Москванын Жуковский аэропортунан Ошко бараткан учак Самарадагы аба майданына шашылыш конушуна бир жүргүнчү өзүн жаман сезип жатканы себеп болгон. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги Куйбышев транспорт прокуратурасынын басма сөз кызматына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, өзүн жаман сезип жаткан жүргүнчү бала болгон. Аны Самара шаарындагы ооруканага алып кетишкен. Учак Орусиядан бейшемби күнү кечинде чыккан.
Ошко келе жаткан учакта канча кыргызстандык болгону тууралуу азырынча маалымат айтыла элек. (TSh)