Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Айсулуу Тыныбекова Бишкекке келди

Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бишкекке келди.


Аны «Манас» эл аралык аэропортунан президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары Мирлан Парханов, экс-вице-мэр Айгүл Рыскулова жана Айсулуунун күйөрмандары тосуп алышты.


Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 26 жаштагы Тыныбекова 20-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча 62 килограммга чейинки салмакта, алтын байге үчүн болгариялык 29 жаштагы Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетти.


Тыныбекова финалдык беттешке чейин 19-сентябрда төрт беттеш өткөргөн. Алгач мексикалык Александра Ромеро Банниланы 8:0 эсеби менен жеңди. 1/8 финалда жапониялык балбан Якако Каваи менен күч сынашып, экинчи бөлүктө атаандашынын далысын килемге тийгизип, таза жеңишке жетти.




Чейрек финалда украиналык Юлия Ткач Остапчук менен таймашып, 9:6 эсебинде жеңишке жетти. Жарым финалга чыгуу менен Айсулуу Тыныбекова 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимп оюндарына да жолдомо алды.


Жарым финалда түндүк кореялык Жоң Сим Римди 7:0 эсебинде жеңип, алтын байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.


Тыныбекова күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык балбан. Буга чейин грек-рим күрөшчүлөрү Канат Бегалиев (66 кг. 2006-ж.) жана Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын (55 кг. 2018-ж.) финалына чыгып, жыйынтыгында экөө тең күмүш байге алганы Кыргызстандагы эң мыкты көрсөткүч катары эсептелип келген.


Айсулуу Тыныбекова 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимп оюндарына катышып, 5-орунду алган. Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2017-жыл). Азиянын үч жолку чемпиону.


Бул ирет Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандан төрт балбан кыз барган. 18-сентябрда Айпери Медет кызы менен Нураида Анаркулова килемге чыгып, мелдешти байгесиз жыйынтыкташты. 17-сентябрда 55 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Мадина Надирова да мелдештен четтеген. Мелдеш 22-сентябрда жыйынтыкталат.


Бул чемпионатта 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына катышууга укук берген жолдомолор ойнотулууда. Тактап айтканда грек-рим күрөшү (60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг.), эркин күрөш (57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг.) жана кыз-келиндер күрөшүнөн (50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг.) алты салмак категориясы боюнча алдыңкы беш орунду ээлегендерге жолдомо берилет. (BTo/AiA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus