Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты, орус жарандыгы бар экени айтылган Павел Десятников депутат Жумабек Салымбековдун жардамчысы катары иштеп жатат. Ал быйыл 4-апрелде мандатын тапшырган. Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы Десятников саламаттыгына байланыштуу арыз жазганын билдирген. Шаардык кеңештин басма сөз катчысы Мээрим Керимканова "Азаттыкка" билдиргендей, анын орус жарандыгы бар экени тууралуу маалымат такталган эмес. - Биздин депутаттар айлык албай иштешет. Жардамчыларын да өздөрү каржылап, иштетишет. Читать дальше...
«Air Arabia» авиакомпаниясы 4-июлда Бириккен Араб Эмираттарынын Шаржа шаарынан Бишкекке туруктуу түз каттам жүргүзө баштайт. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, каттам жумасына төрт жолу болот. Шаржа-Бишкек каттамы өкмөттүн 2013-2023-жылдарга туризмди өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашууда. Кыргызстандан ушул тапта Орусиянын бир канча шаарына, Түркиянын Стамбул, Анталия шаарларына, Өзбекстандын, Казакстандын борборлоруна жана Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына түз каттамдар бар.
16-майда Нур-Султан шаарында кыркка жакын аял кайрадан үй жана жөлөкпул берүүнү талап кылып акцияга чыкты.
Орус президенти Владимир Путин Екатеринбургдагы талаштуу православ чиркөөсүнүн курулушу боюнча сурамжылоо өткөрүүнү сунуш кылды. Ал 16-майда Сочи шаарында сүйлөгөн сөзүндө чиркөөлөр «элди бөлбөй, биримдикке өбөлгө болушу керек экенин» айтты. - Сурамжылоо өткөрүү деген жөнөкөй жол бар. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек. Демократиянын маңызы ушунда, - деди Путин. Екатеринбургдун вице-мэри Екатерина Куземка шаар бийлиги мындай демилгени колдой турганын «Интерфакс» маалымат агенттигине билдирди. Читать дальше...
Евробиримдиктин полициясы зыяндуу компьютердик программаларды колдонуу менен түмөндөгөн адамдардын 100 миллион долларга чукул каражатын уурдаган эл аралык кылмыштуу түйүндүн тамыры кыркылганын билдирди. Европолдун 16-майдагы билдирүүсүндө айтылгандай, европалык жана америкалык укук коргоо органдары кылмыштуу топту колго түшүрүш үчүн баш-аягы алты өлкөдө - АКШда, Болгарияда, Германияда, Грузияда, Молдовада жана Украинада иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Маалыматка ылайык, бул топ 41 миңден ашык адамдын компьютерлерине өз көзөмөлүн орнотуп... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев 16-майда Аскердик прокуратурага күбө катары сурак берип чыкты. Ал чакыруу кагазы кечке жуук келгенин өзү «Азаттыкка» билдирип, «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча сурак бергенин айтты: - Мен сурактын чоо-жайын ашкере кылбоо тууралуу тилкат бердим, ошондуктан кандай суроолор болгонун айтып бере албайм. Мусакеев өзүнө байланыштуу иш сотто калыс чечим табарына үмүт артып жатканын кошумчалады. Читать дальше...
Бийликте кирешелүү тармактарды көзөмөлдөгөн «көмүскө башкаруучулар» кайрадан пайда болгону айтыла баштады.
Кытайдын Соода министрлиги бейшембиде кайсы бир өлкөлөрдүн кытайлык компанияларга бир тараптуу түрдө санкция салышына каршы экенин билдирди. 15-майда АКШ Кытайдын «Huawei» компаниясын «улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет» деген жүйө менен кара тизмеге киргизген. Ошол эле күнү президент Дональд Трамп америкалык байланыш түйүндөрүн «чет өлкөлүк каршылаштардан» коргоо максатында жалпы элдик чукул кырдаал жарыялаган. Анын атайын буйругуна ылайык, АКШ компанияларына мамлекеттик коопсуздукка коркунуч... Читать дальше...
Свердлов райондук сотунун 16-майдагы отурумунда мамлекеттик айыптоочу УКМКнын 9-бөлүмүнүн мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеевге беш жыл жаза чектөө жана 70 миң сом айыппул төлөө жазасын сурады. Ушул эле күнү Мусакеевдин тарапкерлери Тоң районунун Бөкөнбаев айылында нааразылык акциясын уюштуруп, аны каралоону токтотууну бийликтен талап кылышты.
Мурдагы баш прокурор Аида Салянова Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. Ал Батукаевди абактан бошотууда мыйзамдык жагынан мүчүлүштүктөр кетпегенин белгиледи. Кримтөбөл абактан бошоп, өлкөдөн чыгып кеткенге чейин маалыматы болбогонун айтты.
Мурдагы президенттин жансакчысы Дамир Мусакеевдин тарапкерлери Бөкөнбаев айылында нааразылык акциясын уюштурушту.
Орусиянын Екатеринбург шаарында 20дан ашык киши сейил бакта чиркөө куруу планына каршы уруксатсыз митингге чыкканы үчүн бир нече күнгө камалды.
Дүйнө лидерлери жана ири технологиялык компаниялардын жетекчилери Парижде Интернеттеги экстремизмге каршы жыйынга чогулушту.
Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн аппараты кабарлады. Анда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сызыгын чийүү боюнча сунуштар талкууланды. Жумушчу топтордун жолугушуусунун алкагында мамлекеттик чек аранын айрым тилкелерин жеринде биргелешип изилдөө тууралуу макулдашуу кабыл алынды. Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Өзбекстандын аймагында өтөрү күтүлүүдө. Читать дальше...
Газанын чыгыш чек арасындагы “Кайра кайтаруу маршы” акциясы башталгандан тартып азыркы учурга чейин 305 палестиналык каза таап, 17 миң 335 киши жаракат алганын Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Парламентте депутаттык мандат алууга катышуу үчүн саясий партиялар шайлоочулардын 9 пайызынын добушун алышы зарыл болгон чекти 5 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча демилге көтөрүлүп жатат. Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев бүгүн, 16-майда өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди. Эл өкүлү «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун парламентке киргизгенин айтты. Читать дальше...
Бишкекте балдарды мектептердин 1-классына электрондук кезек аркылуу каттоо долбоорунун экинчи баскычы 16-майда башталды.
16-майда Свердлов райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин кылмыш иши боюнча соттук отурум өттү. Анда аскер прокурору Мусакеевди беш жылга кесүүнү жана 70 миң айып өндүрүүнү суранды. Бул тууралуу Атамбаев башкарган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева маалымдады. Кийинки соттук отурум 23-майда улантылат. Дамир Мусакеев "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айыпталып жатат. Ал УКМКнын... Читать дальше...
Ирактын Москвадагы элчиси өз өлкөсү Орусиядан С-400 системасын сатып алаарын билдирди.
Чолпонбек Абыкеевдин чыгармаларында реалдуулук менен мистика аралаш, чогуу-чаран сүрөттөлөт.
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди. Ал Батукаевди абактан бошотууда мыйзам жагынан мүчүлүштүк кетпегенин белгиледи. Аида Салянова кримтөбөл абактан бошоп, өлкөдөн чыгып кеткенге чейин маалыматы болбогонун айтты: - Прокурорлор дарыгер болбогондон кийин барып анализ алып, текшербейт да. Эгерде корутунду турса, ага Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы ишенип жатса... Прокурорлордун талабы менен да комиссия болгонун мага айтышты. Читать дальше...
Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовго байланыштуу соттук териштирүү токтотулуп, кылмыш иши соттук-экономикалык экспертизага жөнөтүлдү. Бул тууралуу маалымат Жогорку соттон алынды. 15-майда Октябрь райондук сотунда экономикалык кылмыштарга байланыштуу шек саналып жаткан Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов менен бир нече адамдын бөгөт чарасы каралып, узартылды. Шектүү боюнча соттук териштирүү январь айында башталган. Адамкул Жунусов 2018-жылы 28-декабрда Кыргызстанга Бакудан жеткирилген. Читать дальше...
Ош, 16-май, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2018-жылдын январь айынан 2019-жылдын май айына чейинки аралыкта, Ош шаарынын аймагында «көмүскө кумарканаларды уюштурганга шектүү катары 9 жайды аныктаганын жарыялады.
1,125 просмотров всего, 1,125 просмотров сегодня
Дээрлик эки жылдан бери бозгунда жүргөн олигарх Игорь Коломойский Украинага кайты. Ал отурган учак 16-майда өлкө чыгышындагы Днепр шаарына конгонун «Азаттыктын» украин кызматы жана Украинанын «Биринчи телеканалы» өз булактарына таянып кабарлашты. Жашыруун булактардын айтымында, украиналык олигарх жеке менчик учак менен Тел-Авивден учуп чыккан. Украинадагы эң бай адамдардын бири деп эсептелген мурдагы аймак губернатору Коломойский кызматтан кетип жаткан президент Петро Порошенко менен көп жылдан бери каршылашып келет. Читать дальше...