«КТ Мобайл» ишканасынын жетекчисинин орун басары Эрназар Иманкадыр уулу (Рысалиев) кызматтан кетти. Бул тууралуу маалыматты ал «Азаттыкка» өзү ырастап, иштен кетүү тууралуу арыз жазганын айтты. Ал бул маселе абдан саясатташып кеткенин белгилеп, өздөрү жараткан долбоорду аягына чыгарыш үчүн бекер иштеп бере турганын кошумчалады: - «КТ Мобайлдын» жамааты азыр акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө чыгып кетти. Азыр «Мегаком» менен пауза болуп калды. Ортодо тендерге катышып, утулуп калган экинчи компания «Билайн» кызыгып жатат. Читать дальше...
Жарандык активисттер Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) реформа кылуу талабы менен онлайн түрүндө кол чогулта башташты. Демилгечилер петиция аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, УКМКдан тергөөнү жана Коррупцияга каршы күрөш кызматын алып салууну талап кылышууда. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова маалымдады. «Бүгүн бул тармакты реформага түрткөнгө абдан сонун шарт түзүлдү. Келгиле, баарыбыз биргелешип президенттен реформаны талап кылалы. Бул кадамга барса... Читать дальше...
С. Лавров кытайлык кесиптеши Ван Йи менен Сочиде өткөргөн жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйынга катышты.
Бишкек шаарынын Панфилов сейил багындагы чакан зоопарк ичиндеги жаныбарлар менен кошо күйүп кетти. Өрт 16-май күнү түндө болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, «Живая экзотика» чакан зоопаркынын жана «Деревяшка» кафесинин 400 чарчы метр аянты өрттөнүп кеткен. Учурда тилсиз жоонун себептери такталып жатат. (TSh)
Эгерде АКШ «соода согушун» улантууну кааласа, анда Кытай жеңиш менен аяктаганга чейин күрөшөт.
Свердлов райондук соту Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча кылмыш ишин карап жатат.
Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун “Бизнести ирилетүү жана чакан орто ишканаларды өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Жалал-Абад JIA бизнес ассоциациясынын алдында ишкерлерди колдоо борбору ачылды. Борбор ишкерлерге бизнес маалыматтарды жайылтуу, кеңеш берүү, ишкердикти уюштурууга жана өркүндөтүүгө көмөктөшүүгө кызмат көрсөтөт. Долбоор “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылында президенттин жарлыгынын аткарылышына салым кошот дешет уюштуруучулар. Ишкердикти колдоо борборунун... Читать дальше...
Баткен облусунун аймагында билим берүү кызматкерлери менен өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда атайын кеңешме уюштурулду. Жыйында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга тоскоолдуктар жана чечүүгө боло турган маселелер эркин форматта талкууланды. Кеңешмеде билим берүү тармагы өлкөнү өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыты болгондуктан, өлкө казынасынан бул тармакты жакшыртууга каражат бөлүнүп жатканы менен, билимдин сапаты жетишээрлик эмес экени белгиленди. Эң негизгиси баланы тарбиялоодо... Читать дальше...
Жалал-Абад шаарында спорт мектептеринин окуучуларынын арасында спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча "Келечек" республикалык спартакиадасы башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Спорттук оюндардын ачылышы 15-майдын кечинде “Курманбек” атындагы борбордук стадионда өттү. “Уюштурулуп жаткан олимпиада республикабыздын түрдүү облустарынан келген окуучулардын ынтымагын чыңдоо менен бирдикте чоң ийгиликтерди жаратууга өбөлгө болот деп ойлойм. Силер... Читать дальше...
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 2018-жылдын январь айынан бери шаардагы тогуз кумар оюндары ойнотулат деген жайларды аныкташкан. Ал жайлар боюнча бир нече жолу тергөө иштери жүргүзүлгөн. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Милициянын маалыматында, төмөнкү жайлар кумаркана катары шектелүүдө; Супаналиев көчөсүндөгү «Прадо» оюн-зоок клубу, (шаардык стадиондун жанында) Раимбеков көчөсүндөгү «Мейгранд» оюн-зоок клубу, Ленин көчөсүндөгү «Бархан» оюн-зоок клубу, Масалиев көчөсүндөгү... Читать дальше...
Кыргызстандын түрмөлөрүнөн канчалаган кылмыштуу топтун мүчөлөрү бошоп, чыгып кетип жатат. Аларга байланыштуу тергөө-иликтөө жүргүзгөн эч ким жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаеванын кармалышына байланыштуу айтып жатып билдирди. "Азыр гумандуулук боюнча мыйзамдарды кабыл алып жатабыз. Динара Сагынбаеванын кармалышы гумандуулукка жатпайт. Ал Улуттук госпиталдын жетекчиси. Тергөө чындыкты таап, ким буюртма бергенин аныктайт деп ишенем. Читать дальше...
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «Ата Мекен» партиясынын эки юристине койгон 10 миллион сомдук доосу боюнча Жогорку сот чечим чыгарды. Ага ылайык, Бишкек шаардык сотунун Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарган өкүмү күчүндө калды. Бул тууралуу юрист Канатбек Азиз маалымдады. Буга чейин Бишкек шаардык соту «Ата Мекен» партиясынын юристтери Канатбек Азиз жана Таалайгүл Токтакунова боюнча Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарган. Башкы прокуратура 2017-жылы ошол кездеги президент... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын мүчөсү, депутаты Төрөбай Зулпукаров 16-майдагы парламент жыйынында тыюу салган мыйзамга карабай иштеп келаткан кумарканалардын маселесин көтөрдү. Ал кумарканаларга лицензия берген, алардын иштешине шарт түзүп жаткан, ири суммасын уттуруп жабыркагандар болгонуна карабай «кумаркана эмес» деп корутунду чыгарган эксперттердин жүзүн ачып көрсөтүүгө чакырды: - Кечээ эле Ошто күбө болдук, Жогорку Кеңештин депутаттары көтөрүп жатсак, төртүнчү бийлик деген журналисттер көтөрүп жатса... Читать дальше...
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Казань шаарына иш сапары менен кетти.
Мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт.
Израил мамлекетинин негизделишинин 71 жылдыгына байланыштуу өткөн нааразылык акциялар маалында Газа тилкеси менен чектеш жерде 50гө жакын палестиналык жаракат алды. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги жазды. Израилдин Коргонуу армиясынын маалыматына караганда, нааразылык акцияларга 10 миңге жакын киши катышууда. «15-майда демонстранттар дөңгөлөктөрдү өрттөп, израил аскерлерин көздөй таш ыргытышкан. Күбөлөрдүн айтымында, аскерлер жооп катары согуштук жана желим октор менен атып, көздөн жаш агызчу газдарды колдонушту. Читать дальше...
Социалдык түйүндөргө түркмөн актеру Анна Меляевге сакал жана мурут өстүрүүгө уруксат берген «Түркмөнфильм» бирикмесинин каты жарыяланды. Киностудиянын жетекчилиги билдиргендей, «Түркмөнфильм» өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун «Түркмөнстан — Улуу Жибек жолунун жүрөгү» деген китебинин негизинде тарыхый көркөм тасма тартып жатат. «Тасмада тарыхый эпизоддор бар. Буга байланыштуу башкы каармандын ролун аткарган Анна Меляевге фильм тартылып бүткөнчө сакал жана мурут өстүрүп жүрүүгө уруксат берилет»... Читать дальше...
Билим берүү жана илим министрлиги мектепке баланы электрондук кезекке тургузуунун экинчи айлампасы 16-майда башталарын билдирди. Жеткинчектерди 1-класска бериш үчүн түзүлгөн онлайн кезектин биринчиси 15-февралда башталып, үч айда 8465 бала катталды. Биринчи айлампада микроучасткаларга арыздар кабыл алынса, 16-майдан 15-августка чейин микроучасткалардан тышкары мектептерге арыздар алынат. «Мектепке электрондук кезек» долбоору 6-7 жашка толгон балдарды мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим... Читать дальше...
Баткен облустук прокурорунун өлүмү үчүн шек саналып камакка алынган Мелис Калыковдун арызын териштирүү Кара-Суу шаардык сотунда каралат. Алгач 15-майга белгиленген отурум даттануучунун сотко жеткирилбегенине байланыштуу 16-майга жылдырылган. Адвокаты Асылбек Кунгуров «Азаттыкка» билдиргендей, Мелис Калыков тергөө ишине канааттанбай, тергөөчүлөрдү сотко берген. Ош шаардык сотунда судьялар жетишсиз болгондуктан, иш Кара-Суу шаардык сотунда каралууда. Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай... Читать дальше...
Кыргыз өкмөтү электрондук паспорт даярдоо боюнча тендерде жеңип чыккан литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы менен чырды тынч жол менен жөнгө салууну көздөйт. Өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун маалыматына караганда, жагдай сүйлөшүү аркылуу чечилбесе, компания арбитражга кайрылышы мүмкүн экенин билдирген. - Сүйлөшүүлөр ийгиликсиз өтсө, анда компания тийиштүү арбитраждык териштирүү боюнча демилге көтөрүү укугун өзүндө калтырат, - деди өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу. Читать дальше...
Ооганстанда 2018-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жети ай өткөндөн кийин расмий жарыяланды. Көз карандысыз шайлоо комиссиясы Кабул облусунда 24 эркек, 9 аял парламенттин төмөнкү палатасына өткөнүн билдирди. Былтыр 20-октябрда ооганстандыктар парламенттин төмөнкү палатасын шайлашкан. Баштапкы жыйынтыктар январда жарыяланган. Бирок толук жыйынтык чыкканга чейин эле шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жумуштан алынып, ордуна башкалар келген. Шайлоо комиссиясындагылар добуш берүү учурундагы кемчиликтер үчүн кескин сынга кабылган. Читать дальше...
"Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин мүлкүн текшерип, суракка алуу - коррупцияга каршы күрөш эмес". Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков 15-майда "Азаттык" радиосунун "Ыңгайсыз суроолор" көрсөтүүсүндө айтты: "Эгер "сен мыйзамсыз байыдың" дей турган болсо, парламентте 6-7 депутат, өкмөттө 3-4 эле адам калышы мүмкүн. Дамир Мусакеевге коюулуп жаткан айып коррупцияга каршы күрөш эмес". Читать дальше...
"Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун экс-президент Алмазбек Атамбаевге видео кайрылуу жасаганы чоң катачылык болду". Мындай пикирин коомдук активист Эдил Байсалов 15-майда "Азаттык" радиосунун "Ыңгайсыз суроолор" көрсөтүүсүндө айтты: -Андай кайрылуу менен чыкканы туура эмес. Ал Атамбаевге эле кайрылбай, бүт элге сүйлөп, "Бизге кудай берип жатат, Кара-Сууну кандай жетектесек, эртең эле Кыргызстанды ушундай бийлейбиз",- деп жатат. Андай колуңуздан келбейт, урматуу Райымбек. Читать дальше...