Кыргызстандагы өспүрүмдөр колониясында акыркы коңгуроо кечеси өттү. Балдар түрмөсүнүн мектебинде быйылкы окуу жылында кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана шектүү катары тергөө абагында кармалып турган 24 окуучу билим алган. Алардын бирөө мектепти абакта аяктады. Ал эркиндикке чыгуу жана болочок кесиби тууралуу кыялдары менен бөлүштү.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин беш жылга кесилиши боюнча КСДПнын саясий кеңеши коомчулукка кайрылуу таратты.
Деңиз укугу боюнча эл аралык трибунал Орусияны украиналык эки аскердик кеме менен көмөкчү кемени жана 24 морякты тез арада бошотуп, кое берүүгө милдеттендирди. Германиянын Гамбург шаарында 25-майда өткөн жыйында эл аралык трибунал өз чечимин жарыялап, Украинанын талаптарын канааттандырды. Орусия бул жыйынга катышуудан баш тартып койгон. 2018-жылдын 25-ноябрында Керч кысыгында Орусия менен Украинанын деңиз күчтөрүнүн ортосунда жаңжал чыгып, орус тарап Азов деңизине өтүп бараткан кемелерди жана деңиз аскерлерин камакка алган. Читать дальше...
Борбор Азияда элдин басымдуу бөлүгү боордун май басып кетиши деген көйгөй менен жашайт. Ушундан улам ашыкча салмактуулар барган сайын көбөйүүдө.
Америка Кошмо Штаттары Жапония менен кызматташтыгын мындан ары да бекемдейт. Бул тууралуу бүгүн 25-майда АКШнын президенти Дональд Трамп Жапонияда башталган төрт күндүк мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн алгачкы жолугушууда айтты: - Жапония менен Кошмо Штаттардын кызматташтыгы эч убакта азыркыдай бекем болгон эмес деп ишенимдүү айта алам. Эч качан ушунчалык жакын болгон эмес. Эки өлкөнүн соода-сатык алакасын жакшыртуу үчүн бул эң жакшы учур. АКШ жана Жапония дүйнөдөгү эң ири экономика экени белгилүү. Читать дальше...
Бүгүн Кыргызстандын мектептеринде «Акыркы коңгуроо» кагылып, кезектеги окуу жылы жыйынтыкталды.
Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленский Германиянын канцлери Ангела Меркел менен телефондон Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча аракеттерди талкуулады. Тынчтык сүйлөшүүлөрүн, анын ичинде Украина, Орусия, Германия жана Франция кирген форматтагы аракеттерди улантуу зарылчылыгы айтылды. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия эгер сүйлөшүүлөрдөн майнап чыгарына көзү жетсе ага катышуудан баш тартпай турганын билдирди. 2014-жылдын апрелинен бери Украинанын чыгышындагы согуштан 13 миңдей адамдын өмүрү кыйылды. Читать дальше...
Кыргызстандагы өспүрүмдөр колониясында «Акыркы коңгуроо» салтанаты өттү. Балдар түрмөсүнүн мектебинде быйылкы окуу жылы соттолгон жана шектүү катары тергөө абагында кармалып турган 24 бала билим алды. Алардын үчөө 9-классты, бирөө 11-классты аяктады. Окуу жылынын аякташына арналган иш-чарада сүйлөп жатып мектеп директору Жаныбек Баялинов балдардын окуусуна толук шарт түзүлгөнүн билдирди: - Биз балдарга болушунча көңүл бурганга аракет кылабыз. Жакында эле компьютер алып бердик, Интернетибиз бар. Читать дальше...
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жергиликтүү кеңештин депутаты алдыңкы мектеп окуучуларына колдоо көрсөтүүдө. Бүгүн «Акыркы коңгуроо» салтанатында жеке ишкер Болот Жуманазаров райондун Кеңеш айыл аймагындагы 14 мектептин 200дөн ашык окуучусуна стипендия жана грамота тапшырды. Бүгүн Кыргызстандын мектептеринде «Акыркы коңгуроо» кагылып, кезектеги окуу жылы жыйынтыкталды. Республика боюнча 2262 мектепте 9-классты 95 миң, 11-классты 61 миң бүтүрүүчү аяктап жатат. (RsK)
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдогон мүчөлөрүнүн саясий кеңеши бүгүн 25-майда жыйынга чогулуп, билдирүү кабыл алды. Билдирүүдө Дамир Мусакеев Атамбаевди «сатып кетпегени», анын коопсуздугун камсыз кылып жатканы үчүн камалганы айтылат. «Батирлерди атайын комиссия бөлүштүргөн. Мусакеев анын курамында болгон эмес. Ал мамлекетке да, адамдарга да эч кандай материалдык зыян келтирген жок» деп билдиришти социал-демократтар. Ошону менен катар алар өлкө... Читать дальше...
26-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаашы ыктымал. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 10…15... Читать дальше...
Ош шаарынын Абсамат Масалиев көчөсүнүн №64 дарегине курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн салынышына ошол аймакта жашаган тургундар каршы чыгып жатышат.
Москвада өткөн «Алтын бешилик» аттуу эл аралык кинофестивалда кыргызстандык режиссер Караш Жанышовдун тасмасы байгелүү орунга татыды. Анын «Кош бол» тасмасы жеңүүчүлөрдүн бири болуп табылды. Жалпысынан фестивалга 1013 тасма келип түшкөн. Ал эми «Кыска метраждуу көркөм тасма» категориясында 14 тасма сынакта ат салышкан. Буга чейин «Кош бол» фильми Германиядан жана Грузиядан байгелүү кайткан. Артыкпай Сүйүндүков көркөм жетекчи болгон фильм Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин базасында «Айтыш... Читать дальше...
Венесуэланын оппозиция лидери Хуан Гуаидо тарабынан дайындалган Венесуэланын АКШдагы элчиси Вашингтондогу элчиликтин имаратындагы көзөмөлдү колго алды.
Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагалыгынан жана курамынан кетти. Экс-президент мындан тышкары партиянын саясий кеңешин жетектөөдөн да баш тарткан. Анын ордуна төраганын орун басары Асел Кодуранова КСДПнын саясий кеңешинин 25-майдагы жыйынында шайланды. Бирок бул убактылуу гана көрүнүш экенин «Азаттыкка» саясий кеңештин мүчөсү Адил Турдукулов билдирди. Анын айтымында Алмазбек Атамбаевдин партия жетекчилигинен убактылуу чегинүүсү - экс-президенттер тууралуу жаңы мыйзамга байланыштуу. Читать дальше...
Түркиянын вице-президенти Фуат Октай Daily Sabah гезити менен Американын Иранга каршы санкциялары, Сирия качкындары жана Батышта исламофобиянын жайылышы тууралуу маек курду.
АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен мамиле курчуп турган кезде Жакынкы Чыгышка 1,5 миң аскер кызматкерин жөнөтмөй болду. Буга чейин ал мындай кадамга барбай турганын айткан. - Биз Жакынкы Чыгышта коргоого ээ болушубуз керек. Ал жакка анча көп эмес аскер жөнөтөбүз. Абдан таланттуулар барат. Болжол менен 1,5 миң адам, - деди ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. Кошмо Штаттардын президенти бул кадам аймакта жайгашкан америкалык аскердик күчтөрдү коргоо максатында жасалып жатканын айтты. Читать дальше...
Кылымдар бою кыргыздар үчүн дүйнө таанымдын күзгүсү катары белгилүү болуп келген «Манас» эпосунда алгачкы диний ишенимдерден баштап ислам доорун камтыган окуялар кандай өңүттө чагылдырылган?
Ош облусунун Ноокат районунда жол кырсыгына кабылып, ар кандай жараат алган төрт бүтүрүүчү ооруканада жатат. Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нурдин Мадумаров «Азаттыкка» билдиргендей, кырсык 24-майдын кечинде Ак-Чал айылында болгон. Бир эркек жана үч кыз бала катуу ылдамдыкта бараткан жеңил машине сарайды сүзгөн. Облустук милиция рулдагы бала атасынын машинесин айтпай айдап кеткенин, жанына үч классташ кызын отургузуп алганын маалымдады. Бүгүн 25-майда Кыргызстан боюнча 2262 мектепте 9-классты 95 миң... Читать дальше...
«Күлкү кербени» Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгуу же чыкпоо жаатында тандоо жолунда турган кыйчалыш учуруна байланыштуу азилдерди сунуш кылат.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Эски-Мазар участогу тактала элек тилке болуп эсептелет. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 25-майда тараткан билдирүүдө айтылат. «Быйыл 22-майда эки тарап Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын Кара-Бак айылынын тургундарына Эски-Мазардагы көрүстөнгө барышына тоскоолдук кылбайт деп макулдашкан» деп айтылат билдирүүдө. Мекеменин маалыматына караганда, жакында «Азия плюс» сайтына тажик тараптын комментарийи жарыяланып, анда «Кыргызстан Курганча... Читать дальше...
Мыйзамсыз жолдор менен Европага барууну каалаган нигериялык 195 качкын ыктыярдуу түрдө Ливиядан өлкөлөрүнө кайтты.
БУУ Иракта массалык көмүлгөн 12 көрүстөн табылганын маалымдады.
Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй 7-июнда кызматтан кетет.
Европа Биримдиги Борбор Азиядагы суу-энергетика тармагындагы коопсуздукту бекемдөөгө жардам берет.