Кечээ, 15-майда БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Йемен согушу башталгандан бери азыркы учурга чейин йемендик 7300 бала каза тапканын маалымдады.
Президент Сооронбай Жээнбеков «"Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды. 2018-жылдын 3-октябрында Жогорку соттун Конституциялык палатасы «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» мыйзамдын 12-беренесинин Конституцияга шайкеш келер-келбесин карап чыкан. Конституциялык палата бул ченем Баш мыйзамдын 16-беренесинин 3-бѳлүгүнө... Читать дальше...
“Ислам жихады” кыймылынын Жогорку мүчөсү Вашингтондун кылымдык келишимди палестиналыктарга арттыруусу мүмкүн эместигин билдирди.
Сотрудники ФСБ и Следственного комитета России задержали в Москве 26-летнего россиянина, который перевел запрещенной в РФ террористической организации «Исламское государство» не меньше 50 млн рублей. Видео: ТАСС/ЦОС ФСБ 240 просмотров всего, 240 просмотров сегодня
Парламенттеги КСДП жана «Өнүгүү-Прогресс» фракцияларынын чечимдеринин негизинде «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын курамы тандалды. Комиссиянын жетекчиси болуп депутат Курманкул Зулушев тандалды. Бул тууралуу депутат Алмамбет Шыкмаматов маалымдады. Бул комиссия бир ай ичинде депутаттарды өз иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен тааныштырууга тийиш. 17-майда комиссиянын биринчи отуруму өтөт. Депутаттык комиссиянын курамына эркин депутат Жанарбек Акаев, КСДП фракциясынан Сайдолимжан Жураев... Читать дальше...
16-майда Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда 40ка жакын аял кайрадан үй жана жөлөкпул берүүнү талап кылып нааразылык акциясына чыкты. Алардын арасында көп балалуу энелер, жалгыз бой аялдар жана майып балдарды багып жаткан келиндер да бар. Алгач шаардын акимчилигине чогулган энелер алар менен жолугууга аким да, орун басарлары да чыкпаган соң экономикалык форум өтүп жаткан Конгресс борборуна барышты. Бул форумга Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен экс-президент Нурсултан Назарбаев катышып жаткан. Читать дальше...
77 просмотров всего, 77 просмотров сегодня
Аятолла Хамени Америка менен согуш болбой турганын билдирди.
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф АКШ 2015-жылкы өзөктүк келишимден чыгып кеткенине карабастан Тегеран «болушунча карманууга» аракеттенип жатканын билдирди. 16-майда Токиодо жапон тышкы саясий мекемесинин жетекчиси Таро Коно менен жолугушууларды өткөргөн Зариф Вашингтонду «Перс булуңунда кырдаалды жок жерден курчутууда» деп айыптады. Ал Иран өзөктүк келишимди жактаарын кошумчалап, эл аралык инспекторлор Тегерандын документтин шарттарын аткарып жатканын бышыктаганын эске салды. ... Читать дальше...
Ирандын тышкы иштер министри эл аралык коомчулук өзөктүк келишими сактоо үчүн Ирандын экономикалык мамилелерин нормалдаштыруусу керек деп билдирди.
«Айыл банктын» мурдагы жетекчиси Мурат Акимов кармалып, бирок 15-майда Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады. Буга чейин маалымат каражаттары Акимов банктагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) тарабынан кармалганын жазышкан. «Азаттык» Акимовго козголгон кылмыш иши боюнча кененирээк маалымат алыш үчүн аталган мекемеге кайрылды. Финансы полициясынын... Читать дальше...
Украинанын жаңы президенти 20-майда ишке киришмей болду. Владимир Зеленскийдин инаугурациясын төрт күндөн кийин өткөрүү тууралуу чечимди бүгүн, 16-майда Жогорку Раданын 315 депутаты колдоду. Эки эл өкүлү гана каршы болду. Зеленский өзү ант берүү аземин 19-майда өткөрүүнү сунуш кылып жаткан. Бирок украин депутаттары бул сунушту четке кагышты. 41 жаштагы актер жана куудул Зеленский 21-апрелде өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда Украинаны соңку беш жылдан бери башкарып келген Петро Порошенкону жеңип чыккан. Читать дальше...
Ирактын Орусиядагы элчиси Хейдар Мансур Хади Багдад көз карандысыз мамлекет катары Вашингтон анын жерин Иранга каршы аскердик аракеттер үчүн пайдалануусуна жол бербейт деп билдирди.
Орусиянын Екатеринбург шаарында 20дан ашык киши уруксатсыз митингге катышканы үчүн бир нече күнгө түрмөгө камалды. Бул шаардын тургундары жергиликтүү бийликтин белгилүү сейил бактын аймагында чиркөө куруу планына каршы 14-майдан бери демонстрацияга чыгып жатышат. Екатеринбургдун райондук сотунун 16-майдагы чечимине ылайык, эки күн мурдагы нааразылык акциясында кармалган 21 киши экиден 10 күнгө чейин камалып чыкмак болду. Орусиядагы нааразылык акцияларына байкоо салган өз алдынча «ОВД-Инфо» тобунун маалыматы боюнча... Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев өзү тууралуу жазылган маалыматтарды төгүндөдү. Анын айтымында, бүгүн ал эч кандай суракка барган эмес. 16-майда айрым жергиликтүү массалык маалымат каражаттар эл өкүлү Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулганы боюнча сурак учурунда ден соолугу начарлап «Тез жардам» чакыртылганын маалымдашкан. Акыркы бир айдын ичинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин алты жыл мурда бошотулганы боюнча иш кайрадан жанданып, мурдагы аткаминерлердин айрымдары камалды. Читать дальше...
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, Байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин, «Альфа Телеком», «Кыргызтелеком» ишканаларынын жетекчилери менен «Альфа Телеком» жана «КТ Мобайл» компанияларынын ортосундагы кызматташтыктын талаштуу маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Анда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев эки мамлекеттик компаниянын кызматташтык идеясын колдой турганын белгилеп, алар өлкөнү санариптештирүү саясатын... Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү базада 10-майда чыккан өрт боюнча айрым фактыларды аныктады. Министрлик тараткан маалыматта мунай базасында өрт коопсуздук эрежелери толук сакталбаганы белгиленет. Заводдун аймагында төрт даана өрттүк гидранттын экөөсүнөн гана суу алуу иштери жүргүзүлдү. Насостор тиешелүү басымды толук камсыз кыла алган жок. Ишканадагы АЦ-30 53А үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү автоунаа иштебейт жана кароосуз калган. Өрт өчүрүү учурунда заводдо көбүртүүчү заттын запасы болгон эмес. Читать дальше...
Интернеттеги социалдык тармактарда тараган видеодогу токмоктолгон адамдын окуясы териштирилип жатат. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди. Видеодогу окуя боюнча материалдар чогултулуп, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 14-майда катталды. Видеодогу адамдардын өздүгү такталган, сабалды делген адам аскер же орган кызматынын ардагери эмес. Экөө тең облустун тургундары. Учурда бул багытта тергөө иштери жүрүп жатат. Анткен менен айрым... Читать дальше...
Венесуэланын өкмөтү менен оппозициясынын өкүлдөрү өлкөдөгү кризисти жөнгө салууну көздөгөн Норвегиядагы сүйлөшүүлөргө катышат. Алар Скандинавия өлкөсүнүн борборуна сапар алышканы, бул сүйлөшүүнү Норвегиядагы аты ачык айтылбаган топ уюштуруп жатканы 15-майда белгилүү болду. Бирок Осло шаарында өтө турган бул сүйлөшүүлөрдө жаатташкан тараптар бетме-бет жолугушаары же арачылар менен гана сүйлөшөөрү азырынча так белгисиз. Венесуэланын оппозиция көзөмөлдөгөн парламентинин атын атабаган өкүлү бул... Читать дальше...
Талас шаарында 4,5 миллион сомго алынган туялардын дээрлик баары куурап калды. Негизги үч көчөгө отургузулган көчөттөр үч айдан бери саргайган бойдон турат. Ар бири 2190 сомдон бааланган эки миң туя Жерүйдүн акчасына тендердин негизинде Польшадан сатып алынган.
АКШ Конгрессиндеги айрым демократтар менен республикачылар Түркияны Орусиядан С-400 ракетадан коргонуу комплексин сатып алуу планынан баш тартууга чакырышты. Өкүлдөр палатасынын Тышкы иштер комитетининин жетекчиси Элиот Энгел жана комитеттин мүчөсү Майкл Маккол 15-майда жарыяланган билдирүүдө түрк президенти Режеп Тайып Эрдоганды НАТОнун маанилүү мүчөсү болуп саналган Түркиянын «багытын буруп бара жатат» деп сындап, анын кесепети оор болоорун эскертишти. «Владимир Путинге жагынуу алгылыксыз. Читать дальше...
17-майда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Өрөөндөрдө жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 15…20; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31; Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25; Нарын облусунда түнкүсүн 6…11... Читать дальше...
Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча камакка алынды.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында 200дөй киши тынчтык акциясына чыкты. Алар Балыкчыдан чек арага чейинки, Ысык-Көлдүн тескейиндеги жолдорду оңдоо, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеевди каралоону токтотуу сыяктуу талаптарды айтып жатышат. Көчөгө чыккандар колуна «Бийлик, элди экиге бөлбө», «Элди толкутпа» жана «Мусакеевден колуңду тарт!» деген сыяктуу плакаттарды көтөрүп алышкан. 8-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Дамир Мусакеевге карата сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган. Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Иш сапарынын алкагында мамлекет башчы Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы дыйкан чарбасына, Түп райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, Түп айылында курулуп жаткан спорткомплексине барып, Түп районунун жашоочулары менен жолугушат. 17-майда мамлекет башчысы Балыкчы шаарындагы орто мектептерге барат. Ал шаардын тургундары менен жолугушуп, «Акылдуу шаар»... Читать дальше...