Европа парламентинин укук маселелери боюнча комитети 26-сентябрда транспорт комиссарлыгына Бухарест көрсөткөн Рована Плумдун талапкерлигин жактырган жок. Анда Румыниядагы Европа фонддорунун иштери боюнча мурдагы министри насыяларына байланыштуу дооматтарга ынанымдуу жооп бере албаганы айтылды.
Мунун алдында айрым жергиликтүү басылмалар Плумб шайлоо өнөктүгү маалында кимдир-бирөөлөрдөн дээрлик бир миллиондой еврону карызга алганын, анын бул кадамы күмөндүү экенин жазып чыгышкан.
Анын алдында Венгриянын мурдагы юстиция министри Ласло Трочани Европа Биримдигин кеңейтүү комиссарлыгына өтпөй калган. Европа парламентинин укук маселелери боюнча комитети анын адвокаттык кызматы менен бул орун айкалышпайт деген жүйө келтирген.
Венгриядагы башкаруучу «Фидес» партиясынын өкүлү Йожеф Шайер депутаттардын мындай чечимдерин айыптады.
Быйыл июль айында Европа комиссиясынын башчысы болуп дайындалган Урсула фон дер Ляйен эми Будапешт менен Бухарестке бул кызматтарга башка талапкерлерди көрсөтүүнү сунуш кылышы мүмкүн.