Чукул билдирүү:
29-сентябрда күндүз жана 30-сентябрда аба ырайы туруксуз болот. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда жамгыр жаайт.
Аба ырайы:
28-сентябрда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты улам өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27;
Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25 жылуу;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Шамалдын багыты улам өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 25…27 градус болот.