Казакстанда кармалгандардын саны 60ка чамалады
21-сентябрда Алматы, Нур-Султан жана Чымкент шаарларында полиция ондогон адамды кармап кеткен.
Баш калаа Нур-Султанда “митинг өтөрү белгиленген аймакта” полиция бир нече адамды кармаган. Кармалгандар “Саясий туткундарга боштондук!, “Шал душман!” деп кыйкырып жатышты.
«Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын жетекчиси, бозгундагы банкир Мухтар Аблязов элди 21-сентябрда Нур-Султан жана Алматы шаарларында өкмөткө жана бийликке каршы акцияларды өткөрүүгө чакырган.