Сентябрь айынын ортосунда Нур-Султан шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, Айсулуу Тыныбекова чемпион болгон. Балбан финалда болгариялык Тайбе Юсейн менен кармашып, 5:3 эсебинде уткан.
"Азаттык+" бул жолу жаштарга жакын социалдык тармактар тууралуу берүү даярдады. Соцтармакты эң активдүү колдонгон саясатчылар кимдер, алар баракчаларын өздөрү алып барышабы, сүрөт, видеолорун кантип монтаждашат, өздөрү кимдердин баракчаларына жазылган - баарын ушул берүүдөн таба аласыз. Баса, берүүдө СММ адисинен пайдалуу кеңештер да бар.
Бул тууралуу Казакстандын билим берүү жана илим боюнча вице-премьер-министри Бибигүл Асылова 27-сентябрда маалымат жыйында билдирди. Бийлик аларга көмөктөшүп, коомго аралаштырууга аракет кылып жатканын айтты. Анын маалыматы боюнча өлкөдө өспүрүмдөргө социалдык-психологиялык жана укуктук колдоо көрсөтүү максатында 15 борбор ачылды. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Сирияга жалпысынан 800дөй жараны кеткенин маалымдаган. Ушул жылдын май айында казак бийлиги Сирияга кеткен жарандарын балдары менен алып келүү жараянын баштаган. Читать дальше...
Орусияда Мамлекеттик Думанын чет өлкөлүк мамлекеттердин кийлигишүүсүн иликтеш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиясы германиялык «Deutsche Welle» телерадиокорпорациясы "мыйзам бузганы аныкталды" деп билдирди. Анда аталган корпорация "Москвадагы макулдашылбаган акцияларга жарандарды катышууга чакырган" деп айтылат. Ошондой эле "Түндүк Кавказ тууралуу материалдарында экстремизм боюнча мыйзам бузулган учурлар орун алды" деп белгиленген. Комиссиянын төрагасы Василий Пискарев «Deutsche Welle» эл аралык агент деген атка татыктуу экенин айтып чыкты. Читать дальше...
Грузияда парламенттин Юридикалык маселелер боюнча комитетинин 26-сентябрдагы жыйынында уруш чыкты. Жогорку Соттун судьяларына талапкерлер каралып жаткан чакта, депутат айым Эка Беселия "Грузин кыялы" фракциясынын депутаты Вано Зардиашвили экөө катуу уруша кетип, Беселия айым Зардиашвилини жаакка чапты. Эко Беселия ушул жылдын башында анын жеке жашоосу тууралуу тымызын тартылып жарыяланып кеткен видео тасма тууралуу, Вано Зардиашвили сөз кылганына катуу ызаланып, кол көтөргөн. Ал бул окуяга... Читать дальше...
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров 2020-жылдын аягында жарандарга жөлөк пул төлөнбөй калуу коркунучу бар экенин айтты.
Норвегияда виза режимин бузду деген айып менен Казакстандын 60 жараны кармалды. Ооганстанда президенттик шайлоо алдында талибдер будуң-чаң саларын эскертип жатышат. Орусиянын “Сбербанкы” Тажикстанга онлайн аркылуу акча которууну жолго койду.
Башкы катчы Өзбекстандын федерациясы калыстардын семинарын өткөрөбүз деп жатышканын айтып, ага да чакыруу келе электигин кошумчалады.
Кытайдын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Американын Кытайдын кээ бир жарандары менен компанияларына Иран менен соода байланыштары үчүн санкция салуусуна жооп кайтарып, аны эл аралык принциптерди бузат деп билдирди.
Чукул билдирүү: 29-сентябрда күндүз жана 30-сентябрда аба ырайы туруксуз болот. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда жамгыр жаайт. Аба ырайы: 28-сентябрда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты улам өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27; Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25 жылуу; Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10... Читать дальше...
Орусияда иштеген кыргызстандыктар Жалал-Абад шаарындагы жетим балдар үйүндө тарбияланып чыккандарга жана жалгыз бой энелерге көп батирлүү үй кура баштады. Алардын “Үмүт” деп аталган өз ара жардамдашуучу чакан фонду буга чейин да социалдык тармактар аркылуу кайрымдуулукка каражат чогултуп, балдар менен карылар үйлөрүнө жардам берип келишкен.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШ-Украина президенттеринин телефон сүйлөшүүсү ачыкка чыкканына байланыштуу комментарий берди. Ал 27-сентябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, "Москва менен Вашингтондун алака-катышы ушул өңдүү жагдайга кептелбейт" деп үмүттөнөрүн айтты. Песков дипломатиялык эреже боюнча эки лидердин телефон сүйлөшүүсүнө "өтө жашыруун" деген белги коюларын, АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир... Читать дальше...
Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри эл аралык коомчулукту Иранга кысым көрсөтүүгө чакырып, Саудиянын заводдоруна урулган сокку үчүн кайрадан Тегеранды айыптады. Ирандын президенти болсо бул чабуулдун артында Тегеран турганын так далилдеп берүүнү талап кылууда.
Элүү жаштагы Советбек Бейшебеков баласын жалгыз тарбиялап чоңойтуп келет. Анткени аялы баласы эки айлык кезинде таштап Орусияга кетип калган. Кээде курулуштагы ишине баласын көтөрүп алып барган ата 1,5 жаш уулуна татыктуу тарбия берүүгө аракет кылат.
Орусиялык журналист Андрей Малахов “Россия 1” каналындагы кырсыкка кабылган кыргызстандык жигит тууралуу айткан сөзү боюнча Кыргызстандагы нааразылыкка жооп кайтарды. Малахов өзү жетектеген “StarHit” журналына “алып баруучунун жеке оюу демократиялык Кыргызстандын жарандарынын ушундай нааразылыгын жаратарын күтпөгөнүн” билдирген. Ал акыркы күндөрү “Андрей Малахов. Прямой эфир” программасына 20 миңден ашык билдирүү келип түшкөнүн жазды. Журналист мыйзам бузуу жана кылмышкерлердин улуту жана жарандыгы болбосун белгилеп... Читать дальше...
Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев №1 тергөө абагында, мурда соттолбогон жана оор кылмыш кылбагандар менен отурат. Анын өмүрүнө коркунуч жок экенин маалымдашты. Бирок, ал канча киши менен бирге кармалып турганы айтылган жок. Буга чейин жактоочу Жоошев, Сагымбаевге кысым көрсөтүү үчүн №1 тергөө абагына камап жатат деп бийликти айыптаган. 26-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту... Читать дальше...
Кыргызстандын көкбөрү боюнча курама командасы ушул жылы Өзбекстанда өтө турган дүйнө чемпионатына катышпоо тууралуу чечим кабыл алды.
Саясатчы Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнө карата Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жооп кайтарды. Бул тууралуу элчи Аликбек Жекшенкулов өзү фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырды. Анда элчи Ташиевди эмоцияга алдырбоого чакырып, кыргыз жараны кабылган жагдайдан улам айрым саясатчылар менен журналисттер упай топтоого аракет кылып жатканын белгилеген. Ошондой эле Жекшенкулов Орусияда кырсыкка кабылган жаранга элчилик ар тараптан көмөк көрсөтүп жатканын белгилеген. Буга чейин Камчыбек Ташиев орусиялык... Читать дальше...
Орусияда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрткө каршы режимге өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык, 1-октябрдан тартып бул өлкөдө үйлөрдөгү батирлердин балкондорунда чылым тартканга болбойт. Документте «үйлөрдүн, жатаканалардын жана мейманканалардын балкондорунда, лоджияларында от чыгарганга тыюу салынат» деп жазылган. Жарандар ошондой эле шам жагып, шишкебек бышыра алышпайт. Эрежени бузган жарандарга үч миң рублга чейин айып пул салынат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, балкондордо... Читать дальше...
Кыргызстандык Чыңгызхан Сагыналиев ушул күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан уландар жана кыздар (кадеттер) арасындагы дзюдо боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду. Эл аралык дзюдо федерациясынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Сагыналиев 26-сентябрда 60 килограммга чейинки салмакта беш таймаш өткөрдү. Ал эстониялык Виляр Липардды, италиялык Мишел Скиралды жана грузиялык Давити Бахбахашвилини жеңип, жарым финалда азербайжандык Камран Сулеймановго утулду. Коло байге... Читать дальше...
Ирандын тышкы иштер министлигинин басма сөз катчысы Американын Орусия менен Кытайга каршы негизсиз жаңы санкцияларын айыптады.
2019-жылдын сегиз айында президент Сооронбай Жээнбековго келип түшкөн кайрылуунун 43,7%, тактап айтканда 3375 кат сот жана укук коргоо органдарынын ишине тиешелүү болгон.
Бүгүн Франциянын ЖМКлары ушул жуманын башында Клермон-Ферран шаарында өткөн ITF турниринде полиция Кыргызстан менен Өзбекстандын эки теннисчисин кармап кеткенин жазып чыгышты.
Норвегияда виза режимин бузду деген айып менен Казакстандын 60 жараны кармалды. Муну Ослодогу Казакстандын элчилиги бышыктады. Элчиликтин өкүлү Талгат Жумагулов «Азаттыктын» казак кызматына аларды жакынкы күндөрү Казакстанга жөнөтүү жагы караштырылып жатканын, кармалгандар Европага туристтик виза менен келип, бул жакта калып, ишке орношууну көздөгөн болушу мүмкүн экенин билдирди. Мунун алдында норвегиялык VG басылмасы полицияга шилтеме кылып, Эйдсволл шаарчасында мейманкага айланган мурдагы... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбековдун «Инстаграм» баракчасындагы акыркы постторунда пикир калтыруучу көзөнөк жабылып турат. Бул боюнча президенттин аппараты комментарий бере элек. Жакында эле Жээнбековдун «Инстаграм» баракчасы верификациядан өтүп, расмий макамда иштей баштаган. Учурда Жээнбековдун @sooronbai_zheenbekov_official деп аталган баракчасында 259 миң катталуучу бар. Ал эми өзү басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдики деген аккаунттарды гана окуйт. Читать дальше...