда бул ишканада онго жакын киши иштеп жатат. Алар акырындык менен продукциясын сатыкка чыгарып, ишкананы кеңейтүү максатын көздөшөт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди издөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган комитеттен «Азаттыкка» кабарлады. Маалыматка ылайык, Шадиевге эл аралык издөө жарыяланган жана кылмыш ишинин алкагында иштер жүрүп жатат. Шадиевге Башкы прокуратура алгач «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин... Читать дальше...
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров бюджеттен 2020-жылга карата министрлик сураган каражаттан 1 млрд. 306 млн. сом аз бөлүнүп жатканын айтты. Кочкоров өкмөттүн бүгүнкү жыйынында бул министрликтин социалдык милдеттенмелерин аткарышы үчүн коркунуч жаратышы мүмкүн экенин эскертти: - 2017-жылдан 2018-жылга караганда министрликтин бюджети 113% өсүш менен кабыл алынган. 2018-жылдан 2019-жылга караганда 126,3% өсүш менен кабыл алынган. Ал эми быйыл 97% менен кабыл алынып жатат. Биз сураган акчадан 1 млрд. Читать дальше...
Кыргызстанда ала качууга каршы балдар жана ата-энелер үчүн "Калыс" комикси, башкача айтканда сүрөттөр баяны жарык көрдү. Ала качууга кабылган үч кыздын окуясы чагылдырылган сүрөттөрү бар китепче ушул тапта аймактардагы эне-кыздарга таратылууда. Идеянын авторлору комиксте чыныгы окуялар баяндалганын жана ал окурмандар үчүн колдонмо катары басылып чыкканын айтып беришти.
Билим жана илим министрлиги Сокулук районундагы жалпы 17 мектептин директорлору, райондук билим берүү жетекчиси жана акча чогултууга каршы болуп жаткан ата-энелер менен бирге жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жыйынга министр Каныбек Исаков катышып, айрым үй-бүлөлөрдүн социалдык абалын карап каражат топтоодон бошотууну сунуш кылды. Ал эми мектеп директорлору ата-энелер чогулткан акчанын бирдиктүү суммасын бекитүүнү сунуш кылышты. Бирок ата-энелердин... Читать дальше...
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги орусиялык журналист Андрей Малаховдун айткандары боюнча Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчисин чакырды. Бул тууралуу министрликтен алынган маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө мекеменин өкүлү орусиялык дипломатка Малаховдун «Россия-1» каналындагы айткандары боюнча жагдайга токтолгон. ТИМдин өкүлү Орусиянын мамлекеттик телеканалындагы журналисттин мындай сөздөрүнө кыргыз-орус мамилелерин эске алуу менен тынчсыздануусун билдирген. Андрей Малахов... Читать дальше...
Кыргызстандыктар орусиялык журналисттен кечирим суроону талап кылышууда.
Москванын Жуковский аэропортунан Ошко бараткан учак Самарадагы аба майданына шашылыш конушуна бир жүргүнчү өзүн жаман сезип жатканы себеп болгон. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги Куйбышев транспорт прокуратурасынын басма сөз кызматына таянып жазды. Маалыматка ылайык, өзүн жаман сезип жаткан жүргүнчү бала болгон. Аны Самара шаарындагы ооруканага алып кетишкен. Учак Орусиядан бейшемби күнү кечинде чыккан. Ошко келе жаткан учакта канча кыргызстандык болгону тууралуу азырынча маалымат айтыла элек. Читать дальше...
Франциянын мурдагы президенти Жак Ширак бейшембиде 86 жашында дүйнөдөн кайтты.
Бу жарыкчылыкта камкордукка балдар менен карылар өзгөчө муктаж. Бир эне беш баланы бага алат. Ал эми беш баланын жалгыз энесин жакшылап багып, баркына жетиши кыйын.
Учурда Кыргызстанда өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген 340ка жакын киши жазасын өтөп отурат. Алардын айрымдары жаңы кодекстер иштей баштагандан бери укуктары бузулуп, өздөрүнө чыккан өкүмдү өзгөртчү жеңилдиктерден ажырап калганын айтып жатышат.