Орусияда Мамлекеттик Думанын чет өлкөлүк мамлекеттердин кийлигишүүсүн иликтеш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиясы германиялык «Deutsche Welle» телерадиокорпорациясы "мыйзам бузганы аныкталды" деп билдирди. Анда аталган корпорация "Москвадагы макулдашылбаган акцияларга жарандарды катышууга чакырган" деп айтылат. Ошондой эле "Түндүк Кавказ тууралуу материалдарында экстремизм боюнча мыйзам бузулган учурлар орун алды" деп белгиленген.
Комиссиянын төрагасы Василий Пискарев «Deutsche Welle» эл аралык агент деген атка татыктуу экенин айтып чыкты. Мындан улам Тышкы иштер менен Юстиция министрликтерине бул медианын аккредитациясын жокко чыгарып, чет өлкөлүк агент деген макам берилиши керектигин айтып кайрылганын маалымдады.
Немис телерадиокорпорациясынын башчысы Йоханнес Хоффманн буга чейин «Deutsche Welle» Орусиянын ички ишине кийлигишкен деген сөздөрдү четке каккан. Ал медиа компаниянын Москва шаарындагы бюросунда иштеген кызматкерлеринде андай мүмкүнчүлүк жок экенин белгиледи.
Бул депутаттык комиссия өткөн айдагы Москвада шаардык кеңешке шайлоого катталбай калган оппозициялык жана өз алдынча талапкерлерди колдогон нааразылык акцияларынан улам түзүлгөн. Бийлик өкүлдөрү «бул митингдердин артында үчүнчү күчтөр турат, айрым чет өлкөлөр кийлигишип жатат» деген мазмундагы дооматтарды айтышкан.
Москвада өткөн айда миңдеген адам катышкан нааразылык акциялары өткөн.