Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын (КСДП) экс-президент Алмазбек Атамбаевди лидер деп тааныган мүчөлөрүнүн Саясий кеңеши бүгүн 25-майда жыйынга чогулат. Кеңештин төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, жыйында Дамир Мусакеев боюнча маселе талкууланып, билдирүү кабыл алынат. 24-майда Бишкектин Свердлов райондук соту Атамбаевдин жансакчысы, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Дамир Мусакеевди беш жылга эркинен ажыратты. Ал Улуттук коопсуздук боюнча... Читать дальше...
Кыргызстанда мектептин мурдагы бүтүрүүчүлөрү арасында түрдүү кайрымдуулук акциялары, билим уясына материалдык жардам берүү иш-чаралары уланууда. Жалал-Абадда Ала-Бука айылынын Төрөгелди Балтагулов атындагы орто мектебин 10 жыл мурда аяктаган классташтар акча чогултуп, имараттын терезелерин жаңылап, жаңы тепкич курдуруп беришти. Жалпысынан 1 миллионго жакын каражат сарпталды. Республика боюнча 2262 мектепте 9-классты 95 миң, 11-классты 61 миң бүтүрүүчү аяктап жатат. (SA)
Бүгүн Кыргызстандын мектептеринде “Акыркы коңгуроо” кагылып, кезектеги окуу жылы жыйынтыкталууда. Республика боюнча 2262 мектепте 9-классты 95 миң, 11-классты 61 миң бүтүрүүчү аяктап жатат. Бүтүрүүчү класстардын окуучуларына «Акыркы коңгуроо» майрамына карата акча чогултуп, белек алууга, кымбат автоунааларга түшүп, үлпөт куруп, кафе-ресторандарда сайрандоого Билим берүү жана илим министрлиги тыюу салган. 4 миңден ашуун милиционер коомдук тартипти көзөмөлдөөдө. (RK)
Иран дүйнө лидерлерине кайрылып, “АКШ зомбулугун токтотпосо Жакынкы Чыгышта анархия орношу ыктымал” деп эскертти. Өлкөнүн тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф 24-майда Исламабадда пакистандык расмий делегация менен сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин ушундай билдирүү жасады. 2015-жылы АКШ, Франция, Британия, Германия, Кытай жана Орусия Иран боюнча келишим кабыл алышкан. Анда Иран өзөктүк объектилерине эл аралык инспекторлорду киргизсе ага карата экономикалык санкциялар токтотулары жазылган. Бирок... Читать дальше...
Францияда полиция көчөгө бомба салынган түйүнчөк таштап кеткен адамды издеп жатат. Окуя жума күнү кечинде Лион шаарында болгон. Бомба жарылып, 13 адам түрдүү жараат алды. Алардын арасында сегиз жаштагы кыз да бар. Өлкө президенти Эммануэл Макрон муну атайын уюштурулган кол салуу деп атады. Лион Франциянын ири шаарларынын бири. Учурда калаа аймагында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, кылмышкерди издөө иштери жүрүп жатат. (RK)
Дача СУдагы учак кырсыгы боюнча токтотулган кылмыш иши кайрадан жандандырылып, тергеле баштады.