Добавить новость


World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Сентябрь
2019

Новости за 21.09.2019

Azattyk.org 

Айсулуу: Элиме берген убадамды аткарам

Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков бүгүн Бишкекке учуп келишти.

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Улак кучактап тай казанга кулаган Тыналиев. Чүй менен Оштун беттеши сүрөттө

Чүй облусунун көк бөрү командасы Ош облусунан келген атаандаштарын караандатпай утуп алды. Оюн мындай өңүттө өтөрүн көпчүлүк күткөн эмес. Андыктан Оштун ири эсептик айырма менен артта калганы таң калычтуу болду.

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Чүйдүн жеңиши, Оштун таң калтырган улакчылары. Көк бөрү финалынан видео

Финалга чыккан Чүй облусунун көк бөрү командасы Ош облусунан келген атаандаштарын караандатпай утуп алды. Оюн мындай өңүттө өтөрүн көпчүлүк күткөн эмес. Андыктан Оштун ири эсептик айырма менен артта калганы таң калычтуу болду.

Azattyk.org 

Тыныбекова: Олимпиадада алтын алам деп сөз бергем

Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков бүгүн Бишкекке учуп келишти. Аларды «Манас» эл аралык аэропортунан президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Жогорку Кеңештин депутаты Динара Исаева, жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары Мирлан Парханов, экс-вице-мэр Айгүл Рыскулова жана Айсулуунун күйөрмандары тосуп алышты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жарыгы жок Жазы-Кечүү

140 түтүн эл жашаган Базар-Коргон районунун Жазы-Кечүү айылына электр энергиясын жеткирүү маселеси былтыр президент Сооронбай Жээнбеков эл менен жолуккан учурда көтөрүлгөн. Өкмөт бул айылга күндүн нурунан кубат ала турган жабдыктарды орнотууну чечкени менен иш азырынча аткарыла элек. Кышкысын алты ай байланышсыз калган элеттиктер кайрадан жол жана жарык маселесин көтөрүп чыгышты.

Azattyk.org 

Айсулуу Тыныбекова Бишкекке келди

Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бишкекке келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары Мирлан Парханов, экс-вице-мэр Айгүл Рыскулова жана Айсулуунун күйөрмандары тосуп алышты. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак... Читать дальше...




Azattyk.org 

Казакстанда кармалгандардын саны 60ка чамалады

Алматы менен Нур-Султан шаарларында 21-сентябрда “уруксат берилбеген митинг маалында” 57 адам кармалганын Казакстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеме тараткан билдирүүдө “57 киши мыйзам бузаганы үчүн кармалды, аларды жоопкерчиликке тартуу маселеси каралып жатат” деп жазылган. “Прокуратуранын эскертүүсүнө карабай, айрым жарандар тыюу салынган экстремисттик уюмдун чакырыгына баш ийип кеткени” белгиленген. 21-сентябрда Алматы, Нур-Султан жана Чымкент шаарларында полиция ондогон адамды кармап кеткен. Читать дальше...

Azattyk.org 

HRW Египет бийлигин митингде камалгандарды бошотууга чакырды

Эл аралык укук коргоо уюму Египет бийликтерин жарандарын тынч акцияларга чыгуу укуктарын коргоо менен бир күн мурда баш калаа Каирде кармалган демонстранттарды бошотууга чакырды. Жума кечинде жүздөгөн адамдар президент Абдел-Фаттах ас-Сисиге каршы нааразылык акциясына чыгышкан. Өтө сейрек боло турган мындай демонстрациянын катышуучулары 2014-жылы аскердик төңкөрүш аркылуу бийликке келген президенттин кызматтан кетишин талап кылышты. Сиси өлкө башына келгени оппозициянын миңдей өкүлү кармалып, көбү эркинен ажыратылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ Саудияга жана БАЭге кошумча аскер жиберет

Кошмо Штаттардын президенти Сауд Арабиясына жана Бириккен Араб Эмираттарындагы америкалык аскерлерге кошумча күч жиберүүнү туура көрдү. Мындай чечим Саудиядагы мунай заводдоруна жасалган чабуулдан кийин кабыл алынды. 20-сентябрда Пентагон чөлкөмгө кайсы бөлүктүн аскерлерин жиберилери аныктала электигин билдирди. Коргоо министри Марк Эспер бул кадам саудиялыктардын суранычы менен алардын абадан коргонуу аракеттерин бекемдөө максатында кабыл алынганын айтты. Вашингтон Тегеран менен жаңжалга барууну көздөбөсүн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Алтай таануучулар - Чоң Алтайда

Жакында Алтай аймагында өз ишин аяктаган эл аралык алтай таануу жыйынына Кыргызстандан жоон топ илимпоздор катышты.

Azattyk.org 

Кыргызстанда «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө» карата ишембилик өттү

Президенттин аппаратынын, президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын кызматкерлери иенен «Эко Деми» коомдук фонду бүгүн, 21-сентябрда Бишкек шаарындагы «Жаштар» сейил багынын аймагында ишембилик өткөрүштү. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев үй-бүлөсү менен бирге Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан «Ынтымак» паркынын аймагына бир нече көчөт отургузду. Андан соң «Эко Деми» фондунун өкүлдөрү менен Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги тиричилик калдыктарын жана полиэтилен баштыктарды тазалоо боюнча ишембиликке катышты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Дүйнөдө климат үчүн күрөш башталды

Дүйшөмбү күнү Нью-Йоркто климат боюнча саммит өтөт. Жыйынды утурлай дүйнөнүн булуң-бурчунда өкмөттөрдү табияттын өзгөрүшүнө каршы чара көрүүгө үндөгөн акциялар уюштурулду.

Azattyk.org 

Нур-Султан менен Чымкентте полиция ондон ашуун адамды кармады

21-сентябрда түшкө жакын полиция Чымкенттин борбордук аянтына жакын жерде жүргөн бир нече адамды кармап кеткенин “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы билдирди. Ал адамдар ишемби күнгө белгиленген митингге катышуу үчүн келгени же өз иштери менен жүргөнү белгисиз. Полиция кабарчынын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. Баш калаа Нур-Султанда да “митинг өтөрү белгиленген аймакта” полиция бир нече адамды кармап кеткен. Кармалгандар “Саясий туткундарга боштондук!, “Шал душман!” деп кыйкырып жатышты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөттүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы Егор Скобеев камалды

Өкмөттүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы Егор Скобеев кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда «Азаттыктын» жеке булактары билдирди. Маалыматка караганда, Биринчи май райондук соту Скобеевдин бөгөт чарасын карап, аны 17-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алуу боюнча чечим чыгарган. Айрым маалымат каражаттары Аскер прокуратурасы ал коррупцияга шек саналып жатканы тууралуу маалымат бергенин жазышты. Читать дальше...

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Аптыга чуркап "атасын" кучактаган Айсулуу, айтып бергис эмоция! Фотофакт

Белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова Нур-Султан шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында биринчи жолу алтын байге утуп, биринчи ирмемдердеги кубанычын машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен бөлүштү.

Azattyk.org 

Максат айылында Оштон барган психологдор иштеп жатат

16-сентябрь күнү ок атышуу менен коштолгон жаңжалда коопсуз жайларга убактылуу чыгып кеткен максаттыктар кайра үйлөрүнө барышты. «Учурда айылда аялдар жана балдар менен Ош шаарынан келген психологдор баштаган дарыгерлер тобу иштеп жатат», - деди Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев. Адинаев «Азаттык» радиосуна 21-сентябрда билдиргендей, куралдуу жаңжалда Тажикстан менен чек арада бир үй толугу менен күйүп кеткен, мындан сырткары бир топ үйлөрдүн айнектери, чатырлары сынып, айылдын мектеби, ФАП, электр көмөкчордону жабыркаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: күн ачык болот

"Кыргызгидромет" борбору кабарлагандай 22-сентябрда жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35; Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 28…33; Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24; Нарында облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 22…27; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5 суук, күндүз 9…14 градус жылуу болот. Бишкек шаарында жаан жаабайт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Абылгазиев: Шаар курулушун президент өзү көзөмөлдөп жатат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы Айтматов проспектиси менен Масалиев көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы сейил бак президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен ачылганын айтты. Ал аталган парктын жери убагында жеке жактарга бөлүштүрүлүп кетип, кайра алынганын билдирди. Абылгазиев Бишкекте адамдардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлбөй, көп жерге көп кабаттуу үйлөр түшүп калганын жана шаар курулушун учурда президент көзөмөлдөп жатканын кошумчалады. «Өткөн жылдан бери шаарды көрктөндүрүү... Читать дальше...


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus