Территориалдык шайлоо комиссиясынын маалыматында, Нарын шаарынын башчылыгына үч талапкер катталды.
Талапкер Эмил Чымылдаков шаардык кеңеште «Ала-Тоо Ынтымагы» фракциясынан депутат. Чымылдаков мэриянын муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын жетекчиси. Ал эми дагы бир талапкер Ак-Талаа районунун акими Нурбек Молдокадыров «Кыргызстан» фракциясынын атынан чыгып жатат. Жеке ишкер Сталбек Мукамбетов КСДП фракциясынан талапкер болууда.
Мэрди жергиликтүү кеңештин депутаттары 1-октябрда шайлашат. Мурдагы мэр Эмилбек Алымкулов өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 6-сентябрда дайындалган. (TSh)